May 07

4. ТЕЛЕВИДЕНИЕНИН НЕГИЗГИ ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

 

Акыркы учурда «Телевидение искусствобу же маалымат каражатыбы?»- деген талаштар жүрө баштады. Ким кандай баа бербесин, Телевидение журналисттер үчүн биринчи кезекте  массалык маалымат каражаты. Ошондуктан анын өзгөчөлүгү да комплекстүү изилденүүсү зарыл.

Айтмакчы, театр  искусствосу дүңгүрөй баштаганда жазуучулар. «Эми китеп окулбай калат», – деп кайгырышкан экен. Кинематограф  чыкканда «театрга эл келбейт»,- деп театралдар күйлүгүшүптүр. Ал эми Телевидение пайда болгондо  «кино жоголот»- дешкен экен. Бирок, тетирисинче Телевидение өнүккөн сайын миллиондогон  китептер окулуп, театрларга ого бетер билет табылбайт, ал эми кинолор дагы эле дүңгүрөгөнү дүңгүрөгөн. Анткени, Телевидение  коомду тейлөөгө багытталгандыктан, китепти, театрды, кинону сүрүп чыкмак тургай, аны өнүктүрүүгө өзү муктаж. Бул анын негизги өзгөчөлүгү.

Ошондой эле телевизиондук  өндүрүш басма сөздөн (прессадан)  айырмаланып,  продукцияны (телевизиондук көрсөтүүнү)  даярдоо, аны  эфирге чыгаруучу (көрсөтүүчү) компаниялардан  жана даяр продукцияны (толкундар, кабель, интернет ж.б. аркылуу) таратуучу бирикмелеринен турат.

Телевизиондук  продукцияны өндүрүүгө түздөн түз (уюштуруу, тасмага тартуу жана монтаждоо ж.б.) багытталган ишканаларды – өндүрүштүк  бирикмелер деп айтса болот. Мисалы, ал бирикмелер  чет элдик телеканалдарда «produktion» студиялары (орусияда  «ВиД», «Арена ТВ», «ВоенТВ» ж.б.) деп аталат. Алар  телевизиондук долбоорду өз каражаттарынын, гранттык чегеримдердин, спонсордук ж.б.  инвестициялардын эсебинен өндүрүшөт    жана көрсөтүүчү компанияларга (ОРТ, ВГТРК, НТВ,СТС ж.б.) ар кандай келишимдер менен сунуштайт. Өндүрүшкө кеткен чыгымдан ашканы студиянын кирешеси болуп эсептелет.

Ал эми көрсөтүүчү компаниялар сатып алынган продукцияны алдын ала жарыялап, экранга эл жыйган соң, анын ичине рекламаларды жайгаштырып киреше табат. Мисалы, «Поле чудес» шоусунун ичинде көрсөтүлгөн рекламанын баасы орточо 15 000 $ га чейин жетет. Бул акча долбоорду өндүргөн «produktion»  (АОЗТ «ВиД») компаниянын таза кирешеси. Бирок, ошол эле учурда, көрсөтүүчү компаниянын  да өзү чыгарган көрсөтүүлөрү болот. Мисалы, ВГТРК таңкы  жана жаңылыктар программаларын өз күчү менен өндүрөт.

Өндүрүлгөн телевизиондук  программа калкка атайын мекемелер аркылуу жайылат. Ал мекемелер программалардын өлкөнүн бардык аймактарына  жетип туруусун трансляторлор же спутник системасы менен камсыз кылат. Адатта, мындай мекемелер стратегиялык мааниге ээ болгондуктан, мамлекеттин менчигинде болот.

Кыргыз телевизиондук практикасында үстүртөн караганда үч тармак бөлүнгөндөй көрүнгөнү менен реалдуу шартта «produktion»  студиялары өз алдынча иштеп кете алчу рекламалык базар начар. Ошондуктан көбүнесе «produktion» студиялардын аты гана болбосо чыгарган продукциясы жокко эсе. Дээрлик бүт көрсөтүүлөр мамлекеттик жана башка каналдардын өз күчү менен гана чыгып келет. Бирок, даяр продукцияны таратуучу республикадагы жалгыз мекеменин («Кыргызтелеком», РПО МТР) контролдук пакети мамлекетке караштуу.

May 07

3. ТЕЛЕВИДЕНИЕНИН СОЦИАЛДЫК ФУНКЦИЯЛАРЫ

 

Телевидениенин массалык-маалымат каражаттарынын башка түрлөрүнөн айырмалап турган,  жогоруда каралган  өзүнө гана таандык болгон – жеткиликтүүлүгү, экрандуулугу жана симультанттулугу ж.б. касиеттеринен улам анын социалдык  – маалыматтык, маданий-агартуучулук, интегративдүүлүк,  уюштуруучулук жана рекреативдик ж.б. негизги  функциялары пайда болот. Бирок, бул функциялар кандайдыр идеологиялык жүктү аркалайт жана ал идеологияга  негизделген жашоо образын тейлейт.

Маалыматтык функциясы. Адамдар дайым маалыматка муктаж болгондуктан массалык-маалымат каражаттары ал  муктаждыкты  канааттандыруу үчүн кызмат кылат. Бул кызмат негизинен  коомдук жашоонун экономикалык, саясий жана социалдык сфераларындагы маалыматтарды тейлөөгө багытталат.

Телевидение  журналистиканын башка  тармактарына  караганда маалыматты толугураак, тезирээк, ынанымдуурак жана тыгызыраак эмоцияда жеткире алганына карабай, коммунистик режимде башка маалымат каражаттарындай эле мамлекет тарабынан регламенттелген жана цензуранын көзөмөлүндөгү маалыматты гана бере алган. Ал эми капиталисттик системадагы телевиденин маалыматтык функциясы негизинен экономикалык жана аны тейлеген саясий маалыматтарды гана алдыга чыгарып, аларды гана тейлейт.  Ошондон улам, телевизиондук мекеменин эфирдик чарчысынын негизин көбүнесе маалымат кызматтары түзүп, калган көрсөтүүлөр убакытты толтуруучу компоненттерге айланып калат.

Маданий агартуучулук функциясы. Телевизиондук программадагы  көркөм, даректүү, илимий-популярдуу, мультипликациялык фильмдер, спектакльдер, маданий мекемелер жана концерттер кандайдыр бир деңгээлде адамды маданиятка жетелейт. Маданият  идеологиянын туундусу катары   коомго мамлекет   тарабынан таңууланат.

Коммунистик режим журналистиканы, анын ичинде телевидениенин да агартуучулук функциясын – калктын калың катмарын илимий атеизмге негизделген философиялык дүйнө таанымга, социалисттик өндүрүш системасына жана анын идеологиялык негизин  жайылтууга багыттаган эле.

Ал эми кайра куруу менен башталган рынок экономикасындагы телевидение  -агартуучулук функциясын капиталисттик катнаштарды, укуктук мамилелерди жана эркиндик алкактарын үйрөтүүгө багытталды. Эки формациянын  алмашуусундагы  баалуулуктардын кескин өзгөрүүсү телевидениенин агартуучулук функциясын шарттап турган  чыгармалардын сапатына  таасирин тийгизбей койгон жок. Натыйжада экрандагы продукция толугу менен экономикалык катнаштарды түшүндүргөн жана ага үгүттөгөн долбоорлордон турду.

Интегративдүүлүк функциясы. Интеграция (лат. integrum – бүтүн,  integratio -толуктоо), бүгүнкү мааниси – дүйнө, өлкө жана регион аймагындагы саясий, экономикалык, мамлекеттик жана коомдук структуралардын биригүүсү, уюшуусу.

Ар кайсы массалык маалымат каражаты  коомдук жашоону кандайдыр бир нукка бурууга,  тартиптөөгө аракеттенет. Телевизорун  токко сайган  телекөрүүчү экранындагы окуяга тиешелүүлүгүн сезет жана андагы  багыттамага алдын ала даяр.  Ушундан улам Телевидение идеологиялык каражат катары  коомдук баалуулуктарды түзүп, аны бекемдөө, б.а. коомду башкаруу проблемалары пайда болот. Бир караганда коомдук жашоону экономика – рыноктук мамилелер тартиптегендей болгону менен, анын таңуулаган тартиби  али улуттук менталитетти өзүнө толук каратканы алы жетпегендей. Натыйжада коомдук мамилелерде экиленүү стереотиптери  – улуттук өзгөчөлүктөрдүн (меймандостук, колу ачыктык, кечиридүүлүк, тууганчылык ж.б.)  жаңы шарт менен конфликттери пайда боло баштады.

Анын үстүнө  көп улуттуу региондордо капиталисттик системага мүнөздүү болгон экономикалык адилетсиздиктен улам  улут аралык конфликттерге шарт түзүлө баштады. Ички жана тышкы миграциянын  күн сайын күч алганынан, калктын ишке жарамдуу бөлүгү жер-жерлерден конуш которуп жатты.  Ушул сымал проблемалардан  эл чарбасы  ого бетер оорлошо берди. Ушундай жагдайда  Телевидениенин интегратидүүлүгү калты мамлекеттик бүтүндүккө, улуттук жана демографиялык коопсуздукка багытталуусу зарыл жана Телевидениенин бул функциясын туура иштетүү менен гана коомдук коопсуздукту кармап турууга болот.

Уюштуруучулук функциясы. Телевидениенин  бул функциясы  ар кандай масштабдагы мекемелерде (телемарафондор, кайрымдуулук акцияларында) байкалат. Т.а. телевидени жогорудагы  мекемелерди жана аземдерди уюштуруп гана калбастан ал мекемелерден алынчу пайдаларды да багыттоочу болуп эсептелет.

Рекреативдүүлүк функциясы. Рекреа́ция (лат. recreatio — кайра тургузуу) — ден-соолугу чың, бирок  чарчаган адамдын жумушка жөндөмдүүлүгүн кайра калыбына келтирүүгө багытталган эс алдыруучу иш чаралардын комплекси. СССР убагында рекреация деп жумушчулардын ден-соолугун калыбына келтирчү атайын курорттук-санаториялык мекемелерди аташчу. Адамдын  кубатын  калыптандыруу, чыңалуусун азайтууга багытталган долбоорлор алгач журналистикага анчейин деле тиешеси жоктой көрүнчү, бирок, бул функция акыркы учурларда телевидениенин доминанттарына айланып баратат. Болгондо да телевизиондук сериалдар, концерттик, спорттук  жана ар кандай аземдер, акыркы мезгилде пайда боло баштаган релити-шоу, ж.б. долбоорлор адамдардын эс алуусуна багытталып, андан алынган киреше  башка функцияларын алынчу каражатка караганда анчейин чоң көлөмдү түзөт.

May 07

2.ТЕЛЕВИДЕНИЕНИН ТАРЫХЫ ЖАНА ӨНҮГҮҮ ТЕНДЕНЦИЯЛАРЫ

Телевидениенин иштөөсү кадрдын элементтерин чачып, удаалаш жеткирүү принцибине негизделген жана ал көп жылдарда калыптанган. Төмөндө Телевидениенин калыптануусунун кээ бир  этаптарына көз чаптырып көрөлү:

  • 1873- жылы Уилл Смит селендеги фотоэффектти ачкан.
  • 1880 – жылы  П.И. Бахметьев– тартымды аралыкка алдын ала элементтерге бөлүп, жеткен соң кайра чогултуу – Телевидениенин чыйырын салган  схеманы сунуш кылды.
  • Андан  көп өтпөй эле Паул Нипков  1884-жылы сканирлөөчү дискти ойлоп тапты (бул табылга 1930-жылдарга чейин механикалык Телевидениеде  колдонулуп келген).
  • 1888-1889- жылдары  профессор А.Г. Столетов жарык энергиясын электр энергиясына айлантуунун принципиалдуу мүмкүнчүлүктөрүн ачты.
  • 1907- жылы Б.Л. Розинг азырга чейин телевизорлордо иштеп жаткан –В.Крукс жана Ф.Браун ойлоп тапкан катод-электрондук нур трубкасын электр сигналдарынын тартымдын чагылуусу үчүн колдонуу принцибин патенттеди.
  • Б.Л. Розинг  электрондук Телевидениенин негиздөөчүсү болуп эсептелгени менен, иш жүзүндө кыймылдап жаткан объектини аралыкка жеткирүүнү биринчи жолу  1928-жылдын  26-июлунда  советтик окумуштуулар Ташкенттеги лабараторияда ишке ашырышкан.  Ошого катарлаш эле  АКШда да орус эмигранттары В.Зворыкин менен Д.Сарновтор электрондук Телевидениенин үстүндө  зор иштерди жүргүзүшкөн.
  • 1925- жылы Дж.Бэрд (Великобританияда), Ч. Дженкинс (АКШда),  Л.С.Термен (СССРде) П. Нипковдун дискине негизделген  системаны сунушташкан.
  • Дүйнөдөгү биринчи түстүү Телевидениенин негизин А. Полуэктовдун, А. Адамяндын, Ф. Фарнсуорттун, К. Свинтондун, Л. Бэрддин эмгектери түздү.
  • Дүйнөдөгү биринчи телевизиондук сеанс 1928-жылы Германияда өтүп, биринчи көрсөтүүлөр 1935-жылы чыга башталды.
  • 1936-жылдан 1939-жылга чейин  BBCинин регулярдуу көрсөтүүлөрү чыгып турган. АКШнын Телевидение тарыхы 1939-жылдан башталат.
  • 1931-жылдын 30-апрелинде  Москвада биринчи тажрыйбалык  Телевидение чыккан, ал эми ошол эле жылдын  1-октябрынан баштап орто толкундагы үндүү көрсөтүүлөр регулярдуу көрсөтүлүп турган. Ал кездеги телевизорлорду радио ышкыбоздор өз  колу менен менен жасашчу.
  • Экранынын диагоналы 18 см. болгон телевизорлордун массалык чыгарылуусу  1950-жылдан башталган (“КВН-49”, Кенигсон, Варшавский, Николаевский аттуу конструкторлордун фамилияларынын баш тамгалары).
  • 1950-жылы дүйнөнүн үч эле  мамлекетинин  – СССР, АКШ, Англиянын Телевидениеси бар эле. 1960-жылга Телевидение Европанын  20 мамлекетинде иштей баштады.  80-жылдардын башында  ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча Телевидение дүйнөнүн  137 өлкөсүндө пайда болду.
  • Өткөн кылымдын 50-жылдарында  СССРде  телевизиондук кабелдик линиялар, ал эми 60-жылдары сигналды эфир аркылуу таратуу үчүн  радиорелейлик тармактар  түзүлө баштады. Ага катарлаш  спутник технологиялары да иштелип жаткан.
  • Ошол эле жылдары АКШнын “Ампекс” фирмасы үндү жана тартымды ферромагнит тасмасына жазуу аппаратурасын жана технологиясын (азыркы ВМЗ) сунуш кылган.

 

КЫРГЫЗ ТЕЛЕВИДЕНИЕСИНИН ТЕХНИКАЛЫК-АППАРАТТЫК КАЛЫПТАНУУ ЭТАПТАРЫ 

  • 1957-жылдын ноябрь айында Фрунзе шаарына Алма-Ата телестудиясынын программаларын алып көрсөтүүчү телевизиондук ретранслятор коюлган. Ал ошол мезгилдеги Кыргызстанда орнотулган биринчи жана бир гана ретранслятор болучу.
  • 1958-жылы декабрь айында Фрунзедеги телеборбордун курулушу толук аяктаган. Анын аякташы менен сыноо иретиндеги кыска кабар 5-декабрда эфирге чыгарылган. Ал он минутага да жеткен эмес.
  • 1959-жылы январь айында телевизиондук аппаратуралардын настройкалары ар тараптан сыноолору толук аяктап, Фрунзе Телевидениесинин туруктуу көрсөтүүлөрү, башкача айтканда, өздөрү даярдап жасаганы көрсөтүүлөрү эфирге чыгарылган. Ошол эле учурда Москвадан Борбордук Телевидениенин программасы кабелдик жана радиорелейдик ствол аркылуу Фрунзе телеборборуна берилип турган.
  • 1960-жылы 28-октябрда Кыргыз ССР Министрлер Советинин 570-токтомунун негизинде Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы радио уктуруу жана теле көрсөтүү комитетинин сунушу эске алынып, мурда чарбалык бирдик катары эсептелип келген Фрунзе телестудиясынын ишмердүүлүгү Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы радиоуктуруу жана теле көрсөтүү комитетине бириктирилген.
  • 1964-жылы Фрунзе студиясынын теле программаларынын суткалык жалпы көлөмү алты саатты түзгөн. Анын эки саат он сегиз минутасын студиянын коллективи даярдашкан.
  • 1964-1970-жылдар аралыгында ПТС-3, ПТС-ЗУ телевизиондук көчмө станциялары пайдаланууга берилген.
  • 1967-жылы Фрунзедеги “Орбита” космостук байланыш станциясы аркылуу Борбордук телестудиянын экинчи программасы бүткүл республикага таркатылган.
  • 1969-жылы Республикалык радиотеле борбору (РРТЦ) техникалык жактан студияны жабдуу мүмкүнчүлүгү бар өз алдынча уюм катары катталган.
  • 1971-жылы Новгороддун “Волна” өндүрүштүк бирикмесинин инженер-техникалык адистеринин катышуусу менен жергиликтүү инженер-адистер Э. Жантелиев, К. Соловьев “КАДР-Г видеомагнитофонунан экөөнү монтаждап, пайдаланууга киргизген.
  • 1973-жылы 20-ноябрда “Большая Москва” жаңы студиялык жабдуусу иштеген.
  • 1974-жылы Фрунзедеги “Орбита” космостук байланыш системасы аркылуу түстүү Телевидениенин программасы Борбордук студиядан алынып көрсөтүлө баштайт.
  • 1975-жылы Фрунзеде түстүү Телевидениенин аппараттык-студия комплексинин курулушу башталган.
  • 1975-жылдын май айында “КАДР-3” видеомагнитофонунун эки комплекси ишке киргизилген.
  • 1976-жылы республиканын бардык областтарынын борбору телепрограммаларды үч каналда кабылдоо мүмкүнчүлүгүн алышты. Анын бир каналы түстүү программаны тарткан.
  • 1976-жылы май айында түстүү телевизиондук “ЛОТОС” көчмө станциясы ишке киргизилип, АСКда автономиялуу же өз алдынча иштей ала турган телекинопроекциялык АТКП-ЦТ жаңы аппаратурасы коюлган.
  • 1978-жылы октябрь айында түстүү видеомагнитофону бар эки камералуу ПТВС-2ЦТ көчмө телевизиондук станция иштей баштайт.
  • 1980-жылы ноябрда Фрунзе студиясы “Экран” системасындагы телепрограммага коштурулуп, аны камсыздай турган биринчи телеретранслятор ишке киришкен.
  • 1980-жылы август айында телестудияга “МАГНОЛИЯ-80” түстүү ПТСи келип, ал адегенде стационардык режимде ишке киргизилди.
  • 1982-жылы Кыргыз Телевидениесүнүн тарыхында биринчи жолу “ПЕРСПЕКтива” АСБ-5ЦТ аппараттык түстүү студия телеборборго орноштурулуп иштей баштаган.
  • 1985-жылы “КАДР-3 ПМ” видеомагнитофону, электрондук монтаждоо пульту ПТВС-2ЦТ “ЭТЮД” видеозапись цехине орнотулуп, аны менен иштөө мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
  • 1987-жылы телерадионун көчмө станцияларынын үлгүсү болуп саналган үч “МАГНОЛИЯ-83А” ПТСи пайдаланууга берилип, алар Кыргыз ТВсынын көчмө техникасынын негизи болуп көп жыл иштетти.
  • 1995-жылы Кыргыз эл жазуучусу, көрүнүктүү коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун кийлигишүүсү менен СССРдин Мамлекеттик пландоо комитетинен бөлүнгөн каражатка жапондук эки «Betakam»  видеокамерасы сатып алынган.
  • 1995-жылы республикалык радиотелеборбордо ТЖК цехи ачылып, «Betakam», «Betakam SP» видеокамералары менен тартылган телесюжеттер кыргыз телепрограммасынын 70 процентин камсыздоого жетишкен.
  • 1996-жылы декабрь айында Бишкектеги аппараттык-студия комплекси ишке киргизилип, жаңы студияда телепрограмманы үзгүлтүксүз көрсөтүү башталган.
  • 1998-жылы 1-январда Кыргыз Телевидениесүнүн суткалык программасынын көлөмү он жети саатка жеткен.

Өткөн кылымдын аягында телевизиондук технология алда канча алдыга кетти, өндүрүш дээрлик санариптик, оптик-волокондук системага кадам шилтеп, көп каналдуу таратуулар иштеле баштады.

 

    

 

May 07

1.ТЕЛЕВИДЕНИЕ ЖАНА АНЫН ТАБИГАТЫ

Телевидение  ( грек. τήλε – алыс, ыраак, лат. video – көрөм, жаңы лат. television- алысты көрүү) – кыймылдагы объекттин чагылуусун аралыкка жеткирүү жана аны кабыл алуу үчүн түзүлгөн байланыш системасы. Телевидение – бир эле учурда маалыматты жаратуучу, аны жеткирүүчү жана аны кайра кабылдоочу, башка маалымат ресурстарынын колу жетпеген катмарларды камтый алган бирден-бир кубаттуу каражат.

Чындыгында, акыркы технологияларды көрбөй туруп, бул индустриянын башатында тургандар телевидениенин келечектеги  зор мүмкүнчүлүктөрүнө – миллиондогон адамдарды өзүнө үңүлтүп, кааласа ыйлатып, кааласа кубанта алган сыйкыр күчүнө суктанышкан. Спорт   чемпионаттарында бир эле убакытта миллиондогон адамдар «ура-а-а-алап» кыйкырса, бир аздан соң «түй ата» деп тизелерин чабат. Заманбап сериалдарды көрүп отургандар бир эле убакытта шолоктоп ыйлашса, бир аздан соң каткырышат. Же өлкөнүн кайсыдыр жетишкендигине кубанышса, кайсыдыр саясатчынын аңдабай сүйлөгөнүнө баары тегиз кыжырданышат. Телевидениенин мына ушундай  сыйкыры –  кубаты анын табиятына таандык  касиеттеринде.

Телевидениенин негизги касиети анын бардык жерде боло алганы. Ал  тиричилик-турмуштун  бардык сфераларына (саясат, экономика, спорт, маданият, экология ж.б.) кийлигишет, аларды тейлейт. Азыркы телевизиондук өндүрүш технологиялары жана жабдыктары  айлана-чөйрөнүн бардык тармагынан (деңиз, океандардын тереңинен баштап асман тиреген тоо чокуларына чейин, андан ары космос, галлактикаларга чейин) маалымат чогултуп,  адамдын кыялы жеткен жана жетпеген чөйрөлөргө жеткире алат жана телевидениенин бул касиети аудиториянын мүнөзүн жана массалыгын аныктайт.

Телевидениенин  дагы бир касиети анын  жеткиликтүүгү. Электромагниттик толкундар телевизиондук  сигналды бүт мейкиндикке жеткире алгандыктан, маалыматты  алуу жеңил, оңой жана баасы дээрлик бекер. Азыр телевизорсуз жашоо чөйрөсү жок жана  ал ар бир үй-бүлөнүн мүчөсү болуп калды. Ошондуктан  массалык-маалымат каражаттарынын эң ийкемдүү, эң эпчили жана эң байы да – телевидение.

Телевидение экрандуу. Ал  башка маалымат каражаттарынан айырмаланып, маалыматты кенен аудиторияга үн жана кадрдын  коштоосунда сезимдик деңгээлде   жеткирет жана ал белги системасын, экран тилин аныктайт.

Телевидение ошондой эле  симультанттуу.   Ал  окуяны  болуп жаткан жеринен жана учурунда көрсөтө алат жана көрүүчүлөрдү болуп жаткан окуяга  түздөн-түз катыштырат. Бул телевизиондук журналистика теориясында түздөн-түз катышуу фактору деп аталат. Т.а. биринчиден – телекөрүүчү экрандан берилип жаткан маалыматты  азыр болуп жатканындай кабылдайт, экинчиден –  ал берилип жаткан маалыматка  өзүнө  гана багытталгандай психо-эмоционалдуу абалда карайт, үчүнчүдөн –  ал маалыматка телекөрүүчү  өзүн  түздөн түз тиешелүүдөй сезет. Ошентип, телевидениенин симультанттуулугу  маалыматтын оперативдүүлүгүн аныктайт.

Балким ушундан улам телевизиондук  журналистиканын кайсыдыр теоретигинин –  «Кудай кайсы бир элди жок кылгысы келсе ага телевидениени берет» – дегенинин жөнү бар. Телевидение коомдук жашоону тейлеп гана тим болбой, аны ээлеп да алды. Анын табигаты не бир цивилизацияларды билдирбей уратып, жаңыларын курууда, салттуу  маданияттарды уратып, жаңыларын таңуулоодо. Бул зор кубат жана аны адамдар башкарат, болгондо да алар жөнөкөй адамдар эмес.

Көбүнчө телевидениеге бир кирген адам анда биротоло калат жана ал жерде  калганына өкүнбөсө керек. Анткени, коомдон обочолонгон бул коом өзгөчө мамилелердин, карым катнаштардын  кызык конгломераттагы мекен. «Адам мекенин тандабайт», бирок  тележурналист бул мекенди тандайт, болгондо да анын нары оор, жооптуу жана сыймыктуу болмушка өз ыктыяры жана ыраазылыгы менен кирип,  анда бир өмүргө жашайт.

Телевидениенин табигатын изилдегендер, өзгөчө советтик идеологиянын пропагандистик  машина бул зор кубаттын залкар теоретиктерин жараткан. В.Саппак, В.Борецкий, М.Юрский,  ж.б. телевидениенин башатында турганына, али көп сырлар жана мамилелер ачыла электигине  карабай, аны табигатынан келип чыккан мүмкүнчүлүктөрүн  толук түшүндүргөнү аракеттишкен.  Бирок, ар доор өз телевидениесин жана анын изилдөөчүлөрүнүн жаңы муунун жаратат. Соңку  изилдөөчүлөр В.Цвик, М.П.Сенкевич, В.Егоров, ж.б. телевидениенин кайра куруу жана массалык маалымат каражаттарынын эркиндешүү доорундагы, анын капитал системасында, рынок катнаштарындагы ордун жана ролун, маалыматтык жана агартуучулук   табигатын ачууга аракеттенишкен.

Ошол эле катарда кыргыз телевизиондук журналистикасы да жаңы доор, андан келип чыккан мамилелерге ыкташууга далаалаттанып келет. Кайра куруунун башаты менен кыргыз телевидениесинде да жаңы долбоорлор, жаңы жүздөр пайда болду. Техникалык база бир канча ирет жаңыланды. Техникалык каражаттардан аксаганы менен телевизиондук мейкиндикте мамлекеттик каналга атаандаша алган бир катар теле мекемелер пайда болду. Советтик шаблондон калган телевизиондук образ практикада  барган сайын заманбап имиджге өтө баштады. Алып баруучулардын, репортерлордун жана журналисттердин кызматтык стандарты телекөрүүчүлөрдүн барган сайын эркелеп бараткан талабына  жооп бере баштады. Бирок,  телевизиондук адистерди даярдоодо, илим изилдөө чөйрөсүндө  кыргыз телевизиондук журналистикасын фундаменталдуу изилдеген  эмгектер (кээ бир мемуарларды эске албаганда) жокко эсе.

Б.Ельцин атындагы Кыргыз- славян университинин базасында чыгарылган «Телевизиондук журналистиканын негиздери» аттуу эмгекте телевиденинин маалымат кызматын изилденгенине карабай,  автор (А.Князев)  кыргыз телевизиондук практикасынан алыс болгондугуна, дээрлик көп өндүрүштүк маселелер теоретикалык гана мунарадан каралып, көбүнчө  орус телевизиондук практикасынан көчүрүлгөнүнө карабай азырынча  колодонулууга ылайык колдонмо десе болот.

Аны улап,  жыйырма жылдан ашуун телевизиондук жеке практиканын негизинде,  окурманга түшүнүктүү түзүлгөн «Телевизиондук журналистиканын алиппеси»  аттуу эмгекте автор (М.Арстанбек) телевизиондук мамилелердин системалашкан жана теориялык базага негизделген ушул колдонмону иштеп чыкты. Автор   нары кызык, нары жооптуу  түйшүктүн ажайып дүйнөсүнүн  дарбазасын ачууда  келечектеги журналистердин  чыгармачылык карьерасына жардамы тиерине ишенет.

Кыргыз телевизиондук системасы –  чыгармачылык жана өндүрүштүк феномендерге толгон, али толук изилденип бүтө элек жана  бул  эмгек деле кыргыз телевизиондук мейкиндигиндеги маалыматтык өндүрүштүн көп тармактарын толук ачып берүүдөн  али  алыс. Демек,  кетирилген каталар үчүн автор алдын ала кечирим сурап, толуктоолор, идеялар үчүн дайым кучагын жаят.