МЫКТЫБЕК АРСТАНБЕК

 

1965 жылы 7 – сентябрда  Фрунзе шаарында катардагы студенттин квартирасында төрөлгөн.

БИЛИМИ

1980 –жылы Сузак районуна караштуу  №4 «Интернационал» орто мектебин артыкчылык күбөлүгү менен бүтүргөн.

Шоктугунан мугалимдерден көп таяк жечү. Бирок жакшы окучу. Балалыгы  пахта талааларын кезип чоңойду. Кетменден колдору жыл боюу жоор жүрчү.  Классташтарынын дээрлик баары айылда. Көбү албетте Россияга, Кореяга чыгып кетишкен.

1995 – жылы Фрунзедеги  автожол техникумун бүтүргөн.

Эки жолу айдалган. Сабакка уктап калып, анан врачтан справка таппай эле задолжник болуп калчу. Акыры атасынын өтүнүчү менен аяктаган. Курсташтарынын көпчүлүгү орустар болгондуктан союз ыдырагандан кийин четке чыгып кетишкен. Кечээ жакында бирөөсүн «Одноклассниктен» таап алды.

1992 – жылы Фрунзедеги  политехникалык институттун  инженер-курулуш факультетин аяктаган.

Бул окуу жайга өз күчү менен өткөн.  Атасы окууга тапшырганы акча берген эмес. Биринчи курстан эле катуу киришип, көп сабактарды бир курс алдына экстерн менен тапшырып салчу. Мугалимдер менен көп талашчу. Активдүү бирок неформал лидерлер деп эсептелчү. Ал кездеги студенттер кылгандын баарын кылган. Курсташтары Б.Борбиев, Г.Тойгонбаева, М.Атаналиев, М.Омуракунов (маркум), А.Жапаров, ал азыр өзүн мугалимимин деп жүрөт.

2009 –жылы КРнын тышкы иштер министрлигини алдындагы дипломатиялык академиясын  «политология» бөлүмүн аяктаган.

Бул окуу жайга диплому үчүн кирген. Бирок, кийинчерээк окууга өзү тартылып кетти. Магистрлик дипломунун темасы: «Кыргызстандагы мусулмандашуунун таасирлери»,  өзү жазган.  Жетекчиси  М.Иманалиев. Курсташтары –жаштар министри А.Алымбеков, муфтий Р.Эгембердиев, Экс мэр Н.Тулеев жана крим баатыр Алмамбет

2010-жылдан баштап Кыргыз улуттук университетинин «политология» кафедрасынын аспиранты.

Диссертациясынын   темасы: «Ислам жана анын кыргызстандагы саясий стабилдүүлүккө тийгизген таасири». Жетекчиси  илимдин эки жолку доктору А.Д.Дононбаев.  Илимий  чөйрөдөгү каршылыктар эбак эле башталган.

ИШТЕГЕН ЖЕРЛЕРИ

1985-87- жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Москва шаарында СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн  генералдык штабынын академиясында кызмат өтөгөн. Алгачкы он беш күн дедтерден таяк жебей уктаса кубанчу.  Плацты шыпырган, идиш жана полду да жууган. Самоволкага көп чыкчу жана губага да түшчү.  Саясий суроолор менен замполиттерди бурчка такай бергендиктен дембельге эң артында кеткен.

1992-жылдан  2009-жылга чейин Кыргыз Улуттук телерадио корпорациясында иштеген.

Чыгармачылык карьерасы штаттан тышкары кызматкерден продюсерге чейин жеткен. Алгач үч жыл внештатник деген укуксуз негрдей иштеген. Калем акысын редакторлору алып, ичип койчу. Алгач ага Оштук болгону үчүн, анан тилинин деффекти, анан өткүрлүгү, анан иштермандыгы анан, анан,… үчүн көп тоскоолдуктар боло берди. Түз эфирге чакырган коноктору келбей койчу, балким коркушчу же косягы барбы иши кылып кадимкидей качышчу. Келгендери үркүп араң отурушчу. 

2009-12-жылдары «ЭлТР» коомдук телерадио компаниясынын баяндамачысы.

УТРКдан кеткенден кийин Н.Шакиев ишке алган. Дароо эфирге чыккан. Революциядан (же төңкөрүшпү?) соң жаңы бийлик чочулап ар балээни шылтоолоп эфирден четтеткен. Бул тууралу сүйлөшкүсү келбейт, анткени айердин чоңу өзүнүн жакшы көргөн үкасы. Айтмакч, «балтанын сабы өзү чапкан дарактан болот»- дегени ушу окшойт деп жүрөт.  Акыры «мертвый душа» деген атак менен аерден да кетти.

КЫЙРАТКАН ИШТЕРИ

 «Марва ТВ» теле конторасын негиздеген.

Ага кадрларды даярдап, эфирге диний маалыматтын чыгуусуна салым кошуп келет. Бирок  баягы эле көрө албастык молдолордо да болот окшойт, иш эми жылганда эле каны келип  контрактын буза беришет.

 Телевизиондук карьерасында 30дан ашуун белгилүү долбоорлорду алып чыккан

Ар бир долбоор азап.  Бир да жолу долбоор үчүн декорация жасаткан эмес.  Ар дайым чалдыбардан курап чыга берчү. Ошондой эле  он жылдан ашуун телеге катарлаш радиодо да жумасына толук кандуу долбоорлорду  чыгарып турчу.

Телевизиондук алып баруучулардын «Академия» мектебин негиздеп, 150 жакын адис даярдаган

Албетте алардын көбү ар жакта. Бирок 30га жакыны азыркы телевизиондук мейкиндикте бир нерсе кылып жүрүшөт. Алдына чыккандары да бар. Кээ бирлери маңкасы куюлуп келгенин унутуп, образга кирип алып, мен ушундай төрөлгөмүн дегендери да бар.

АЗЫР

Улуттук 1-каналдын байкоочу кеңешинин катчысы

Кеңеш күчтүү, кээ бир… да бар. Иштесе болот. Айлык төлөлсө жакшы болмок.

М.Кашкар-Баласагын атындагы Чыгыш университетинин журналистика кафедрасынын  доценти

Бирден бир кызыкчылыгы келечекте күчтүү журналисттерди даярдоо. Оооо кандай оооор!!!

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университеинин теология кафедрасынын ага окутуучусу

Бул деле

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын алдындагы халал комитетинин төрагасы

Иши кызык, нары жооптуу, нары түйшүктүү. Каршылыктар көп. Өзгөчө диний ааалымммын дегендердин сөздөрү кажыйт. Бирок кербен жүрө берет деп иштеп жатат. Кудай колдосо бир эки жылда дүкөндөргө адал тамагы чыгып калаарын кялданат.

Евразия халал стандартташтыруу жана сертификациялоо союзунун Кыргызстандагы өкүлү

Күчтүү союз. Кыргызстан төртүнчү болуп кирген.

СЫЙЛЫКТАРЫ 

Өкмөттүн ардак грамотасынын ээси

2003-жылы, Айтикееванын учурунда анын шестеркалары өз ара тартышып, кимге берээрин билишпей акыры ушуга берип, баары тынышкан. Бирок, өздөрү да мунун адилеттүү чечилип калганына таң калышкан.

УТРКнын отличниги 2006-жыл

Муну Кыяз Молдокасымовдун учурунда алган.

«ЭлТР»дин отличниги 2011-жыл

Муну Шайыр үкасы баарына сыйлык бөлүп караса акасына жок экен. Дароо бердирген.

КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер 2010-жыл

А бул чынында адилеттүүлүк болгон.

БИЛГЕН ТИЛДЕРИ

кыргыз, орус, өзбөк –эркин сүйлөйт.

түрк, арап –дудаланып араң сүйлөйт. англисче  кээ бир сөздөрдү билет жана түшүнөт.

КОЛУНАН ТӨГҮЛГӨН КӨӨРҮ

Негизи устачылык кылат.

Үйүндө инструменттери толтура. Эгер  балдары жоготуп сала элек болсо. Excel,Word, PowerPoint, семейство Adobe, Microsoft сымал компьютердик офистик, монтаж ж.а. ар  кайсы  программаларында эркин  иштейт.

МҮНӨЗҮ

Ачык.

Бирок, баары түшүнө бербейт. мамилекөй бирок баары жамандай берет, жөнөкөй бирок тажаал жана өжөр. Калпты, эки жүздүүлүктү  каапырдан бетер жаман көрөт.

БҮЛӨӨСҮ

Бир  канча жолу үйлөнгөн.

Сегиз  баласы бар. Бул  акыркы чеги эмес.

САЯКАТТАРЫ

 Кувейт, Эмират, Туркия жана Казахстан.

Айтмакчы, ажылыгын аткарган.

КОНТАКТЫ

mob:               (0 559) 00 26 36 

E-mail:           ajyke@mail.ru

3 thoughts on “МЫКТЫБЕК АРСТАНБЕК

  1. Акылы айныган жигит! Абаны халал кылат имиш. Азыр адал, адал дйе баштады. Бечара! Оз жолу жок! Кыйнынып акыл уротумуш болот. Чынгы руханий денгээли томон.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *