МЕНИН СӨЗДӨРҮМ

Ыйман тууралу

«Ыйман келтиргендер жана жакшылыктарды жасагандар – бейиш тургундары, алар анда түбөлүк калышат»                                                                        [Кураан, 2-сүрөө, «Бакара», 82]

  • Аллах зыян кылганды кечирген, жамандык  каалаганга жакшылык каалаган  жана үзүлгөн тууганчылыкты улаган  мусулмандын  даражасын көтөрөт.
  • Аллахты сүйгөн Анын жараткандарын да сүйөт.
  • Аллахты тапкан эмнени жоготту? Аллахты жоготкон эмнени тапты?
  • Бейиштин ачкысы –таухид, жеңиштин ачкычы-сабыр, намаздын ачкычы- даарат, молчулуктун ачкычы- чынчылдык, берекенин ачкычы – шүгүр, жооптун ачкычы-дуба, билимдин ачкычы- кунт коюу жана туура суроо берүү.
  • Тилиңди Аллахты зикр кылуудан токтомоюнча, периштелер бейиште сенин сарайыңды куруудан токтобойт.
  • Кедейликтин сулуулугу –сабырдуулук, байлыктын сулуулугу – шүгүрчүлүк.
  • Исламдан жогору сыймык жок, такыбалыктан жогору жакшылык жок, тообадан жогору коргонуч жок, ийгиликтен кооз кийим жок.
  • Күмөндөн акыйкат жоголбойт.
  • Эгер сенин эсиң бекем болуп, эстегениң арман болсо-демек сен эң бактысыз адамсың.

Билим тууралу  

«Аллах силерден ыймандууларды жана билим берилгендерди ар кандай даражаларга көтөрөт»

                                                                                           [Кураан, 58-сүрөө, «Кайым айтышуу», 11]

  • Колуңдан келсе окумуштуу бол, келбесе –окуучу бол. Ал да келбесе –экөөн тең жакшы көр. Ал да болбосо-аларды жаман көрбө.
  • Аз билгендин баасы да аз.
  • Биринчи билим –унчукпоо, экинчиси –кунт, үчүнчүсү –жаттоо, төртүнчүсү- аткаруу жана бешинчиси-жайылтуу.
  • Билбегениңди сүйлөбө, билгениң тууралуу кепке калбайсың.
  • Адам билсе гана сулуу, бирок ал билгенин аткарбаса-эч качан билбейт.
  • Даанышман өзүнөн көптү билгенден үйрөнгөндөй эле, азды билгенден деле үйрөнө алат.
  • Билим –дарыя. Даанышмандык-деңиз. Окумуштуулар –деңиз жээгин жоортушат.  Даанышмандар  ал деңизге чүмкүп ойношот. Ал эми билгендер – куткаруучу кеме менен сүзүшөт.
  • Азды билип, билгени менен элди агарткысы келген, көптү билип, билимин кызгангандан артыгыраак.
  • Окумуштуу болуп төрөлбөйт жана билимди албай койуу-акмактык.
  • Акыл-белек, билим-эмгек сиңирүү.
  • Жакшылыктын ондон тогузу- унчукпоодо жана бирөө келесоолор менен талашпоодо.
  • Таланттар бойго жетип төрөлбөйт.
  • Душманыңдан үйрөнгүн.

Адеп тууралу

                                                                                               «… акыйкатта сен улуу адеп ээсисиң»

                                                                                                        [Кураан, 68-сүрөө, «Калем сап», 4]

  • Адептүүлүк –кедейликтин кооздугу, шүгүрчүлүк –сыноонун кооздугу, жупунулук –сүйүүнүн кооздугу, чечендик –сөздүн кооздугу, такыбалык- ибадаттын кооздугу, жөнөкөйлүк –илимдүүлүктүн кооздугу
  • Көрө албастык – көрө албастын жүрөгүн өрттөп күл кылат
  • Адилеттүүлүк –эзилгендин бейиши, эзгендин тозогу
  • Эң чоң кемчилик- бирөөнүн кемчилигине кызыгуу
  • Жокту издебе -барды жоготосуң
  • Чындыктын бир, калптын миң жүзү бар
  • Адепсиздин баркы жок
  • Сырыңды шамалга айткан болсоң, анын теректерге жеткенине таарынба
  • Адамдын асылдыгы- тилинин бекемдигинде
  • Бирөөнү тыйып, өзү тыйылбаганга наалат
  • Каталык уят эмес, катаны тан албоо уят
  • Колу ачыктын кемчилиги – ысырапкорлук, билимдин кемчилиги-текеберлик, ойдун кемчилиги- кумар
  • Өзүн күчтүү көрсөтүү текебердик эмес. Текебердик алсызга адилетсиздик кылуу
  • Ким эки жүзү менен жашаса- ал жүзү жок өлөт
  • Ким ачуусун баса алса гана – алдуу
  • Алтын намысты кордогон жалтырак темир
  • Тамашадан кач, ал күнөөгө түртүп, жек көрүндү кылат
  • Тамаша урматтан четтетчү келесоолук
  • Коркок этиятмын дейт. Сараң үнөмчүлмүн дейт
  • Эң сонун жакшылык-балээге кабылганга жардам берүү
  • Сенин имаратың башкалардан бийик болуусу үчүн: сен кошуна имараттардын баарын бузасың же алардан бийик кылып саласың

Тагдыр тууралу

«Ыймандуу эркек менен ыймандуу аялдын пайгамбар чечкенден башкага ыйтыяры жок»

                                                                                                         [Кураан, 33-сүрөө, «Көпчүлүк», 36]

  • Ар бир көз жаштан соң жылмайуу бар. Ар жылмайуудан соң көз жаш келет. Жашоодо да ушундай.
  • Шамал кемеге жакпаган жактан согот
  • Кабатырлык бейкапар тараптан келет
  • Башкаларга кантсең, сага ошентишет
  • Жамандыкты таштасаң, ал да сени таштайт
  • Адам ыраазылыгы –кол жеткис
  • Жакшылыкты жоготмоюнча баасын билбейсиң
  • Эң жакшы иш –жакшылыкты таратуу, эң жаман иш жамандыкты тоспоо. Ал жамандыктан да жаман
  • Кеме тарапка сүзгөндөр бар жана аны күтүп отура бергендер да бар

Кедейлик, байлык жана азга шүгүрчүлүк тууралу

«Эй, ыйман келтиргендер! Адилеттүүлүктө бекем тургула…кедей же бай болгонуна карабай –  Аллах экөөнө тең жакын»

                                                                                                     [Кураан, 4-сүрөө, «Аялдар», 135]

  • Эң кедейлер- байлыгынан башка эч нерсеси жоктор
  • Адамдын баасы-жеткенинде
  • Эң сонун байлык- каниеттүүлүк, ал эми жакшы байлык- пайда апкелген мүлк
  • Акча адамды татыктуу кыла албайт, бирок татыктуу адам акча кыла алат. Эгер кааласа
  • Адам эч качан жашоого, байлыкка жана берекеге тойбойт
  • Баарын  каалаган – баарын жоготот
  • Байлык жакшы кызматчы, жаман кожоюн
  • Үмүтсүздөн өткөн кедей жок
  • Жакшы байлык  адал менен, жаман байлык күнөө менен табылат
  • Сараң –мураскорлорунун кароолчусу

Эстүүлүк тууралу

«…кепке келип жакшыны ээрчигендер. Алар – Аллах жетелегендер жана алар акыл ээлери»

                                                                                                  [Кураан, 39-сүрөө, «Тайпалар», 18]

  • Кылым баасын аныктай алган гана акылдуу
  • Акылдуунун тили жүрөгүнүн артында болсо, келсоонун жүрөгү акылынын артында болот
  • Сени жерге ыргыткан атка караганда, көтөрүп жүргөн эшек жакшы
  • Билбесең – сура, адашсаң – кайт, өкүнсөң – жасаба
  • Ачуу – акыл отун өчүргөн шамал
  • Досуңа эч ким жокто насыйкат кылсаң –оңдогонуң, эл көзүнчө айтсаң – кордогонуң
  • Сураганга бергениң – сулуулугуң, бирок анын кажетин билип, суратпай бергениң андан да сулуулугуң
  • Мактасаң уялып, тилдесең унчукпагандар- адамдардын асылы
  • Акыл толгон сайын, сөз азая берет
  • Сөздүн төрөсү – кыскасы жана нускасы
  • Улуулук-унчукпоо
  • Адамдын сөзү- акылынын өзү
  • Акылсыз достон акылдуу душман абзел
  • Тарбия көбөйгөн сайын баасы жогорулай берет
  • Бир ташка эки жолу чалынуу уят
  • Өзүң менен сүйлөшкөнү акыл, өзгө менен сүйлөшкөнү жүрөк жетиштүү
  • Куралдуу акмакка ишенбе

Сонун сөздөр тууралу

«Жана Менин пенделериме жакшыны гана сүйлөөсүн айт; чындыгында шайтан араларына бүлгүн салат, чындыгында шайтан адамга – анык душман!»                                                                                                                                                                     [Кураан, 17-сүрөө, «Түнкү саякат», 53]

  • Жумшак сөз ачууну кайтарат».
  • Насыйкат кыска сөз менен жакшы. Анткени узун сөз унутулат».
  • Жакшылыкты онго бөлсө, анын тогузу унчукпоо, бирөө акмактардын чогулушунан кетип калуу
  • Адамдын жакшылыгы –сакталган тили менен аныкталат
  • Асыл сөздөр далилге муктаж эмес
  • Сөздүн ширеси – маанисинде
  • Жакшы сөз жүрөккө  тилди тилбей жакшы из калтырат
  • Акылдууга билгенин сүйлөй берүү жарашпайт. Бирок сүйлөп жатканын билүү зарыл
  • Эң жакшы белек- суранычтан мурда  берилгени

Достук тууралу

«Достор ал күнү бири-бирине душман, кудайдан корккондордон башкасы»                                                                                                           [Кураан, 43-сүрөө, «Кооздуктар», 67]

  • Кемтиксиз дос издеген – жалгыз өтөт
  • Ар бир гүл соолуйт, ар тамчы агып бүтөт. Достук калат
  • Досу жок, согушка куралсыз чыккан жоокердей
  • Дос үчүн курмандык кылуу кыйын эмес. Бирок курмандыкка ылайык дос табуу кыйын
  • Душмандын соккону денени гана жараласа, достун урганы жүрөктү канжалатат
  • Сага бирөөнүн сырын ачканга  ишенбе, ал сеникин да бирөөгө ачат
  • Сени бирөө сатса – анын катасы. Бирок, ал сени эки жолу сатса бул сенин катаң
  • Достордун эң начары сага керек учурда далысын салганы
  • Жек көргөн жүрөктөн сүйүү издеген – эшек

Үмүт тууралу 

«…Аллахтын сооротуусунда үмүтсүз болбоңуздар. Чындыгында Аллахтын сооротуусунда ыймансыздар гана үмүтсүз болушат»                                                                                                                                                                                                                    [Кураан, 12-сүрөө, «Юсуф», 87]

  • Үмүт болсо баары болот
  • Үмүтсүз адам –суусуз өсүмдүк сымал
  • Илимсиз умтулуу –нурсуз жарыктай
  • Үмүтсүз жашоо болбогондой эле жашоосуз үмүт болбойт
  • Келечек өтмүш менен билинет
  • Үмүтсүз жашоо караңгы, билимсиз үмүт сокур, аракетсиз пайда жок, Аллахка сүйүүсүз ар бир аракет жоготуу
  • Экөө терезени  карап турат: бирине жылдыздар, экинчисине ылай көрүнөт
  • Кулаган уят эмес, турбай коюу уят
  • Дарыялар тамчыдан башталат

Ийгилик тууралу 

                                                             «Ооба, Аллахтын партиясы -бактылуулар»                                                                                                    [Кураан, 58-сүрөө, «Кайым айтышуу», 22]

  • Максатка умтулуу гана жеткирет
  • Өзүнө ишенүү –ийгиликке чыйыр
  • Ийгилик колду чөнтөккө салып көтөрүлчү шаты эмес
  • Ийгиликтин мөмөсү – бакыт
  • Жол менен баскан – жетет
  • Максатка түз жол тез жеткирет
  • Жашоодогу таштарга чалына бербей, аларды чогултуп ийгилик пайдубалын куюу керек
  • Ийгилик –жакшылык менен келет
  • Оор жол – туура жол
  • Ийликке жетүү үчүн көктүктү – дос, тажрыйбаны –кеңешчи, этияттыкты – ага, үмүттү –кароолчу кылып алуу керек
  • Ийгилик кокусунан болбойт
  • Ийгиликке караганда аны каалоо кымбатка турат
  • Ийгиликтин сөздүгүндө: эгер, бирок деген сөздөр жок экен
  • Адамды ыраазы кылуу –ийгиликтен тайуу
  • Ийгилик –даярдык менен учурдун жолугуушусу
  • Ар бир  ийгиликке качандыр мүмкүн эмес деген мөөр басылган

Жылмаюу тууралу 

Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Бирадарыңа жылмайганың – садагаң» -деген.

[Тирмизий]

  • Жылмайбаган жүз –дараксыз бактай
  • Жылмайуу жүрөктүн эң күчтүүдарысы
  • Жүздөгү жылмайуу –жүрөккө кубаныч
  • Жылмайуу арзан, бирок мөмөсү кымбат
  • Жүрөккө эң жакын жолдун аты –жылмайуу
  • Жылмайуу – которууга муктаж болбогон жалгыз тил
  • Жылмайуусуз адам – жыпарсыз гүл
  • Көп күлгөн көп урматтан калат

Жан тууралу 

«…ар бир жан жана аны орноткон, жана ага бузукулук менен коркунучту салган менен!  Аны тазалаган киреше алды, аны булгаган –чыгашага кабылды»

                                                                                                              [Кураан, 91-сүрөө, «Күн», 7-10]

  • Эркиндигин убактылуу коопсуздукка алмашкан, эркиндигин да коопсуздугун да жоготот
  • Атагын соодага койгон дайым чыгашада
  • Сүйүүсүз жан күйгөн дарактай
  • Ар бир жандын баасы өнүгүүсү менен өлчөнөт
  • Бул жашоодо бактысыз жан Акыретте да бактысыз
  • Жаныңды аныкта. Ал ким менен?
  • Жандын баары бирдей. Анда эмнеге бири башкасына суктанат?

Ден-соолук тууралу 

«…жана раббысына: «Мага балээ келди,а сен  ырайымдуулардын Ырайымдуусусуң»-деп кайрылган Аййубту…»                                                        [Кураан, 21-сүрөө, «Пайгамбарлар», 83]

  • Дарылоого кеткен миң сомдон алдын алууга сарпталган бир сом артык
  • Адам жашоо, ден-соолук жана жыргалга тойбойт

Бакыт тууралу 

                                                                «Бакытка жеткендер – бейиште түбөлүккө калгандар…»                                                                                                                     [Кураан, 11-сүрөө, «Худ», 1087]

  • Бактылуу болом десең: жүрөгүңдү жек көрүүдөн, акылыңды кабатырлыктан тазала, көптү берип, азды күткөн жупуну жашоону танда жана аны сүйүү менен ырайымга толтур, башкаларга кам көр
  • Коомдун бактысы үй-бүлөөнүн бактысынан турат. Үй-бүлөөнүн бактысы анын ээсинин бактысынан көз каранды
  • Сараңдык менен бакыт чогуу отурбайт. Кантип таанышып калды дейм да
  • Бакыттын баасын эл билет
  • Жашоо гүлдөгөн бак же тикендүү талаа
  • Адамдар ортосунда махабат кооздуктун төрөсү

Мен билдим…

  • Кечээки  кеткенин, эртеңки али жоктугун жана азыркы гана канимет экенин мен эми билдим
  • Жасаганың менен эмес, жасай ала турганың менен бааланарың мен эми билдим
  • Сырыңды  билген досуң душманга айланган учур эң коркунучтуу экенин мен эми билдим
  • Кылганына күйгөнгө караганда, кыла элегине күйпөлөктөгөн оордугун мен эми билдим
  • Күтүлбөгөн арзыбас белек, күттүргөн баалу белектен артыгын мен эми билдим
  • Аракет кылбаган адашпасын жана адашпаган үйрөнбөсүн мен эми билдим
  • Жакшылык шүгүрдөн башталаарын мен эми билдим
  • Жеңилүү жеңишти үйрөтөөрүн мен эми билдим
  • Мугалимдер көп, устаздар аз болоорун мен эми билдим
  • Эң кооз сезим бүт дүнүйө каршы турса да туура кадам таштоодо экенин мен эми билдим
  • Адамдын эң күчтүү куралы анын сабыры жана убактысы экенин мен эми билдим
  • Каерде турганың эмес, каякка бараарың маанилүү экенин мен эми билдим
  • Ката жолдогу күлүк атка мингенден көрө, туура жолдогу кашаң эшекке миңген абзелдигин мен эми билдим
  • Насыйкатты көбү эле угаарын, бирок азы эле пайдаланаарын мен эми билдим
  • Адам асмандагы жылдызды самаганы туура, бирок буту жерделигин мен эми билдим

 

 

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *