Атамдын эскерүүлөрү

Ушул эстелик насыятымды уул-кыздарыма жана неберлериме арнаймын.

Алгы   сөз

Эмнеден баштаарымды билбей турамын. Мен ушул кыскача жана анчейин мааниге ээ болбогон өмүр баянымды жазбайт элем.  Бирок колума калем алууга  азыркы жаш муундардын кулк-мүнөзү, көз карашы, окууга жана  эмгекке болгон мамилеси, ата-эне, мамлекет, үй-бүлөө, ага-ини, дос-жар, тууган-урук алдындагы жоопкерсиздиги, адамкерчилиги, улуу-кичүүнүн, коомдун алдындагы милдеттердин жалпы эле жашоо турмуш түшүнүктөрүнүн тайкы болуп баратканы  себеп болуп олтурат. Анын үстүнө  өзүмдүн басып өткөн өмүр жолум менен азыркы турмушту салыштырып, жашоо, турмуш жөнүндөгү ой- бүтүмдөрдү ортого салгым келди.

Мен жазуучу, акын же сүрөтчү болбогондуктан баардык окуяларды ойдогудай чагылдырып, уйкаштырып, сүрөттөй албасам керек. Бул китепти колуна кармап турган окурман автордун катардагы жөнөкөй эле мугалимдигин эске алып, бир аз чоркоктугу болсо кечирээр деген максаттамын.

Биздин муунду карт тарых – согуш балдары деп атады. Ооба согуш балдары көргөн күндөр азыркыларга жомок сезилсе керек. Кудай согушту көргүлүк кылбасын, анын оопаттары, жүрөккө салган жаракаты чоң ата болгонума карабай али күнгө дейре айыкпай келет.

Канчалаган  тагдырлар турмуш тегирменине туруштук бере албай  анын ажывазында  жанчылды, канчалаганынын кулагынан али энесинин кошок үнү кете элек.

Мен бала болуп, балалык доорду сүрө албадым. Курсагым тоюп нан, канаатым канып кант  жебедим. Атанын мээримине тойбодум, насыятын укпадым. Согуштан кийинки  ачарчылык, жетишпестиктен күлгүн  жигит доору да кедейлик кемесинен кол булгады.

Эми балдарым үй- жайлуу болуп, неберелерим  эрезеге жетип калган мезгилде кайра оор күнгө туш болуудан корком.

Азыркы  жаштар кийими бүтүн, карды ток, каалаган нерсеси бар. Ошого карабай алар окууга салкын, эмгекке кош-көңүл мамиле кылышат. Эл-журт, ата-эне, урук-тууган, коом, үй-бүлө алдындагы жоопкерчиликти сезишпейт окшойт. Уят-сыйыт, абийир, сыймык, каада- салт деген нерселерге көңүл бурбай, жада калса айрым майда-барат иштерге да жөндөмсүздүк кылышканы  уятты тебелеп, тарбия – тартипти бузууда. Азыр муну түшүнгөн ата уулу калды бекен?

Баштан өткөндүн баарын, кишилердин аттары, өңү, үнү- түсүнө чейин эстеп калуу жаш өткөн сайын кыйынга түшөт окшойт, ошентсе да аракет кылдым.  Айткан сөзүм текке кетпес деп  колума калем ушадым, ниетимди  Жараткан кабыл кылсын!

Кайсы  бир аалым бул турмушту театр, анда жашап жаткан адамдарды актерлор дептир. Балким чындыр. Антпесе жашоо үчүн болгон күрөш, кандуу кагылышуулар, согуштар, саясий тирешүүлөр, мамалекеттик төңкөрүштөр, дипломатиялык мамилелер негизсиз болуп калмак. Ошондуктан «мөөрөй» тирүүлүктө  жакшы  образын жаратып кеткендики. Себеби   Улуу автор  сценарийинде   оң жана терс образдарды сүрөттөө менен аны тандоо мүмкүнчүлүгүн адамдын өзүнө берсе керек.

            …БАЛАЛЫК.

Менин атам Эрматов Батырбек 1910-жылы Жалал-Абад областы, Сузак районуна караштуу Бек-Абад айылында Эрмамат болуштун үйүндө туулган экен. Апам Калилова Саламат 1915-жылы Бек-Абаддан4 км, алыстыктагы «Кыдырша» айылында Искендер болуштун үйүндө төрөлгөн. Атам экөө 1936- жылы турмуш куруп, 1938- жылы агам Камал жана 1940- жылы мен жарыкка келиптирбиз.

1941- жылы Улуу  Ата- Мекендик согушка мобилизация жарыяланган күндөн көп узабай атам  өз арызы менен согуш майданына жөнөгөндөн баштап, элдин башына түшкөн оор күн, мүшкүл иштер биздин үйгө да келди.

Бир жылга жетпеген мезгилдин ичинде эркек аттуунун баары согушка кетип бүтүптүр. Атамдын агасы Назирбек, иниси Ботобектер да  кетишти.

Айыл чарбасында, өнөр жай ишканаларында иштер, техникалардын баары жаш балдардын, аялдардын жана карыган чалдардын мойнуна жүктөлдү.

Согуштун алгач күндөрү, менин наристе кыялымда элес булас калса да, 1943-жылдан берки окуялар, айрыкча ачарчылык, азап-тозок, өксөп ыйлаган күндөр эч бири унутулбады, күнү бүгүнкүдөй эсимде.

Менимче, 1943- жылдын жайы эле, май-июнь айлары окшойт,  күн аябай ысык, пахта чабуунун  кызуу мезгили. Биз жашаган айыл  Бекабад сельсоветиндеги «Социализм» колхозуна карайт эле. Бригада жетекчиси   Сарыкыз деген эже  эле.  Анын Рахманалы, Сабыр, Зеби (А. А. Тагаевдин энеси), деген уул-кыздары бар эле. Сарыкыз эженин учуру менин эсимде – пахта талаасындагы оор иш, катуу жер, жапайы калың чөп, анан өңдөрү кубарыңкы, көздөрү ишиген энелер менен  калды. Сарыкыз эже өмүр бою ак эмгеги менен өттү.Согушка чейин  бригаданын трактористти  Жумабай аке болчу, ал да  согушка  жөнөп, кетээрде тракторун аялы Ташбү эжеге үйрөтүп, тапшырды.

Апам да  көпчүлүк аялдардай эле  таң заардан туруп таалага кетет. Биз агам экөөбүз 3-4 жаштагы балдарбыз. Кээде апам кечинде талаадан келип, шалынын күрмөгүнөн сокуга түйүп, анын унунан токоч жасап койчу. Уйкудан туруп эле аны жалжамыш этебиз. Ал жок болсо  апамды издеп, талаага жөнөйбүз. Талаа бойлой кеткен арыкта  кээде алма- салма, тыт,өрүк сымалдар агып калса биз үчүн майрам.

Анан ал учурда шыйпаңдарда талаага чыккан колхозчулардын киши башына бир кеседен сулуу аталадан түшкү «ысык тамак »   берилээр эле. Атала суудан суюк болгону менен дандын жана туздун жыты келип турчу.  Курган энебиз талаанын  оор жумушун тумшук сүзө аткарганы аз келгенсип өзүнүн тамагын да бизге бөлүп берип койуп, көрсө өзү ач калчу экен. Ага биздин баамыбыз кайдан жетсин. Кесенин түбүн манжасы менен тазаламыш эткени азыр да эсимде.

Ушул күндөрү болгон бир окуя эч эстен кетпейт. Апам  бир күнү  түшкү тамакка отурганда өңү кубарыңкы, көздөрү шишиген, алсырап турганын байкадым. Бала болсом да апамдын абалы оор экенине баамым жетип турду. Адаттагыдай эле колхоз күнүнө түштө берген «ысык тамагын» апам бизге бөлүп берди да өзү кесенин түбүн жаламыш этип, отурган жеринде шылкыйа түштү. Апамды эптеп үйгө жетелеп келдик, үйдө бир бүдүрүм дан жок. Кечинде  атамдын биз менен бир короодо турган бир тууган карындашы Курманжандын  саан уюу бар эле,  бир кесе сүт бердириптир. Курманжан эжемдин да балдары көп эле, ошого карабай көбүнчө жалгыз саанынын сүтүнөн ашырып, бизге бере калчу. Апам ал сүттөн бир аз уурттамыш болду. Акыбалды түшүнгөн Курманжан эже Кыдыршага  таятабызга адам жибериптир. Арадан көп өтпөй таятабыз келип бизди алып кетти.Көрсө апам бизге билдирбей «өлсөм мен өлөйүн, балдарым тирүү калсын, ушулардын өлгөнүн мен көрбөйүн», деп оокатын бизге берип коюп жүрө бериптир. Биз болсо андан бейкапарбыз. Балдардын жаштыгы  кээде ташбоор да келет. Турмушубуз өтө начарлап кетти.

Таятам Калил, таэнем Айымпаша, чоң тайкем Абдырахман 1941 жылы армияга кеткенден кийин кичи тайекем Кочкорду, келини Ырысбүнү эбак эле өз үйүнө көчүрүп кеткен экен. Эми мынтип аларга биз да кошулуп отурабыз.

Өлбөгөн кулга жаз да келди. Бизге окшогон балдар арык бойлоп жалбыз, аткулак теребиз. Адырдан чырыш үзүп, тамагыбыз оңгонсуп  калдык. Анан бышыкчылык да келди. Тыт, алма өрүк, гиларс мөмөлөрү катарынан быша баштады. Өрүк  коро болгондо эле балдар тузга булап жей баштайт. Тыт бышты деген сөз бизге бакыт конду дегенге  барабар.

Апам кудайга шүгүр айыгып, таятамдын колхозуна жумушка чыга баштады. Адатта  апам жумуштан кечинде келе жатып совхоздун жүгөрү паясынан ала келет. Ак жүгөрүнүн паясы суулуу, ширин болоор эле. Аны муундап кыркып, бекитип, кечке жейт элек. Аңгыча арпа, буудай жана башка эгин бышты. Уурданып барып баш машак теребиз, токмоктоп буудайын тазалап кууруп жейбиз, талкан кылып жарма жасап ичебиз. Ошентип, согуш дасторконунда азыркылардын тил лексиконунда жолукпаган курмөк нан, кебек нан, загара нан, кунжара нан, арпа нан сымал нан түрлөрү пайда болоор эле. Кээде ашып калган машактан катып калсак  бригадир билип калса, аныбызды алып кетээр эле. Закон катуу болчу, каршылык көрсөтсөң, камап коет. Ыйлаган бойдон кала берчүбүз. Бирок, таятабыз дыйкан киши болгондуктан коон, дарбызды көп экчү. Бизди жанынан чыгарчу эмес.Ошол да бир кыйла дем болчу.

1944-жылы, Абдрахман тагам согуштан оң колунан майып болуп кайтты. Кара-Суунун Савай совхозундагы өткөн күндөр мага абдан көп жылдардай сезилди, ал жерде такыр эле тургум келбей айылымды эстеп, куса боло бердим. Мага абасы кымбат, туулган жерим, ата конушум –  Бек-Абадымды, аябай сагындым. Өзүмдөн өзүм азып тозуп, кусалыгым арта берди, кээде тамак да ичпей калчумун. Бул жерден кетели деп апама күндө ыйлай бердим. Жумушка апамы ээрчип бирге барам, кайра кеч бирге келем. Оюм эле апам макул болсо элиме кетүү. Бир күнү түшүмдө атам армиядан келип бизди табалбай издеп жүрүптүр. Ошол күнү кечке оокат жебей эле кээде ыйлап, кээде ойго батып жүрө бердим, акыры кечинде түшүмдү апама айттым. Эртеси кечке жуук капыстан эле Бек-Абаддагы Орун эже деген эмчи-домчу кемпирдин Абдрахман деген уулу, бир ат, бир эшек жетелеп кирип келди. Үчөөбүз тең бакырып ыйлап жибериптирбиз. Кетүүгө камындык, мен таң атканча бир да уктабадым, таңдын атышы бир тозок болду, түндүн узунун ошондо байкадым, жамбашым талыды. Жерге жарык түшкөндө жолго чыктык.

Абдрахман аке согуштан келээр менен биргадир болуп дайындалыптыр, көп өтпөй эле атамдын агасы Назирбек чоң атам да канн согуштан ккайтты. Ага  «Социализм» колхозунунун башкармалыгы жүктөлүптүр. Инисинин короосуна баш бакса ээн калган үй үрөйүн учурганбы же бир тууганынын уясына чырак тамызгысы келдиби, айтор Абдракман акени чоң атабыз жибериптир.

Ушинтип Савайдан көчүп жолго чыктык буюм-теримдерди эшекке жүктөдүк. Атка болсо бир килейген кемпир минип алды. Кийинчерээк билсем таэнемдин апасы Саткын кемпир экен. Калгандарыбыз жөө жалаң жөнөдүк, ара-чолодо мен атка учкашып келе жаттым. Түш ченде Кемпирабадга жетип келдик (азыркы Тополина). Ал жерден пропуск болбосо өткөрбөйт экен, себеби кичинекей ГЭС бар эле. Арабызда орус тилин билген эчким жок. Абдрахман аке чала-була билет экен, бирок ал жеткире түшүндүрө албады окшойт, бизди өткөрбөй койду. Кеч бешимге жакын кароолду бирөө чакырып калды, чолоңдоп жөнөп калды, согушта бутунан майып болуп кайткан неме болсо керек. Нары жакта биздин абалыбызга боор ачып карап турган бир орус киши бизге сол көзүн кысып ымдалап калды. А көрсө кароол келгенче тез өтүп кеткиле деп жаткан экен. Биз шаша-буша тез-тез өтүп кеттик. Ал убакта азыркыдай заңгыраган асфальт жол, автобус, такси деген кайда. Азыр мен ошол жолду карап көрсөм биз Савайдан Султанабадга, андан Тополинага, андан адырды бойлоп Ханабадга келген экенбиз. Ханабадга кеч күүгүмдө келдик. Андан биздин айылга чейин 4 чакырым бар. Көзгө сайса көрүңгүс караңгыда көптөн бери эңсеген элиме, жыпар жыттуу жериме, киндик каным төгүлгөн ата журтума, мен үчүн өтө ыйык болгон мекениме өзүм кечип чоңойгон ысык топурагыма, Бек-Абадыма жетип келдик. Бизди күтүп эшик үйдү жыйнаштырып отурушкан экен. Биз кирип келгенде асман жарылып, жер оодарылып, кыямат-кайың болуп кеткендей болду. Турмуштун айынан ар кайда тараган тууган-урук, коңшу-колоңдор кирип бирин-бири кое бербей кучакташып ыйлап жатышты. Чоң атам Назирбек биз келген күнү районго кеткен экен, биз менен эртеси учурашты. Мен эс тарткандан бери чоң атамды биринчи көрдүм. Ал кишини көргөндөн кийин өз атамды эстеп зыркырап ыйлаганымды эч нерсе менен теңештире албайм. Ал киши абдан сулуу, келбеттүү, сүйкүмдүү жана акылдуу эле. Алыс жолдон жөө келгенге буттарым шишип бир жумадай жаттым.

Айылыбыз мурдагыдай аабат болбой калыптыр. Көр турмуштун азабынан, кара курсактын айынан ар ким өзүнө ыңгай издеп, эл тарап кеткен, үйлөр, айыл ээн. Биздин короодо атамдын апасы Ажар чоң энем, Ботобек авамдын аялы Салмакан жеңем, Назирбек чоң атамдын аялы Хадя чоң энем, Курманжан эжем жана анын кыздары эле калган экен. Ошентип, Назирбек чоң атам менен Абдырахман аке тарап кеткен элди, тууган- урукту чогулта баштайт. Эң биринчиси биз экенбиз.

Чоң атам башкарган колхоздо абал өтө оор. Техника, электр жок, эркектер согушта, элдин көбү тарап кеткен, кампада бир грамм эгин жок. Бар болгону үч төрт ат араба бар. Анан чоң атам ошол жердеги сөз билген, акыл кошкон кишилер менен кеңешип, бир аз уруктук эгин алып, ат, эшек, өгүз улоо менен жана МТСтен бир трактор алып, жер айдап эгин эгүүгө киришти. Назирбек согуштан келип колхозго башкарма болуптур деген кабарды угуп тууган-урук, эл-журт кайра келип чогула баштады, бир тобун чоң атам өзү алдырып келди.

Күндөрдүн биринде айтпы, майрамбы билбеймин, апам үйдө эле. Мен бир нерсеге алектенип, алаксыганымын күчүнөн күңкүлдөмүш болуп калсам керек. Апам кулак төшөдү да жаныма келип, ыр үйрөтүп коеюунбу деди,  макул болдум.  Айта кетчү нерсе апам аябай сулуу келип, өзбекче, кыргызча сонун ырдайт эле, бийлөчү да. Үнү да  назик анан  уккулуктуу эле, кээде өзү да кошуп ырдачу. Талаанын кайсыл жеринде ырдаса да айылдагылар Саламат ырдап жатат деп тыңшап калышаар эле. Мага ырды үйрөтө баштады да көзүнө кылгырып жаш келди. Ал ырлардын мазмунун кийин түшүнсөм согуштагы атама арналган ырлар экен:

Алтын менен коргошун,

Айды булут коргосун.

Атадан бизди айырган,

Асти-эле душман оңбосун.

Күмүш менен коргошун,

Куду булут коргосун,

Күйүттүү күнгө калтырган,

Күйдүргү Гитлер оңбосун.

Ак кагаздан пул кылып,

Санаар күнүм бар бекен?

Алыста жүргөн атакем,

Ардактаар күнүм бар бекен?

Көк кагаздан пул кылып,

Санаар күнүм бар бекен?

Көркөмүн менин атакем,

Көрөөр күнүм бар бекен?

Күндөрдүн биринде, менимче бул 1944- жылы эле. Курманжан эжемдин күйөөсү Пиназар жездем армиядан посылка жибериптир. Адатта, ал кезде посылканын жыгач жашыгы бөз кездеме менен капталып анан ага көк сыя менен даректер жазылчу. Курманжан эжем ошол посылканы каптаган бөздөн мага шалбар шым кылып тигип берди. бакытыма чек жок. азыркы балдар жаңы жинсы кийсе кандай кубунаарын көрүп эле жүрөбзүгө. ал кубаныч андан да зор эле. Чоң-чоң жазылган үч-төрт тамга тиземе туура келиптир, көчөгө чыксам эле балдар оң тиземди карап бириндетип окуп калышты. Ал СССР деген сөз экен. Ал убактагы бөз дегени, азыркы вилур, ломбада дегендей эле барктуу болчу. Бөз болгону  пахта терчү этек материал эле, бирок ар кандай импорт кездемеден кымбат турчу.

1944-жылдын 1-майы,  колхозчулар  майрамды адаттагыдай чогулуш менен баштап, анан концерт көрсөтүлүп, үйлөрүнө эрте кайтышты, бир өңчөй жаш келиндер, көңүлдөрү куунак ырдап, бийлеп келе жатышат. Алардын ичинде апам, Кумаржан эжем, Кумуру эжем, Мусилим чоң энем, Ботобек акемин аялы Салмакан жеңем, Куват авамдын аялы Зууракан ая (өзүбек кызы болгондуктан биз ая деп атачубуз) бар эле. Бир оокумда апам, Курманжан эжем, Зууракан аям бир муңдуу өзбекче ырды баштаганда баары тыңшап калышты, эч ким сөз кошподу. Үчөөнүн ыры айылды көтөрдү.

Ох уриб ойдинга чиксам,

Ох уради бир йигит.

Ултириб зехнимни куйсам,

Ердан айрилган йигит

Ердан айрилган емон ха

Жондан айрилган емон.

Ишк ути тушса,

Юракка дузах утидан еман.

Бир убакта Зууракан ая апама карап «Хай ая, углингизни айтинг халиги кушигини айтиб берсин»- деп калды эле, калгандар коштоп кетишти. Мен апам үйрөткөн ырды ырдап бердим. Менин балалык назик үнүмбү же наристелик сезимби же ички кусалыгымбы же бардыгынын күйөлөрү согушта үчүнбү билбейм баары ыйлап жиберишти. Ушул жерге кошумча – менин үнүм, шыгым жакшы эле, той, сүмөлөк, айт-майрамдарда ырдачумун.

Күз келди, эгин тегин жыйналды, бирок түшүм жакшы болбоду. Кыш катуу болгондуктан эл кыйналып калды. Келиндер  жумасына эки- үч жолу Кызыл Пахтачыга (азыркы Тайгараев совхозу) жөө барып, кызылча казып келишчү. Камдалган кызылчаны жерге көөмп коюп, бүлөөлөрүнө кышы менен бышырып беришчү. Баарызбызга белгилүү азыркыдай газ көмүр, электр жок. Кээ бир кишилерде гана керосин чырак бар, көпчүлүк элде пилте чырак аны биз шайтан чырак дечүбүз. Отунду белден кар кечип барып талаадан уурданып тыт, тал кесип келип жакчубуз, аны да билип калса соттоп жиберээр эле. Жанакы пилте чырак деген неме үйдү сасытып, ыштап, мурдуңду көөлөп бүтөт. Ошого деле ыраазы болчубуз.

Айылда Муса, Ташмат почточу деген аксакалдар бар эле, аларды чоң ата дечүбүз. Алар өздөрүнө келтирилген отундарынан бизге, бөлүп беришчү,  майда балдары бар, эркеги фронтто жүргөн үйлөрдү кыдырып жүрүп отун, суудан кабар алышчу, каттуу ирик иштерин кылып беришчү. Бир күнү Муса чоң атам бизге отун жарып, от жагып, оттун чогун сандалга салып, бир оокумга чейин «Гер оглы», «Тайчи», «Ак саткын» деген ырларды айтып берип кеткени эсимде.

1944-45- жылдары кышында бир күлкүлүү окуя эч эсимден кетпейт. Ушул күнү Муса чон атам биздин үйгө Курманжан, Кумуру эжемдин үйлөрүнөн кабар алса эч кайсы үйдө отун жок, кар улуу, суук күч. Тыт кесип келейин десе соттолот, антпесе биз тоңуп калчудайбыз. Мен фронтовиктердин балдарын сакташым керек деп, үч келинди ээрчитип барып, бир куурап калган тытты жыгып төрткө бөлүп төртөө көтөрүп жөнөйт. Кар калың болгондуктан үч келин улам бири коюп бири жыгылат, Муса аке-е деп кыйкыра беришет. Улам аларга көтөргүзүп, тургузуп жүрүп чарчаса керек же зээни кейидиби айтоор «эй үнүң өч, дарт, өлүп кеткиле» деп кыйкырган эле. Кумуру эжем шум келин эле, чоң атамдын ачууланып калганын көрүп туруп эле, атайылап деле кыйкыра бериптир жарыктык. Чоң атамдын ачууланганын дагы бир себеби бар эле. Эгер бул үндү кароол укса дароо чуу чыкмак.

Үйдө колго илинер оокат жок, Курманжан эжем сүт алып чыкты, бизде күрүч бар эле, кордо кылып ичтик. Чоң атамдын жоруктарын айтып үч келин, үч жерде күлүп, кыйрап калышты. Эртеси күнү апам күрмөктү түйүп, шаалынын майда топонунан кошуп эки токоч бышырды. Назирбек чоң атамдыкына барсам арпа ун кошулган буудай нан жеп олтурушкан экен. Хадия чоң энем бир сындырым загара нан берди да, бар эми үйүңө кет деди. Кечинде баягы топон токочту жеп олтуруп, «эгер азыр атамды чакырсам келээр беле» десем апам күлүп – кана чакыр – деди. Агам экөөбүз очоктун эки жагына чыгып алыпи – ато -о, ато-о келиң – деп кыйкыра бердик. Күндө кечинде ошентип кыйкыра берчү болдук.

Бир канча адамдар ачкадан өлдү, бир канча адамдар эрте жазда чөп-чар жеп көөп өлдү, бир канчасы кунжара жеп жарылып өлдү. Жарты нан же бир тоголок пияз үчүн өлтүрүү күчөдү, ал оңой эле болчу.

Күндөрдүн биринде курсагым аябай ачкандыктан, башкарма чоң атамдын үй жагын карасам коюу кара түтүн булап жаткан экен, карап тура бердим, акыры түтүн суюлуп, агарып калды. Эмне үчүн бул мезгилди пайладым, өзүм да билбеймин. Чуркап кирип бардым, чын эле мастава бышыптыр. Чоң атам жок экен, мен киреримди чоң энем күтпөсө керек жаман көрүп калды. 1944- жылы Өсөралы деген уулдуу болгон, ал мени көрүп тамтаңдап калды эле колунан булкуп тескери каратып олтургузуп койду. Мен босогодо тура бердим. Өсөралы мени карап жөнөйт, ыйлайт, эми дагы ордунан турганы калды эле «Оногу тууганыңды көрдүңбү кирнеси кирип калат, ичиң бий-бий болот»- деп тескери каратып олтургузуп койду. Кордугум тутуп ызаа болуп келе бердим. Кечинде апам иштен келгенде болгон окуяны айттым. «Мен да нанга тоемунбу, тоер күнүм барбы»- деп апамдын мойнунан кучактап өксөп-өксөп жибердим. «Бизде да нан болуп калаар, балам кой ыйлаба, сенин да атаң согуштан келсе ал чоң кызматка турат» деп мени соороткон болду. Айтмакчы, атам  согушка чейин эле чоң кызматта иштөөчү экен.

Ошол жылы Курманжан эжемдин күйөөсү Биназар жездем, Зууракан жеңемдин күйөөсү Куват авам, Мислим чоң энемдин күйөөсү Имаралы чоң атам жана башкалар согуштан кайтып келишти. 1945-жыл жакшы жыл болду. Эгин түшүмдүү болуп, элдин карды бир аз тоюнуп калды. Элдин турмушун оңдоо максатында башкарма чоң атам эң көп жерге буудай эктирди. Биз да шаалы эккен элек түшүм жакшы болду.

Бир күнү кызык окуя болду. Элдин баары уурданып машак терип жүрсө, биз агам экөөбүз орулган буудайдан чак түштө эле көтөрө качтык. Жолго чыга бергенде Акматаалы деген согушта бир колунан ажырап келген кароолчу кууп калды, агам буудайды таштап айылга кире качты, мен арыкка жата калдым. Акматалы кароолчу агамды кууп жөнөдү, чыдай албай буудайды көтөрүп алып анын артынан жөнөдүм. «Акмат чолок, эй, Акмат чолок! Э-энеңди… чолок…!»- деп келе бердим. Кыйкырыкка чуркаган апам, Кумуру эжем, Мисилим чоң энемдер  Акматалыны токтотушуп, ага бирдемелер дешти көрүнөт, ал менин буркан-шаркан түшкөн  абалыма күлүп койду, бурулуп кетти. Таң ошондой карду маалда да кыргыздарда табигый нысап бар экен. Азыркыдай өз баласын сойор мезгил болбоптур. Өзүм да уялып кеттим.Ошол жылы көп буудай алдык, бир сыйра кийим -кече, жууркан төшөнчү кылдык. Эки эчки алдык. Нан, сүт да болду.

1945-жылы июль же август айы болсо керек, Курбан айт күнү апам эрте туруп чоң атамдын короосун шыпырып жаткан, өзү да таза кийинип алган эле мен бирге жүрөт элем, көзүнөн жашы тыйылбады, кудайдан бирдемелерди сурана берди, ыйлай берди.

Чоң атам апама ыразычылыгын билдирип чыгып кетти. Бир оокумда Ташмат почточу короого атчан кирип келип, апамдын жоолугун сыйрып алып белине байлап алды. Көчөгө чыгып кыйкыра баштады «Ой эл журт сүйүнчү эле сүйүнчү Батырбек согуштан келе жатат мына тилграмм келди саат экилерде Ханабад вокзалында болот экен». Заматта эл чогулду, чоң атам кайра келди, баары атамды тосуп алууга камына башташты. Аялдар үйдүн алдын тазалап камыр жууруп, эркектер ат-эшегин токушуп жатышты. «Ташкенттин поезди саат экилерде Ханабадка келип токтойт, Батырбек ошол поезде келет» деген даана кабарды угуп алып, мен да барамын деп калдым. Ороз деген чоң атам мени шарт атка өңөрүп жөнөдү, агамды да бирөөсү учкаштырды. Аткан октой чаап Хан-Абадка жеттик. Барсак вокзалга эл батпайт, бир айылдан бирөө келе жатат десе бүт айыл, колхоз сельсовет боюнча эл журт барат эле, себеби бир айылдан 50 киши кеткен болсо ошонун ичинен ону же он беши болбосо бешөөсү араң келет эле.

Бардык элдин көзүндө кубанычтын жашы, кээ бирөөлөр эбак эле кара кагаз алган, ошонун жашы. Бир оокумда адегенде поровоз анан вогондор көрүнүп поезд жакындай берди. Ал узун гудок берди эле, калың эл бүт буркуpaп ыйлап, ал гана эмес согушка барып келген, ысык-суукту көрүп келген чоң атам да ыйлап жиберди. Поезд күш-күш этип келип токтоду, духовой оркестр вокзалды жарып жиберчүдөй болуп ойноп жатты. Атамдын кабарын угуп бүт колхоз жана башка коңшу болгон Куйбышев, Ленин, Эркин колхоздорунан да эл, тууган-урук келиптир. Атам вагондон чыкканда эле чоң атам бакырып жиберди. Чынын айтсам менин атам ушунчалык сулуу, мүчөлүү, келбети келишкен деп ойлогон эмесмин. Көкүрөгү орден медалдар менен толтура, формасы да укмуш жарашып, ажарын ачып турат.

Эл-журт атамды басып калышты. Бизге сан жок, атамды жер бастырбай перрондон аянтка чейин кийиз төшөк салып бастырып өтүп, боз жоргого мингизишти. Анан гана атам эми агам экөөбүз менен учурашууга мүмкүнчүлүк алды. Бизди кучактаган бойдон узакка чейин шолоктоп, ыйлаганын токтото албай жашын төгүп турду. Ошол күнү той эле болду. Менин кубанычымдын өлчөмү канча экенин эч кайсы көз, тараза менен өлчөөгө мүмкүн эмес, чексиз эле. Атам бүт Европаны аралап Берлинге 60 чакырым калганда жарадар болуптур. Кеннингсбергдеги согуштук госпиталдан чыкканда согуш бүткөн экен. Андан кийин ага башка тапшырмалар берилиптир.Ошентип, атамды да тосуп алдык.  Базар күнү апам эки эчкини улагы менен сатып атама, бизге кийим -кече кылды. Атам менен учурашам деген алыскы жакынкы  тууган-уруктун буту  үзүлбөдү. бара бара турмуш өз нугуна Кире баштагандай болду. Атам адегенде Жалал-Абад областык милициядага ишке алынды. Анан тез эле Кызыл Пахтачыга айылдык советтин төрагасы болуп дайындалды. Биз да атабыздын артынан ошол жакка көчүп бармай болдук.

1946 – жылы болсо керек , чоң атамдыкында  кой союлуп, Барпы акын келет имиш деп калышты. Эл чогулуп, топур-тупур, бир тобу көчөдө, брөөлөрү короодо ар нерсе менен убара. Мен дагы бирөө армиядан келет турбайбы депмин. Күн кыя батып, эки эркек бир аял аттуу келип калышты. Элдин баары топуpaп учурашып, бири атын алып, бирөөлөрү  конокторду үйгө киргизишти. Барпы аба дегени узун бойлуу, кең далылуу, колдору шадылуу, алп мүчө киши экен, көзү ачык эле, бирок көрбөйт экен. Кийин көрсө, бул айтылуу лирик, төкмө акын, классик ырчы Барпы Алыкулов экен. Эл короого батпай, төкмөнүн өнөрүн улам талап кыла тамаша өтө батышты. Эл түн жарымы оогондо араң тарады.

Эртеси конокторду узатып жатып, чоң атам мени эркелетип – Барпы аба ушул уулум Батырбектин баласы – деп койду эле жарыктык – акын дароо токтой калып:

«Батырбектин баласы,

Байтаңдашын карачы.

Атасы келип аскерден,

Тынган экен санаасы.

Атам сельсовет болууда,

Талтаңдашын карачы» –  деп эле кое берсе болобу. Элдин күлгөнүн айтпа. Менин мурдум дардайып, кечээки эл бир көрсөм деп көкөсөгөн адам мени менен ушинтип сүйлөшкөнүн көбүрөөк адамдар көрсө болоор эле деп бушайман да болом.

1946- жылдын күзүндө Кызыл-Пахтачыга көчүп кеттик. 1947-жылы Мавлянбек аттуу инилүү болдум. Агам экөөбүз мектепке бардык. Турмушубуз жакшырып, болуштун баласы аталып калдык. Мына ушинтип балалык мезгил өттү.

КЫЙРАГАН YMYT. АЗАПТУУ КҮНДӨР…

Биздин күткөн үмүтүбүз, жакшы күндөрүбүз узакка созулбады. Атамдын мүнөзү, үй-бүлөгө жана бизге болгон мамилеси өзгөрүлүп, кээде орой, кээде кайдыгер боло баштады. Эч кандай эле себеби жок бизди Бек-Абадка алып келип таштады. Таятамдар да Кара-Суудан Кыдыршага көчүп келишкен. 1947- жылы март, апрель айларында апам эс учун билбей, тиф менен ооруп калды. Атамдан дарек жок. Таятамдан киши келип бизди Кыдыршага алдырып кетти. Апам үч айдан ашык убакыт жатты, атам бут басып келбеди, жок дегенде бизден кабар албады. Тага туугандарым  апамды ана өлөт, мына кетет  деп кептеп чырак менен карап, оозуна суу тамызып калышты.

Ошентип, тага журт кыйла эле кыйналды. Апамдын дагы ичээр суусу калган экен,  оорудан турду. Май айларында  өзү басып калган мезгилде Бек-Абадка кайра бардык. Үйдө эч нерсе жок, төрт дубал калыптыр. Баардыгын атам алып кетиптир, көзгө иликтүүлөрүн туугандардын үйлөрүнө бекитип коюптур. Тууган-уруктардын эч кимиси биз менен сүйлөшпөйт, кирбейт баары тескери карашат. Чон атам да баягыдай эмес, кайдыгер, биз таң калдык. Апам кирген чыккан кишилерден акырын сураштырып олтуруп баардык окуяны билиптир. Көрсө апамды адам болбой калды дегенби айтор тууган-уругу  менен кеңешип, атам бир шаардык өзбек келинге үйлөнүп алыптыр. Апам кантсе да аял киши да, атамдын мындай жорук-жоосундарына чыдай албады. Анткени, биз атамды беш жыл боюу мындай үмүт менен күткөн эмеспиз да. Апам тирүүлөй жесир, үч бала тирүүлөй жетим калдык. Апам кайра ооруп калды, аны караганга эч ким жок, үйдө бир бүдүр дан же бир ууч ун жок. Биздин үйдүн алдында эки уулу согушта курман болгон Алийма деген кемпир бар эле, ошол кемпир бир ай апамды багып, кайра  адам кылды. Дубал ары жашаган атамдын бир туугандары бул жагдайды көрүп деле турушту, бирок кудай табигаттан мээрим бербесе адам ташбоор калат окшойт. Биздин абалыбызды  көрүп боору ачыган тээгирек кошуналар акырын бир-бирден жардам беримиш болуп жатты. Атам туугандарга калтырган буюмдардын бир бөлүгүн кээ бир кудайдан корккондору кайтарып берип жатышты, бирок жалпы шартыбыз оор бойдон калды.

Атам жөнүндө андачанда кабар келип калаар эле. көрсө анны кайра милицияга алышыптыр. Агам экөөбүз кээде таятамдардын үйүнө, кээде чоң атамдардын үйүнө барып жалдырап, кызматын кылып күн көрүп жүрдүк. Апам менен Мавлянбек үйдө калчу. Апама жалаң гана сууга бышырылган күрүч жана айран керек, ал нерселер бизде жок. Атамдын туугандары бербейт, себеби алар бизди короодон кетире албай алек. Аралыгы 4 чакырым Бек-Абаддан Кыдыршага келип айран алып кетчүбүз. Мен атамды аябай сагындым, бирок кусалыгым  ичимде болду.

Бир жолку окуя такыр  эсимден кетпейт. 1947- жылы, кыш эле. Имарбек деген чоң атам армиядан келип Миркамил деген уулуна той кылды. Тойго чыгып ойноп келейин десем бутума киер эч нерсе  жок. Бир оокумда Анжияндан машакчы артисттер келиптир деп эл дүрбөп калды. Мен апамдын көлөчүн кийип чыгып баратсам, так эле атама окшош бирөө тойго аттуу келе жатыптыр. Мен артистерди да унутуп, атам келе жатат деп энтигип чуркап жанагы кишини көздөй жөнөдүм. Ал киши ай-айланайын кел деп атка өңөрүп алды, карасам чоочун киши экен. Кимдин уулусуң деп сурады эле буулугуп жооп бере албай аттан түшүп тойканага кирип кеттим. Тойканада айвандын оң жагында Барпы акын, сол жагында Анжияндык артисттер тойду кызытып жатыптыр. Бир кезде Барпы акын обдулуп:

«Анжияндык туугандар,

Оюнга түшөт былкылдап.

Мойну башы шылкылдап,

Суурдай болуп кылпылдап»-деп кое берди эле, кыйкырык сүрөөн, акча таштамай күчөп кетти. Көрсө, Барпы акын тигил артисттердин аксакалы менен оо илгертеден бери тамашалашып жүргөн тели-теңтуштардан экен.

Бир күнү апам бизди жетелеп, төркүндөгөнү  үй ичибиз менен Кыдыршага таятамдардыкына кеттик. Илгертен келаткан  бооз уюбуз бар эле, атамдын туугандары менен мамилелерибиз кичине ымалаша калгандыктан ал уйду чоң атамдын уйлары менен ошолордун малканасына байлачубуз. Биз кеткен күнү ууру кириптир да ондогон  уйдун ичинен биздин уйду жетелеп кетиптир. Таң калаарлык. Биз келсек баары ызуу-чуу түшүп, эч кабар албаган атам пайда болуп калыптыр.

-Уйду сенин туугандарың уурдаган, сен табасың – деп ал милициялык сокур дооматына салып, апамды опузалап кирди.

Атам эмне үчүн биз тууралуу кам көрүүнүн ордуна жоголгон уйга кыжаалат болуп жатат деп мен аң-таң эле калдым.

– Ууру табылсын, сен милицияда иштейсиң ууруну тап, анан ал кимдин тууганы экенин көрөбүз- деди апам. Атам жер-жерлерге органдарга кабар бериптир. Ууру Кара-Суунун мал базарында колго түшүптүр. Атамдар жетип барса өздөрүнүн эле  туугандары экен. Көрсө ал уй уурдалбай эле уурдатылган экен. Баарынын дымы өчүп, басты-басты кылып, акчаны атам алып кете берди.Эми уй да жок, үйдүн төрт бурчу жана биз төртөөбүз калдык. Атамдын туугандары менен кайра мамилелерибиз үзүлдү. Бригадир чоң атам башкарма болгондуктан корктубу же ага буйрук берилгенби, айтоор бизге эгин эгүүгө жер бербей койду. Ошентип, бизди бул жерден, бул короодон кетирүү үчүн ар тараптуу кысымдар башталды.

Бир күнү атамдын иниси Ботобек абам (бул киши 1947-жылы армиядан келген эле) Исмаил, Жабраил, Сулайман, Осмон деген төрт чеченди кечке жуук биздин короого баштап кирип:

-Силер үйдү бошотуп койгула, бул менин апамдан калган үй, мага таандык, акем кимге үйлөнсө ошол менин жеңем, силер кайда барсаңар анда баргыла- деп буюмдарыбызды сыртка ыргыта баштады. Короодо турган сөөрүнү беш киши көтөрүп жөнөдү эле буту чыгып кетип, абам жыгылып түштү. Ызасына чыдабай ары жакта Кумуру эжем күрүч түйүп жаткан сокуну ыргытып жиберди эле, байкуш Кумуру эжемдин күрүчү төгүлүп кала берди. Абам үйгө кирип, буюм  тайымдарды аттап-буттап, кээ бир нерселерди бул меники деп алып алды. Албетте, төгүн жерден өрт чыкпайт дегендей бул атамдын  буйругу  эле. Ал эми бизге болгон көптөгөн кысымдарга чоң атам эч бир ачык чыккан жок, ким билет балким ага намысы жол бербедиби же жөн эле келечекти ойлодубу, а чынында ал өтө акылы зирек киши эле.

Турмуштун айынан агам экөөбүз таятамдардыкына кеттик. Мен мал-салын багамын, агам отун суу менен үйдө кызмат кылат. Апам Мавлянбек менен Бек –Абадда, үйдө калды, антпесе үйдөн да кур калчудайбыз. Талаада жүрүп курсагым ачат. Таабалды, Алимбек деген тагаларым менен мал багамын. Жалбырагы чоң тикенектүү өсүмдүк бар ошонун тамырын казып жейбиз, окуудан калдым, таманым тилинип, адам карагыс абалга жетти.

Күндөрдүн биринде бутумдагы тикенди алайын деп узакка буйдалдым бир оокумда жонум тызылдай түштү, карасам эле колхоздун башкармасы Каримов Айтбай деген немее жез камчы сап менен чаап-чаап жиберди, себеби уйлар буудайга түшүп кеткен  экен. Бир жума ысытмага күйүп- жанып жатып, желкем жара болуп кетти. Ызаама чыдабай Бек-Абадка кайра кетип калдым. Агам артыман кийинчерээк келди.

Ушул күндөрү колхоз пахтага түшүү алдында чоң сейил уюштурду. Колхоздун сарайына эл көп чогулду. Барпы акын жана бир топ өнөрпоздор келишти. Чоңдор бир-бирден шыбыр-күбүр кылып акынга  айтып өздөрүн ырдатып жатышты. Бек-Абадда үч үйлүү уйгурлар бар эле, алар Кашкардан качан, эмне үчүн келгенин эч ким билбейт. Кимдир бирөө акынга шыбырап, кимиси узун бойлуу, кимиси кыска, кимиси бай жашайт, кыйыны ким экенин дайындаган окшойт.

«Кашкардан келген үч ахун:

Эң узуну Муса Ахун,

Ортончусу Билал Ахун,

Эң кичүүсү Роза Ахун…»-деп эле Барпы акын төгүп кирди. Үчөөнүн өмүр баянын бир сааттан көп ырдады эле, эл күлүп кыйрап калышты. Үч ахун тон жаап араң кутулушту.

Атам 1948-1952 жылы кайрадан Кызыл-Пахтачыга сельсовет болуп калды. Чоң атам башкарма, Ботобек абам мектепке директор, баары дуулдап турган мезгил. Ал эми биздин абалыбызга чычкандар таяк таянып, мышыктар ыйлап турган кез. Өңүбүз азган, кийимдерибиз тытылган, китеп-дептер жок. Апам колу эптүү жан эле, калың курт кагаздан кыйып, дептер кылып, бамазиден сумка-калта тигип, тордон сыя челек токуп берди. Чынында эле жашоодон бир жакшы адам, бир жаман адам, бир жакшылык жана бир жамандык эсте калат экен.

Ошентип 1947-48 -жылдары биз да эл катары эгин эгип тиричилик өткөрүп жашоо үчүн күрөшүп жүрдүк. Биздин кыштагыбыз  Дөң-Багышты ага уланган Чоң-Багыштан бир  эле көчө ажыратып турат эле. Ошол жол талааны көздөй кетет. Жолдун түгөнгөн жеринде Момунжан аке деген өмүр бою дыйканчылык-багбанчылык менен жашаган, кудай момун аксакал жашайт эле. Анын үйүнүн айланасы чоң бак болчу. Ал бактын тегерегине колхозчуларга эгин эгүү үчүн жер ажыратылып берилген, ким колунан эмне келсе эгет. Бизге берилген жерине шалы эккен элек. Калган жер бүт бойдон колхоздун беде талаасы болчу, эгерде шаалыга же түнкүсүн же таң эртең менен суу толтуруп албасаң күндүзү суу тийбейт, себеби пахтадан суу бошобойт. Ошондуктан же түнкүсүн же эртелеп сууну уурдоого туура келет. Ал жумуш чоң кишилердин гана колунан келет, жаш балдар, аялдар коркушат. Биздин шаалыга жанаша дагы шаалы эгилген, анын ээси Чон Багыштагы Түмөнбай деген өмүр боюу актив болуп иштеген кишинин күйөө баласы Абдихалил деген киши эле. Ал киши өзү пахтага суу койот, каалаган убакта шаалысына буруп алат ага эч ким эч нерсе дебейт, себеби бүт эл Түмөнбай акени урматтайт. Мавлянбекти желкеме көтөрүп алып, беде аралап тумшугум жерге тийгендей эңилип шалыны жээгине араң жетемин, беде паянын ортосунда бир тыт бар ошого жеткенде бир дем алып, инимди ойнотумуш болуп,  Абдихалил акенин кетишин пайлаймын. Абдихалил аке шаалысына сууну толтуруп, менин кыбырап араң жүрүп, анын үстүнө  инимди көтөрүп алганым көрүп, ушунун колунан эмне келээр деп санаасы кадыржам пахта сугарганы кете берет эле. Ал кетээр менен  мен анын шалысындагы сууну оодарып аламын. Абдихалил акенин шаалысы бир аз бийигирээк жерге эгилгендиктен суу дайыма биздин шаалыга оңой өтөт эле. Мен ошол суу оой турган жердин астынан билектен жоонураак кылып тешип койом, суу бизге ооп бүткөндө тешикти бекитемин да инимди көтөрүп качамын. Бир күнү дагы ошондой уурулук кылып жатсам Абдихалил келип калбаспы, кууп жүрүп урду, оозунан ак ит кирип, көк ит чыкты, аябай уят сөздөр менен сөгүп тилдеди. Мен качып жеткизбей койдум. Айылга чейин кууп барды, буйтап адаштырып качтым да кайра иниме барсам ал жаткан жеринде жок, кечке издеп араң таптым, ал ордунан туруп бир топ жерге барып бүлдүркөн терип жеп, ошол жерде көлөкөдө уктап калыптыр.

Эки жыл бою шаалы эгип, инимди желкеме көтөрүп алып эки чакырымдан ашуун жерге барып- келип жүрдүм. Шаалыны эгип, бышырып, аны жанчып, сокуга салып түйүп, күрмөгүн башка, акшагын башка, күрүчүн башка, ажыратып, орто күрүчүн оокатка иштетип, чоң күрүчүн сатып тиричилик өткөрүп жашай бердик. Чоң атамдар «Кеткиле» деп ачык да айтышты, кысым да көрсөтүштү, бирок биз жүрө бердик.

Чоң атам, абам балдарына түрдүү кийим кечелерди буюмдарды алып беришет. Көргөн сайын сыздап кетемин, бирок канткенде да бала экенбиз, тез эле унутуп калабыз да ойной кетебиз. Бир күнү чоң атам уулу Өсөралыга  саат алып берди.

Көрөйүн десем көрсөтпөйт, айылда мага окшоп буюмдан көзү өткөн балдар көп, баарыбыз колубузда барын берип, жалдырап жүрүп көрөбүз. Андан көп узабай эле  чоң атам уулуна дагы 20 «SEMSON» деген жазуусу бар ээри жумшак укмуш кооз жалтыраган велосипед сатып келди, анан эми укумушту көрө бер. Велосипедди бир көрүү бир сындырым нан, эки алма же бир шиңгил жүзүмгө тең турат. Кимде ким велосипед көргүсү келсе жогоруда айтылгандарды өзү жебей алып келет. Ал велосипедди минүү жөнүндө сөз жок. Өсөр жаштайынан эле эстүү, боорукер бала эле, менден ал «налогдорду» албай эле велосипедин көрсөтчү.

1948-жылы, менимче май  же июнь айы эле, Ботобек абам Анжиянга барып Равшан деген кызына сонун кийимдерди алып келди, бир короодо жашайбыз, аны көрсөк  көзүбүз күйчү. Алардын казанында күндө эт кайнайт, түрдүү тамак даярдалат, биздин казанда суу кайнайт. Токтогул акын айтмакчы «Койчу, койчу кайсы бирин айтайын».

Ошентип, 1948-жыл да жүрөктөн кеткис  армандар менен өттү. Мавлянбек иним үч жашар болуп калды өзү болук, сулуу бала эле. Кокусунан ооруп ысытмасы күчөп кетти. Тамагына «бүмө» деген жара чыгып, деми кыстыгып, түнү менен ата-ата, нан, нан деп чыгат, үч күндө эле бала болбой калды. А көрсө ангина болгон экен, эч ким кабар албады. Догдурга барса адам болбойт дептир. Күндүзгү саат 11-12 де баланы апам үйгө салкынга абайлап жаткырды. Ушул мезгилде чоң атам келди, бирок бала алдан тайып калган эле чоң атам кайра чыгып кетти. Бала үзүлүп калды, өлдү. Кийин эс тарканда акыл калчасам иним атама аябай куса болгон экен, анын үстүнө тамак да тартыш болуп, толук оокаттанбай, бала аябай эле алсыз экен. Атам маңдайында болсо же дары дармек болсо, же керектүү тамак болсо өлбөй калаар беле. Ушинтип иним ангинадан, анан кароосуздан эле өлүп калды. Уулуу жыландар, жырткыч айбандар деле балдарына камкордук кылып, ошолордун келечеги үчүн күрөшөт турбайбы. Адамдын кайдыгердиги атам замандан келе жаткан өнөкөт экен, ошол кездеги врачтардын кесепети да тийди. Алар акыретте кантип жооп беришээр экен?

Иним өлгөндөн кийин 10 күндөн кийин атам батага келди. Калп эле ыйламыш болот, ичип алыптыр. Чынында мен атамдын  артистигин жактырбадым, жек да көрүп калдым, иним ачкадан эле өлүп калды а бул болсо мынтип…  Азыркыга чейин мен бир нерсеге таң каламын, үч баланы ач-жылаңач жалдыратып таштап коюп чоң атамдын, абамдын боору кандай чыдады экен, эмне үчүн бизди мынчалык кордоду, биздин күнөөбүз эмнеде?

Иним өлгөндөн эки айдан кийин атам, агам экөөбүзгө кийим кече кылып бирөөдөн берип жибериптир. Кантсе да балабызда атам жөнүндө сөз кыла берсек, балким дагы эле балалык кусалык барбы айтор муну байкап калган апам күз айларында бизди атама Кызыл-Пахтачыга алпарып берди. Атам бизди адегенде Карачач эженин, андан кийин Палван акенин үйүндө алып жүрдү. Өзү шаарга барып- келип  иштеп жүрдү. Бизден болсо бир жумада бир же эки жолу кабар алып коет. Эки айдан ашуун жүрдүк кийимдерибиз кирдеп, биттеп, чачтарыбыз өсүп, кыйналып анан калса апамды аябай сагынып кеттик.

1948-1949-жыл кыш катуу болду. Январь айы агам экөөбүз калтырап, титиреп өткөн машинаны тосо бердик. Бир  убакта «Урал-ЗИС» деген машина келип токтоп калды да кабина эшиги ачылды, шофер орус киши экен күлүп турат. Экөөбүз отургандан кийин ал:

-Кайда барасыз?- деди эле, экөөбүз жарыша:

– Бек-Абатка- дедик.

– Утириң, утириң, сиз савип калган -деди өтө кичи пейил, кызыкча

киши экен  -Меники атым Михаил, а сиздики ат кандай?

– Камал, Арстанбек- деп жооп бердик.

-Оо, жакшы, жакшы, а сиздики ата бар, жок? – деди эле, акам:  -Атабыз бар Кызыл -Пахтачыда сельсовет болуп иштейт-десе,

-Оо, болуш да, а сиздики үй кайда? Апа барбы? -деп кайра сурады,  -Апам бар, үч айдан бери көрүшө элекпиз, үйүбүз Бек-Абадтын Социализм колзохунда- деп жооп бердим.

-Ата башка катын барбы? – деди эле,

-Ооба башка катын менен турат- дедик.

Бир топ жерге чейин үн сөз жок келдик. Шофер кайра сөз баштады:

-Биз фашист ултирдик, болалар сактадык, жуда көп киши улди. Мен сиздин атага түшүнбейт-деп башын чайкап койду.

Күүгүмдө Бек-Абатга келдик, анда азыркы үйлөр, чоң жолдор жок эле. Чоң жолдон биздин үй жакка пахтанын ортосундагы ок арык менен барар эле, кыш карлуу, караңгы болуп калды. Ээн талаа менен 500-600 метржүрүп анан кыштакка кирет элек. Ошонун эсебинен алдыбы же бизди коркот дедиби:

-Үй кайда-деди,

– Мына бул айылда- деп жарыша жооп бердик.

Шофер карап туруп, экөөбүзду жетелеп жөнөдү да, үйгө 200 метрдей калганда:

-Жүгүр, жүгүр, мен карап турам, жүгүр- деп токтоп калды. Экөөбүз чуркап айылга кирип келдик.  Атаганат, атамдын жүрөгү бир жолу көргөн орус шофердун жүрөгүнчөлүк да ийибеди. Үйүбүз айылдын башында болгондуктан биз токтоп, артыбызды карасак шофер эми бурулуп жөнөгөн экен.

Апам Кумуру эжем экөө сүйлөшүп отуруп сыртка чыгышып, берки талаа жакта эрбең-сербең этип чуркаган балдарды көрүп, карап токтоп калышкан экен. Биздин келгенибизге ишенип ишенбей тамды айланып көчө жакка өтүшүптүр. Алар дарбазага жеткенде биз чоң, көчөгө чыгып бурулдук. Бизди тааный коюп эле апам бакырып ыйлап жиберди. Экөөбүздү экөө көтөрүп үйгө кирди. Бир оокумга чейин божурашып отурдук. Курсагыбыз ач эле, нан, чай менен тойгуздук. Анан апам менен Кумуру эжем агам экөөбүздүн чачыбызды алып, суу ысытып жуунтуп жаткырды. Чарчап келип, жуунуп, жылуу төшөккө жатканга тез эле уктаптырбыз. Түн жарымынан оогон кезде ойгонуп кетип карасам апам менен эжем көйнөктөрүбүздү отко кактап, биттерин терип жаткан экен. Бир убакта эжем көйнөк шымыбызды жууй баштады. Төрт күн өткөндөн кийин тайэнемдерге бардык. Алардын Мамадали деген азербайжан кошунасы, анын Кибар, Аскар деген уулу, Гузал деген кызы бар эле. Ошолор менен ойночубуз. Мамадали чал бизди коерго жер таппай эркелетип «Галиниз, галиниз огланларим. Вай бек сизден каден алам, каден алам, беним жажжи жожукларим» деп колунда эмне болсо берип сыйлаар эле. Бир жуманын ичинде өңүбүз бир аз кызарып адамга окшоп калдык, анан мектепке бара баштадык. Апамдын агасы Абдрахман тагам эки күндүн биринде эле «балдарыңды атасына берип эрге тий, же болбосо арызданып бир жаңсыл бол» деп эле апамды кыйнай берди.

Бир күнү апам сельсоветке арызданып барат, Сельсоветтин төрагасы Сайпиллаев Тешебай деген моралдык жактан бузулуп, Казимжан деген жалгыз уулун таштап башка катынга үйлөнүп алган киши экен, ал кайра атамды жактап сүйлөйт. Апам райкомго, прокурорго барыптыр, бирок иш оңолбойт, көрсө чоң атам, атам, абамдар « бир жакадан баш чыгарып»  ишти бүтүрүшкөн экен, байкуш апам аны билбептир. Анан апам Жалал-Абад обкомунун «женотделине» кайрылат. Атамдын бир тууган жээни Ашырматов Кожалы обком комсомолдун биринчи секретары экен ал «женотделдеги» аялдын тынчтыгын коргойт. Андан кийин апам эч кайда арызданбайт. Күндөрдун биринде областтык «Большевиктик жол» гезитинен Эшиев деген кабарчы келет. Ал бардык фактыларды жазып кетиптир да чоң фельетон кылып басыптыр, бирок андан эч нерсе өзгөрбөйт, эми үч бир тууган биригип бизди такыр жок кылуунун айла амалын издешет.

Шералы шалпык деген звеновой бар эле. Ошол кишиге «Саламатты иштетпе, эгер сөз кайрыса ур» деп тукурушат. Шералы тапшырманы так аткарат, апам үйгө келсе короодогу огородубузду эки киши чаап жатыптыр. Чоң энем Ходяхан:

-Бул жерге кайнагаңыз картошка эгебиз деди- дейт.

-Эгерде ушул жерге башкарманын күнү түшүп  калган болсо, мен кечтим, силер тойгула!- деп апам басып кетет.

Эртеси апам Ленин колхозунунун башкармасы Исманов Осмон акеге, орун басары  Далматов Абдилла акелерге жардам сурап кайрылат. Себеби «Социализм» колхозунда жашоого болбой калды, төркүндөрүнө да чыккан кыз батмакпы.  Ушул жерде айта кетчү бир нерсе бир эле жерде төрт кишинин аты Абдилла болчу, аларды адаштырып койбос үчүн аларга эл псевдоним коюп алышкан. Биринчиси – «Абдилла-кал» (таз)- бул акылдуу, эл сүйгөн коммунист эле. Өзү таз эмес, акылдуу үчүн эл ушинтип атап коюшчу экен. Экинчиси –  «Абдилла –каранда»- бул өтө бой көтөрүп, короздонуп жүргөн, сөзү өтүмдүү, маданияттуу киши эле. Үчүнчүсү –  «Абдилла-чипаң»- бул кичинекей жеңил өтө кичи пейил киши эле, ал эми төртүнчүсү –  «Абдилла-караң»- ал дүлөй эле.

Осмон аке менен Абдилла кал макул болушуп эртеси Өмурзак жана Райим-кара деген арабакечтерди арабасы менен бизге жиберет. Колдо болгон буюм теримдерди алып, Ленин колхозундагы Кызыл-Багыш айылына жөнөдүк. Эл ызы-чуу түшүп ыйлап-сыктап бизди узатышты, алардын ичинде туугандарыбыздан эч ким жок. Келе жатып мүрзөгө токтоп, иним менен коштошуп чыктык. Биз келген жерде жаш коммунист Ормонов Мамат аке биргадир экен. Биз көчүп келип Ташматов Кубат аканин үйүнө кирдик, ал киши башка колхоздо бухгалтер экен. Бир жылдан кийин Кубат аке көчүп келди эле, үйүн берип, Мадымар акенин жаңы салынган али эшик терезеси жок үйүнө көчүп кирдик да, эшик терезенин ордуна шалча, жууркан-төшөк тосуп, кыштан чыктык. Кайра Кубат акенин үйүнө көчтүк. Андан Абдрахман тагамдын үйүнө бардык. Бир күнү агам экөөбүз шоктонуп олтуруп бир көз айнегин сындырып койдук. Тагам келип апамды урушуп ыйлатты.  Бизди – бар атаңа кеткиле –деп тилдеди, а көрсө тагам апамды эрге бермей болуп көндүрө албай жүргөн экен, терезе жөн эле шылтоо болуптур. Ал жерден капа болуп кайра Кызыл-Багышка көчүп келдик.

Абдилла-чипаң деген тегирменчинин үйүн сатып алып ошол жерге отуруп калдык. Ал үйүбүз 1951-1952 -ж. улуу кардан кулап түштү. Таэнем берген энчи уй тууп берди эле ошону сатып 1952-жылы кайра үй салдык. Ошол жылы Зууракан аямдын күйөөсү Мурзаев Куват абам биздин колхозго башкарма болуп калды. Ал киши өмүрүнүн акырына чейин бизден жакшылыгын аяган жок. 1953-жылдары Кызыл-Пахтачыдан атам Үлгүгө сельсовет болуп которулду. Кайра-кайра катын алып сулуу келиндерден кыя өтпөй доор сүрүп турду.

Биз окуп жүрдүк, ал жылдары мектепте түнөп, пахта терчүбүз. Жегенибиз кара бөлкө нан, ичкенибиз карагайдын майынан жасалган шорпо менен чай. Транспорт жок, пахтага жөө барып жөө келип жүрдүк.

1952-жыл. 4-ноябрь. Бул күн эч унутулбайт го. Түшкү тамакта отурсак бир жигит келип, сени чоң атаң чакырып жатат деди, агам экөөбүз чуркап чыксак чын экен. Чоң атам:

-Кечинде биздин үйгө баргыла- деди, биз макул болдук.

Кечинде барсак ал жерде атам, абам отурган экен, бизди кайдыгер  кабыл алышты. Чай ичилип бүткөндөн кийин экөөлөп бизди ортого алышты. Атам:

-Эмне үчүн обл. жен. отдел, прокурор сураганда «Атама барбайбыз, апам менен калабыз» дединер, уул бала ата менен болушу керек, эртең эле апаң эрге тийип кетет, ошондо силер менен саламдашамын – деп коркута баштады.

-Сиздин колунузда деле жүрдүк го, мактанаарлык деле эч нерсе көргөн жокпуз. Бит деген байлыгыбыздан араң кутулдук, эгерде дагы эле ошондой бейишти убада кылсаңыз анда рахмат- дедим. Эми ал бизди коркута албасына көзү жеттиби же бул сөздөрдөн майнап чыкпасын билдиби айтоор жойпуланып алдай башташты:

– Айнанайын тапандарым, эй карачы көйнөгүң, өтүгүң жыртылып, үстүң кирдеп бүтүптүр, эртең эле кыш келет. Азыр кымбатчылык экенин билесиңер, апаңар силерди бага да, окута да албайт. Мен силерге өтүк, пальто алып келдим, бул башталышы гана, эгер мага барсаңар саат, велосипед жана башканы алып беремин- деп бизди алдап көндүрүүнүн аракетин кылып жатты. Ботобек абам да жөн турбай атамды коштоп кийимдерди улам көрсөтөт. Атам:

-Эгер мени менен кетсеңер булар силердики, эгер кетпесеңер бул күнүңөр аздык кылат, чор таман бойдон каласыңар- деп айласы кеткен кишидей коркута сүйлөдү. Чоң атам бардык сөздөрдү угуп отурду, бирок сөз кошподу. Кийим-кечеден кыйналып жүргөн жаныбыз көзүбүз өтүп, макул болсокпу дейбиз, эгер макул болсок апам жалгыз калат. Тамак бышып колго суу бериле баштаганда агам экөөбүз сыртка чыгып кеңешип көрдүк. Макул деп барып кийимдерин кийип качып кетели да деп көрдүк. Бирок алардын акыркы сөзү менин намысыма тийди окшойт, жүр кетели аке, аларга кайра кирбейбиз дедим. Экөөбүз ошол бойдон кайра кирбей түнкү саат 11-12 ченде Кызыл-Багышка кетип калдык. Yйгө барып, болгон окуяны шаша-буша жарышып апама айтып бердик. Апам:

-Мен силерди согуш жылдары өлүп калат деп корктум эле, кудайга шүгүр, эсен калдыңар, бирок, келечекте силердин алдыңарда эң көп өзгөрүүлөр болот. Силер чоңойосуңар, окууга барасынар, үйлөнөсүңөр, жакшы кийип ичкиңер келет. Ошондой учурда жоро-жолдоштордун алдында жер карап өксүп каласыңар балам. Силердин талабыңарды аткаруу менин колумдан келбейт, атаң туура айтыптыр, али да болсо кеч эмес, атаңарга баргыла. Мен ак сүтүмө ыразымын, эгерде силердин келечегиңерди көрбөй өлүп калсам, мени унутпагыла, эгер өлбөй жүрсөм көрүшөрбүз- деди. Бирок, биз макул болбой, кетпей койдук. Атам эл угуп калса уят болорун билдиби же чоң атам айтканбы айтоор, алган кийимдерин Насир аке аркылуу берип жибериптир. Ал кийимдерди үйгө коюп келейин деп директорубуз Шамшиев Буркан агайдан жооп сурасам жооп бербей тилдеп жиберди. Мен агайларга көрүнбөй качып жөнөдүм. Эми чоң жолго жетип калганымда Жунусов Дыйкан деген агай (өзү жездебиз болот) велосипед менен жетип барып мени кармап, Шамшиев агайга алып барды. Шамшиев мени жаактан ары күч менен уруп жиберди эле оозу-мурдуман кан кетти. Мен таякты жеп алып унчукпай ачык эле тик басып кетип калдым. Пахтага барбай койдум, бир жумадан кийин Розиев Ташполот, Стамкулов Жолборс агайлар келип кайра алып кетишти.

Бек-Абад менен Кызыл-Багыштын ортосу 4 чакырым. Жөө барып келип окучубуз. Атам алып берген өтүктүн таманы түшүп калды, аны жип менен байлап алып келе жатсам Эшматов Жунус деген аяш атам, атчан келе жаткан экен, жолугуп калды, ишемби күнү эле. Ал киши бала пейил, тамашакөй, чынчыл, акыйкатчыл, чыныгы коммунист болгондуктан элдер аны Жунус орус дешет эле. Ал киши биздин абалыбызды, атамдын жоруктарын билбейт окшойт:

-Эй Коңурбай эмне атаң сени багалбай калдыбы, өтүгүңдүн кейпин карачы- дейт. Мен унчукпай өтө бердим.

Аяш атам байкап калды окшойт, артыман бастырып келип, мени токтотту:

-Атаң, «балдарым багалбай жатат, сен багып берчи» деп мага бир уй берди эле. Ал силердин уюңар эмеспи, жүрчү көрөлү-деп, үйүнө баштап барып, малканасынан бир кызыл түстүү кунажынды жетелеп чыгып, ачуулана:

-Ме алып кет, ушул силердин уюуңар – деди. Кийин билсем атам чынында эле аяш атама бир кунажынды карап бер деп берген экен. Биздин  абалды көрүп, аяш атам атама нааразы болуп, мага боор ачыган экен. Ал киши өтө чынчыл, боорукер, адамкерчиликтүү коомдук иштерге жанын үрөп кызмат кылган киши эле. Кимде ким тартипти бузса аны эч аячу эмес.

Уйду жетелеп үйгө келсем, апам аң-таң болуп туруп калды. Мен болгон окуяны төкпөй чачпай айтып бердим. Апам атаңа кабар берип кой, уят болот деди. Мен Жалал-Абадга барсам атам үйүндө жок экен. Издеп базарга барып таппай кайра келе жатып ашканага баш баксам, атам чоңдор менен ичип олтуруптур. Мени көрүп дароо утурлай басты, себеби менин кебете кешпиримди көрүп жанакылардан намыс кылды окшойт, мени ымдап сыртка алып чыкты да:

– Эмнеге келдиң –деди,

– Үстүбүз жыртылып кыйналдык, бир деме алып бериң-дедим, атам ачууланып:

-Менин эч нерсем жок, жакшы көргөн апаң алып берсин, бар кетебер – деди. Мен да кырлуу бурулуп туруп:

-Мен Жунус аяш атамдагы уйду алып кеттим, сатамын. Сиз биздин уй деп берипсиз го – дедим.

Атам селт этип чочуп кетти:

– Аны сен кайдан билдиң, ким айтты?

-Уй биздин үйдө турат, эртең базарга алып келип сатамын – дедим да басып кеттим. Кечки суук кирип калгандыктан, чуркап отуруп вокзалга жетип, кудай жалгап бир машина келип калган  экен, аны менен  үйгө жетип алдым. Менден бир аздан кийин эле вилисте атам келди да айыл аксакалдарын чогултуп, уйду алып берүүсүн суранды. Атам ар дайым чоң кызматта жүргөндүктөн чогулган кишилер эки жүздүүлүк кылып, атамды сыйлап «уйду бергиле» деп, бизди  жемелей башташты.

-Бул уй биздики, ишенбесенер Жунус аяш атаман  сурагыла, уй менен силердин ишиңер болбосун, атам бизди багууга милдеттүү, баргыла нары, уй берилбейт- деп жиним менен катуу тийдим. Эртеси базар күнү уй сатылбай калды. Кийинки базар Жолборс деген абаларыбыз бар эле уйду 4100 сомго сатып, 2000 сомдон атама жана бизге тең бөлүп, 100 сомун өзүнүн далдалчылыгына  алып калды.

1953-жылы атам исполкомго өттү. Күндөрдүн биринде агам экөөбүз жөн эле атабызды көргөнү бардык. Дарбазасы жабык экен, такылдатсак аялы чыгып жаман көрүп, «атаң азыр чыгат»- деп кирип кетти. Бир убакта атам чыгып:

– Эмнеге келдиңер- деди,

– Жөн эле- дедик.

-Азыр жоголгула көзүмө көрүнбөй, болбосо атып салам -деп наганын кармаганда, агам экөөбүз тең арыктын кырына жата калдык. Жылып-жылып олтуруп, артыбызды карабай качтык. Биздин балалыгыбыз ушинтип өттү.

1952-жылы агам, 1954-жылы мен, комсомолго мүчө болдук. 1954-жылы 7-классты бүттүк. Атам Мукаддас деген кыздуу болду, аны да жетим кылып башка аялга үйлөндү. Ошентип, жүрүп канча аял алды билбей калдым, он чакты алды окшойт.

1954-55-окуу жылында Жалал-Абад педагогикалык окуу жайына студент болуп кирдим. Биринчи курста жатаканада, экинчи курста квартирада жашадым, анан ушул Кызыл-Багыштан шаарга жөө барып келип окудум. Мага окшогондон экөө бар эле Ибрагимов Суран, Жумабаев Жалил. Булардын аталары согушта курман болгон. Ар күнү эртең менен саат 7-00 де жолго чыгып саат 8-00 де жетип барчубуз. Жегенибиз жарты нан, эки стакан чай болор эле. Ycтү башым жупуну болгону үчүн эл чогулган жерге барчу эмесмин. Түндөсү айылдагы кемпир, чалдарды чогултуп Токтогулдун ырларынан, Курманбек эпосунан окуп берип, баталарын алчумун. Шарт жетишпегендиктен начар окуп жетишпей калдым. 1956-жылы 23-сентябрь күнү үчүнчү курска мына көчтүң дегенде окуудан чыгып калдым.  Ибрагимов Суран да айдалды.

Мен колхозго келип Маташимов Абдивали, Ахметов Карабай деген шоферлорго жардамчы болуп иштедим жана Бек-Абаддагы Киров орто мектебине кирдим. Кайра агам экөөбүз бирге окуп калдык, түштөн мурда мектепте, түштөн кийин Жалал-Абаддагы автошколада окудум. Анан экөөбүз түндөсү мектепте кароолчулук кылабыз, агам кочегар да болуп  иштейт, күн артынан күндөр өтө берди. Агам армиягя чакырылып, танк полкунда кызмат өтөп калды. Ошентип, окууга болгон көксөө мени удургутуп, күчөй берди. Беш- алты тууган-урукту чогултуп окууга баруу жөнүндө кеңеш салдым. Алар:

-Сен окууга кире албайсың, окуй да албайсың, апаң да бир күн соо болсо, беш күн оору болуп ара жолдо турат, агаң армияда жүрөт. Каражатың жок, орус тилин билбейсиң, оозунда от күйгөн азаматтар да окуй албай жүрөт, сен убара болбо, бизден болсо эч нерсе үмүт кылба, ар кимибиз өз тиричилигибизди араң өткөрүп жүрөбүз- дешип, тетири басышты. Ойго баттым. Чынында апамдын абалы бул болсо, туугандардын кейпи белгилүү, бирок абаларымдын сөзү чучугума жетти. Эртеси ишке барып аванс акча алып, бир кап ун, бир жарым тонна көмүр жана башка майда бараттарды камдадым. Колумда кудай жалгап 1961 –жылдын 15-июлундагы комсомолдун Борбордук Комитетинин  Пленумуна чакырган мандатым бар эле. Менин максатым ошондон нары окууга кирип алуу.

Ошентип Фрунзеге сапар чектим, поезд эки сутка жүрөт экен, 15-июлда Пленумга катыштым, ал да да бүттү. Окууга кирүү дегенде эки көзүм төрт. Бирок  апам эмне болот деп кечке ыйлай берип көзүм кызарып шишийт. Али кайсыл окууга кирерим да белгисиз, эч кимди тааныбаймын, жанымда болгону 45 сом акчам бар. Эртеси университетке барып, документтеримди тапшырып коюп шаарга чыктым, эмне кылаарымды билбейм. Кокусунан эле Насыр деген бөлөм жолугуп калды. Ал 1959-жылдан бери Фрунзеде иштеп, квартирасы бар экен. Мен алар менен турмак болдум, бирок бирге турган балдары мени жактырбагандай болушту, чынында эле артык-баш элем. Байкамаксан болуп  жашай бердим.

19-июль күнү Мукаш деген Ачылык досум учурап калып:

-Алыскы райондордон келгендерге жатакана берип жатат, сен деле кирип, шартыңды айтып көрбөйсүңбү- деп калды.

20-июль 1961-жылы кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысына кирсем:

– Орун жок. Борбордук окуу жайларына баруучулар үчүн Министерстводон буйрук келип, баардык орунду ээлеп койду- деп жооп берди.

– Андай болсо документтеримди бериңиз, мен кетүүгө аргасызмын, жашай турган жерим жок – дедим, жооптуу катчы менин кайдан келгенимди, аабалымды сураштырып, столду такылдатып узакка  ойлонду. Бир оокумда трубканы алып №3-жатакананын комендантына эптеп бир орун таап мени жайгаштырып коюуну буюрду, толук таржымалымды айтты.

Ишим оңунан чыгып, комендант макул болду. Жооптуу катчы мага ордер берип жатып:

-Менин аты жөнүм Мукамбаев Жээнбек болот, сен эми жакшы даярданып окууга өтүп ал, мен буга ишенемин. Али силердин келечегиңер алдыда балам- деп ийгилик каалап, көңүлүмдү көтөрүп чыгарды. Бир бөлмөдө жети бала турдук, биринчи эле экзаменде алты бала кулап кетти, өзүм калдым, дагы беш бала кирди алардан да төртөө кулап, он эки баладан эки бала калдык. Бири- мен, бири- Өзгөндүк Жолдошов Батырбек деген бала. Күнү-түнү даярданып төрт экзаменди бирге тапшырдык. Төрт жылдык стажым бар эле стипендия укугу менен тарых факультетине кирип калдым.

Кубанычым койнума батпайт. Болгон окуяны айтып Сузак райком комсомолунун биринчи секретары Каинов Таштанга билдирдим да мага расчет берүүсүн сурандым. Т. Каинов – сен эмгек тартибин бузуп, 17-июлдан бери жоксуң, сени комсомолдон чыгарып окуудан айдатамын – деп, денеми муздак суу чачкандай соолуктура койду. Чынында анын айтканды туура эле. Айла түгөндү кайра, «Багы жокко дагы жок» демекчи кимге барам. Тобокелге салдым да Кыргызстан ЛКЖС БКнын биринчи секретары К.К. Кулматовго кирип, болгон окуяны, таржымалымды түшүндүрдүм. Ал киши жылуу кабыл алып, сөзүмдү толук укту да, Сузак райком комсомолу менен тез эле байланышты. Каиповго окуума тоскоолдук кылбасын дайындады да, – тез арада расчет акчасын жибергиле мен өзүм контролдойм -деп трубканы койду. 5-сентябрь 1961-жылы 82 сом расчет акча келди, анын 60 сомун апама кайра жибердим. К. Кулматовго барып ыраазычылыгымды билдирдим.

Артыман жардам берээр эмес кайда жүрөсүң деп сурар кишим жок, ай сайын бериле турган 22 сом стипендияны тамакка да кийимге да жеткирээр  элем. Студент мезгилимде да жакшы кийип, жеп-ичип, эркин жүрө албадым.

1962-жылы агам армиядан келди. Жалал-Абад педагогикалык окуу жайына өттү. Ал үйгө жакын болгондуктан ай сайын стипендиясынын 10 сомун мага жиберип турчу. Өзүм да күнбү-түнбү, айтоор эби келгенде эле иштеп акча таап эптеп жашап жүрдүм, фотоаппарат менен сүрөт тартканды үйрөнүп, сүрөт сатып да жашап жүрдүм. Айта кетчү бир нерсе мен ар жыл сайын жайкы экзамен, зачетторду бир ай мурда эле  тапшырып, үйгө эрте келип, 25- августка чейин колхоздо иштечүмүн, эмне иш буюрса ошону аткара берет элем.

Мен үчүн 3-курс өтө оор болду, биринчи жарым жылдыкта эки сабактан экзаменди «үч» кө тапшырып калып, стипендия албай калдым. Түнкүсүн иштеп күндүзү окуп жүрдүм. Кочкор тагам Москвадан алып келген бир жемпир, бир туфли бар эле аны саттым, анын акчасы түгөнгөндө, Миталип досум алып берген пальтону саттым, Маккамбай жээним эскирээк костюмун берди, Өсөралы иним бир плащ алып берди, эптеп ошолорду кийип кычыраган кыштан плащчан чыктым. Акыры айла кетип, атама кат жазсам сегиз сом акча жибериптир. Ботобек абама кат жазсам: «Сен эмне милдетке окуйсуңбу, сен келип менин балдарымды окутпай эле кой»- деп жооп берди. Бул сөздөр мага канчалык оор баткандыгын сөз менен айтуу кыйын. Акыры мектептеги агайларыма кат жаздым: Карабажаков Хызыр, Акбуюков Шукри, Карашов Садыр, Розиев Ташполот агайлар 45 сом жиберишти.

Ошондой күндөрдүн биринде  апам кейип жол кезе бараткан го бир  вилис токтоп «эмне кейип баратасыз?» деп сураптыр, апам көзүнүн жашын сүртүп артын караса колхоздун башкармасы Атабеков Сайпидин агай экен. Апам болгон окуяны өңгүрөп жибериптир. Башкарма чөнтөгүнөн  25 сом акча бериптир да «келгенде мага жолуксун» деп дайындаптыр. Сайпидин аке бизди жакшы билчү, анын үстүнө мен жыл сайын каникулга келгенде жай бою колхоздо иштеп кетчүмүн.

Арада ай өтүп, каникулга келдим, апам кайнак сууга каткан нанды жибитип жеп олтурган экен. Мен кайра чай кайнаттым да Фрунзеден ала келген кант, булочка, бублик жана башкаларды коюп чай ичтик, агам окууда экен. Кечке жуук ал келди, экөөбүз кучакташып эч сагынчыбыз тарабайт, себеби 1958-жылдан 1962-жылга чейин жолугушкан эмес элек. Эртеси колхоздун конторасына барып Сайпидин акеге, ыракмат айттым да:

– Эртең эмне иш кылайын? – деп сурадым.

Сайпидин аке:

-Сен азыр складга барып акиташ жана бир куба жыгач алып тез үйүңдү ремонт кыл. Анан тоют даярдоого, анан пахтага жардам бересиң – деп складка кагаз жазып берди. Беш күндүн ичинде үйдүн аер-биерин оңдоп актап, короону тазалап, иреттеп бүттүм.

25-августка чейин колхоздо иштедим 26-август күнү 154 сом акча100 кг. буудай берди.100 кг. буудайды жана 100 сом акчаны үйгө калтырдым. Бригадир Ормонов Мамат аке үйүнө чакырып мейман кылып, акыл-насаатын айтып 50 сом акча берди, аларды алып 28-август күнү окууга кайра жөнөдүм. Менин «күйүмдүү» туугандарым кайда жүрөсүң деп суpaп да койгон жок.

Ушул жерде бир нерсе эске түштү, мен экинчи курста окуйт элем, Үмөтаалы Ашырматов деген бир тууган жээнибиз айыл-чарба институтунун үчүнчү курсунда окуйт эле. Маккамбай жээним кирбей калды, Өсөраалы биринчи курста окуйт. Чоң атам Фрунзеге барып калды. Эртеси Умөтаалыны, Макамбайды, мени, Өсөраалыны чогултуп ашканага алып кирди, барыбызга бирден борщ алып берди. Анан Өсөралыга 200 сом акча берди, Үмөталы жетим, Макамбай жетим, мен тирүүлөй жетим, үчөөбүзгө эч болбосо 3 сом берип койбоду. Үмүтүбүз текке кетип омсоңдоп кала бердик, кийин үчөөбүз чогулуп капа болуп кете бердик. Анысы аз келгенсип, ата туугандарым «Арстанбек окубай эле «жол тосор» болуп алыптыр, хулиган болуп кетиптир десе кээ бирөөлөр «заводдо иштейт имиш ага окшогон жетимге окууну ким коюптур» деп ушак айың таратып жүрүптүр. Аларга көңүл да бурчу эмесмин, кимге капа болот элем.

Төртүнчү курста да Кара-Суу районундагы Карл-Маркс колхозуна пахтага келдик, бир костюм шым жана бир колсаатка иштедим, стипендия 35 сом болуп калды. 1965-жылы агам окуусун бүтүрүп, иштеп мага жардам берип калды. 1962-жылы кыз-келиндер институнан Иранова Айбарча деген студенти менен таанышып калдым, ал Ленин районунун «Ленин-Жол» колхозунан экен. Жакындан тааныш болуп жүрүп, бири-бирибизди толук жактыргандан кийин 1964-жылы 4-сентябр күнү үйлөнүп алдык да, ал Араванга, мен Кара-Сууга пахтага кете бердик. Пахтадан кайткандан кийин колдо бар мүмкүнчүлүккө жараша жупуну эле той өткөрдүк. Айбарчанын элине ага-тууганына баруу жөнүндө кеңештик. Ата-туугандарыман да, эне туугандарыман да эч кимиси жардам берген жок. Башкарма Атабеков Сайпидин аке бир кой берди, калганын Мамат аке өз мойнуна алды, карап туруп ары- корума келдим да атамдын саан уюн сурабай эле сатып, ордуна бир торпок алып эшигине байлап коюп баса бердим. Ошентип эптеп Айбарчанын элине барып келдик. Агалары Акматкулов Токтоналы, Иранов Турдумамат жакшы адамдар экен, бары-жогубузду билдирбеди. Кайнэнем, анын молдо Мамады деген агасы бир аз капа болушту ага себеп бар эле. Биз аларга айтпай эле үйлөнүп келе берген элек.

1965-жылы жайкы каникулда 600 сом акча таап, 300 сомуна базар кылып, чоң атамды, Ботобек абамды, Айбарчанын агаларына жибердим. Алар барып биздин үй-бүлөөнү бекемдөөнүн ордуна апамды, бизди жамандап ар түркүн ушак-айың сөздөрдү козгоп келишиптир. Бул көрүнүш Айбарчанын туугандары менен менин туугандарымдын ортосундагы мамилени начарлатып, көз карашты бузуп койду, ичтери дүпөйүл болуп калды, аңгыча каникул бүтүп биз кете бердик. Студенттер пахтага кеткенде биз деканаттан уруксат алып, менин айылыма чогуу кайттык.

Ошентип, каникул да бүттү, биз кайра шаарга жол алдык, сабактар башталды. 1965-жылы ноябрь айынын экиси же үчү эле, Дзержинский бульвары менен баратсам алдыман Кирсовпрофтун председатели   Т. Б. Балтагулов жолугуп калды, Жоомарт Бөкөнбаевтин эстелигинин алдында турган экен. Ал киши менен анча мынча жолубуз туура келип калса саламдашып өтөт элек. Кийинчерээк уулу Аман биз менен окуп калгандан кийин жакшы таанышып калдык. Мен жетип келип учурашып болгондон кийин Төрөгелди аке – «Арстанбек окууларың кандай, үйлөндү деп уктум досторуңа чай-пай бердинби?» -деп сурады, мен айылга жупуну чай бергенимди, бирок досторума чай бере элегимди айттым. «Сен эртең Университеттин профкомуна арыз жазып кел»-деди. Барсам университеттин профкому Акматов Казакбай ошол жерде экен. Чечимди чыгартып эртеси саат 10-00 де Кирсовпрофко бардым. Төрөгелди аке өзүндө экен, кабылдамада Камил Жангарачев (Мира Жангарачеванын атасы) деген кишини чакыртып мындай деди: -Бул жигит университетте окуйт, жакында үйлөнүптүр, бирок досторуна чай бере элек экен-деп күлүп койду да- ушул жигитке жардам берели-деди.

К. Жангарачев – Албетте мындай окуя өмүрдө бир болот экен тили кыска болбосун да- деди. Балтагулов Жангарачевге канча акча бере аласыз? – деп сурады эле, ал –  500 сом бере алабыз деп жооп берди.

Айбарча менен кеңешип ишемби күнгө тойду белгилеп, элди чакырдык, аз эле эл чакырдык, себеби биз отурган квартиранын чоң залын сураган элек, зал тар, акча да ченелүү. Тойго Балтагулов  аялы менен, жогоруда мен айткан атамдын жээни Ашырматов Кожалы, Сатывалдиев Тайырбек деген  ырчы жана башка шаарда окуп жүргөн  тууган – уруктун балдары келишти.

Арада уулдуу болдук. Университет педпрактикага мени Фрунзеде калтырып, Айбарчаны Ыссык-Көлгө Рыбачы шаарына  жиберип салды. МинВУЗга кирсек  такыр макул болбой койду, айласыз Мыктыбекти  апама тапшырдык. Практикадан келип апамды Фрунзеге алдырдык, дарыладык, доктурларга көрсөттүк, бир топ жакшы болуп калгандан кийин апам Мыктыбекти алып айылга кайтты.

1966-жылы июлда Айбарча экөөбүз тең окууну ийгиликтүү аяктап дипломду алып, колдо бар эмеректерди көтөрүнүп Кызыл-Багышка көчүп келдик. Экөөбүз тең мектепке орноштук. Бир жумадан кийин Айбарча Педучилищага мугалим, мен Сузак районосуна инспектор болуп дайындалдык. «Жетим ыйлап күн көрөт, улак маарап суу кечет» -деген ушу тура, чыдаса болот экен го чиркин.

ТУРМУШТУН ЖАҢЫ СЫНООСУ

Эми мени үй-бүлөлүк жашоо тору кыйнай баштады. Дартымды кимге айтам. Апам жашынан жесир калып чарчаганбы же дос-душмандын жамандаган сөзүнө кирдиби айтоор ар күнү тырмактын кычыгынан кир издеп, Айбарча менен уруша бермей болду. Аны балам – ботом кылып, турмушка үйрөткөндүн ордуна динге, салтка шылтап эле тажата баштады. Мен дагы турмуштук тажрыйбам жок болгондуктан апам менен Айбарчанын ортосунда жалпы тил таап тынчытып кое албадым. Апам бизди жаман болсун дебесе керек деп апамды колдоп коер элем, же апам ошого эреркедиби билбеймин айтоор экөөбүздү бөлүп, турмушубуздун бузулушуна алып келди. 1966-жылы Айбарча төркүнүнө кетип калды. Жарашуу бир аз кыйындай көрүндү мага.

Айбарча боюнда кеткен экен,  1967-жылы Назира кызымды төрөдү экөөбүз эки жерде иштеп жүрө бердик. Эки жарым жыл Мамат акем экөөбүз барып жүрүп чарчадык. Уруксатысыз үйлөнүп алганыбызга кайнэнемдин таарынычы али жазыла элек болчу, ал кызын  жибергиси келбейт, айла түгөндү. Анын үстүнө мен «Мүйүз сурайм деп кулагынан ажырады» дегендей, ишти оңдоймун деп ойрон кылдым, дос-душмандын сөзүнө кирип, бардык болгон окуяны гезитке жаздым, чылпагын алам деп көзүн оюп алдым. Эми таптакыр болбой калды. Анын үстүнө атадан , туугандан көрбөгөн мээримди алган жарымдан көрөм го деген арзуу чоң болгон окшойт, Айбарчага толук жөлөнүп алыптырмын, турмуш реалдуулугуна баш ийбей, ага башында өтө катуу таарынсам керек, кыйналып да кеттим.

1968-жылы Үлгү айылында жашоочу Осмонов Мырзабек деген бөлөмдүн Пазилат деген кызына үйлөндүм. Аны менен бир жарым жыл жашадым Жылдыз деген кыздуу болдум. Пазилат аябай тилдүү экен, оозуна келгенин кайтарбайт. Мыктыбек менин колумда калган эле, аны өгөйлөп күн көрсөтпөйт, бул азаптан тезирээк кутулбасам эртең кеч болчудай. 1969-жылы аны менен ажыраштым. Менин өзүмдүн бала кезимдеги атага болгон ынтызарлыгым эстен кете элек.  Мыктыбек менен Назира бири апага бири атага зар болуп эки башка тарбияланып калуусу канча оор болоорун эми түшүнө баштадым. Менин өксүгүмдү балдарым да көрөөрүн  каалабадым. Башында канчалык таарыбайын Айбарча көз ачып көргөн аялым болгондуктан анын ордун бирөө баса албады. Ошондуктан кандай болбосун Айбарчаны алып келүүгө белди катуу байлап, аракетти күчөттүм.

Байкуш Мамат акем, Жумагүл эжемдер  бүт күч кайратын жумшашты, убактысын, акчасын, машинасын эч нерсесин аябай күн-түн тоо-ташка чапкылашты. Эки кайнагам жардам берди. Кайнэнем да бир аз жибиди.

1970-жылы 25-сентябрь күнү кайра жарашып кадимки биринчи үйлөнгөн кыздай кылып, бүт эрежелерин аткарып, калыңын берип, эл журттан бата алып, үйгө апкелдим.

1971-жылы Жамийла деген кыздуу болдук. Мен 1968-жылдан баштап, Айбарча 1970-жылдан баштап Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында мугалим болуп иштеп калдым. Турмуш кайра өз нугуна кире баштады.

 Бирок көп өтпөй турмуш мага дагы бир калчоо салды. 1972-жылы 31-январ күнү менин 2-г классында окуган Абкадырова Гулшайыр деген абдан сулуу, эстүү, коомдук иштерге активтүү катышкан окуучу кыз менен 1-г классындагы Бакирова Ырыс деген кыз экөө батир үйдө жатып көмүрдүн газына ууланып өлүп калышты. Бул экөөнүн убалына директорубуз Тургунбаев Аким, зав. интернатыбыз Рахимова Зоя калды, себеби эки кыз үч жолудан арыз жазып келгенде да Рахимова Зоянын сөзүнө кирип, (анткени Абкадырова Гүлшайыр биринчи курста окуп жүргөндө Рахимовага сүрөт тартып бербей койгон экен) директор жатакана бербей койгон экен. Эки кыз өлгөндөн кийин комиссия түзүлүп, мугалимдер жамаатынан  мен, К. Бечелов, Н. Абдесова, М. Жайлообаев, М. Борбукеев Таласка, Кочкоров. Ш. А. Молокбаев, А.Темирбаев агайлар Ленинскийге бөлүнүп эки кыздын сөөгүн жерге коюга алардын  журтуна  жөнөдүк. Кар улуп, же директор же завуч, же зав.интернат эч кимиси эч кайда барбады. Жолдо баратып машинабыз авария болуп, бир жума дегенде араң барып келдик.

Келгенден кийин берки кыздын класс жетекчиси Молокбаев экөөбүздүн ишибизди текшерүү үчүн  жетекчилик  Ж.Сооронбаева, В.Борисованы комиссия кылып дайындашты эле, экөө 15 күн текшерип, директорго отчет берүү үчүн бизди алып киришти. Директор – мен силерди Батырбековду мактап келгиле деген эмесмин, аны айдоо керек – деп кыйкырып, калган отчету, түшүндүрмөлөрдү уккан да жок.

9-февраль күнү тарых жана коом таануу секциясынын башчысы Р.А.Абдулинди жана профсоюз уюмунун төрагасы Г.Г.Брызгалинди директор чакырды, биз да кирдик. Абдулинге – Батырбековду айдоо жөнүндө секция чогулушунун,  жана Брызгалинге – профсоюз уюмунун чечимин ушул жерде жазгыла  – деп буйрук берди. Экөө унчукпай, уялбай туруп эки чечимди жазып беришти. Ошол күнү кыскача педкеңешме өткөрүлүп, Ж. Жакыпов, Султанкулов, Абдыкеримова, Бударин ж.б. мугалимдердин, Сооронбаеванын, Борисованын далилдерине карабай, күчкө салып, педсовет чечим чыгарды, эч ким кол көтөргөн жок, бирок бул чечим бекитилди. Ошентип, экөөбүз жумуштан  айдалдык. Эртеси буйрук чыгарылып, горкомго, горисполкомго Минвузга рапорт жазылып, «күнөөлүүлөрдү» айдап, эки жүздүү жетекчилик  өзүн сактап калды.

Мен эч кандай арыз менен эч кимге барбадым, себеби менин сөзүмдү угаар эч ким жок экенинин билдим. Жетимге ким кулак салмак эле. Бир Кудай билсе болду. Ошол жылы партияга өтмөк элем, эми бул болбой калды. Квартирага биринчи кезекте  элем, ал берилбей калды. Кызматтан бошотуп кычыраган чилдеде көчөгө койду. Бул окуялар чоң таасир кылды окшойт, Айбарча 52 күн ооруканада жатып араң адам болду. Чиедей жаш балдар менен ишсиз калдым, досторум кабар алып турушту. Бир да тууганым бут басып келген жок баягы эле апам, агам, Айбарча жана өзүм.

Директордун орун басары Б.Нышанов баштаган мугалимдердин, окуучулардын катуу киришүүсү менен, апрелде директор мени кызматка кайра алды, себеби менин класстарым бүтүрүүлөр эле, азыр таң калам ошол кезде алар забастовка жарыялашып, менин ордума келген бир да мугалимди сабакка киргизишпептир, а алдыда  мамлекеттик экзамендер келе жатат. Жетекчилик чоңдорго кантип отчет берет? Иш кайра ырбаса аларга эми оор болуп калгысы бар. Албетте, мени кайра алуудан башка айласы калбады. Мен сабакка кайра келгенде окуучулар ордуларынан туруп, дүркүрөгөн кол чабуулар менен күтүп алышты, айрымдары ыйлап да жиберишти, жарыктык. Чындык ийилиши мүмкүн, бирок эч качан сынбайт экен. Ошол эле 1972-жылы, ноябрда директор Тургунбаев кызматтан бошотулуп,  ордуна Б.Нышанов директор болду.

Биздин бактыбызга апам өтө эрктүү жаралып калган экен, бизди окутту, үйлөдү. Мен өмүр бою апама карызмын. Менин өмүрүмдө Ормонов Мамат акенин жана аялы Жумагүл эженин, Жакыпов Жалилдин, Атабеков Сайпидиндин, Т.Балтагуловдун, Ж, Myкамбаевдин, К. Кулматовдун жакшылыгы, Жунус аяш атамдын боорукерлиги, Султанкулов Абдрахмандын адамгерчилиги, Калилов Кочкор тагамдын берген акылы эч качан унутулбайт, мен атанын камкордугун, анын насыятын, тарбиясын көрбөдүм, атанын мээримине тойбодум, кала берсе сезимимде жок. Мен элдин камкордугунда, тарбиясында болдум. Мен колумдан келишинче, мүмкүнчүлүгүмө жараша, чын ыкласым, ак пейилим менен элге кызмат кылып келдим, эмгегимди элиме, киндик каным тамган жериме жумшадым.

Эмгегимдин 35 жылын жаш муундарды, мугалимдерди, тарбиячыларды окутууга, тарбиялоого жумшадым, өз эмгегимдин ыраатын көрдүм. Эч кандай бийлик башында болбодум, себеби ал кезде партияга мүчө болбосоң бийлик бербейт эле. Анын үстүнө ал доордун акыры түбүнө жеткен ылаңы – бийлик акчага сатылат эле,  акчам да жок эле. Анын үстүнө мен кайдигер мамилеге, эки жүздүүлүккө көз боемочулукка, жасалма ишмердүүлүккө, жасакерленүүгө түп тамырым менен каршы болуп, адамдын ким экенине карабай бетке таамай айтып мамиле кылгандыктан ар дайым чоңдордун кара тизмесинде жүрчүмүн. Ар кандай ишти берсе аткарат элем, акылым күчүм жетет эле, бирок колдоочум жоктугун  билишип, мени алыс кармашат эле. Мен коммунист болбосом да, бийлик башында турбасам да, өзүмдөн кийинкилер үчүн эсте калаарлык нерселерди жасап калтырууга үлгүрдүм. Ошондуктан уялбай эле мендей атаңар бар экендигине сыймыктансаңар боло берет балдарым.

1982-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын базасында тарых жана этнография музейин түздүм, экскурсоводдордун мектебин ачып, ага катышкан окуучуларды Бишкек, Ыссык-Көл, Ташкент, Ленинабад, Кокон, Самарканд жана башка шаарларга алып барып, тарыхый – маданий эстеликтер менен тааныштырып турдум. Окуу жайдын тарыхын, 60-жылда жеткен  ийгилигин камтыган маалымат жаздым. Орус-кыргыз тилиндеги турмуш- тиричилик сөздүгүн чыгардым. 20 дан көбүрөөк илимий эмгектерге жетекчилик кылдым. Кыргыз, өзбек орус тилдеринде жазылган адабий, көркөм жана илимий китептердин китепканасын чогулттум.

Атаңар бир канча мактоо громаталарынын ээси, эмгектин ветераны, 1985-жылдан Республиканын эл агартуу отличниги, 1987-жылдагы Бүткүл союздук музейлер экспозициясы көргөзмөсүнүн грамотасы жана төш белгисинин  ээси.

1992-жылдан 1994-жылга чейин Жалал-Абад шаардык «Кыргыз тил» коомунун жооптуу катчысы болуп, 1994- жылдын январынан бери шаардык акимчиликте шаардык калкты социалдык жактан коргоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштедим.

1995-жыл Кыргыз Республикасынын Президентинин Грамотасы менен сыйландым.

Бул жупуну  эмгек өмүр баян эмес, жөн гана  дидарлашуу. Баардык нерсе жана окуяларды толук иреттештирүү, эстеп калуу өтө кыйын. Бул жерде менин өмүрүмдөгү окуялардын азы гана   айтылды. Ушинтип өмүр чиркин суудай агып өтө берди.

Азыр баары жайында, уулум Мыктыбек Кыргыз телевидениесинде белдүү журналисттерден, эл аны сыйлайт. Менин атымды фамилия кылып алыптыр. Кызым Назира медицина кызматкери, Жамиля кызым мугалим. Асылбек уулум ички иштер  кызматында. Искендер, Нургүл, Канбото, Самат, Эрмамат, Кызжибек, Айганыш, Жибекайым, Абдыманнап, Бексултан, Мариям, Ясмина  деген неберелерибиз бар. Агам менен жеңем Токтошкандардын Бактыбек, Таттыбек, Исабек, Мусабек деген төрт уулу бар. Алар да кудайга шүгүр очор-бачар көбөйүп калышты.

Чоң атам, өз атам, абамдар  (алар жөнүндө атайын бөлүм ачып жазамын аягында) менен кийин тыгызыраак  катташып калдык, үч атадан тогуз бала барбыз, майрамдарда жолугушуп той-топур, өлүм-житимде биргебиз. Бирок өткөн күн, кечкен өмүр, жүрөктүн тагы, жаранын орду, калган көңүл кетпейт экен го, чиркин өмүр кыска тура. Азыр Айбарча экөөбүз эл катары иштеп пенсиядабыз.

ЖАЛАЛ-АБАД ПЕДАГОГИКАЛЫК  ОКУУ ЖАЙЫНЫН СОҢКУ АБАЛЫ.

Мен 1968-жылы сентябрдан баштап Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында 1993-жылга чейин иштедим деп жогору жакта эскертип өттүм эле, бирок ал окуу жайынын тарыхы тагдыры жөнүндө эч нерсе айткан эмесмин. Бул окуу жайы 1926-жылы ачылып 1929- жылы 11 киши биричи бүтүрүүчүлөрдөн болгон. Экинчи бүтүрүүчүлөр 1926-1932-жылдары болгон. Кыргыздын биринчи президенти Абдыкадыр Орозбеков да бул окуу жайдын студенти 6олгон.

1926-1992-жылдары  бул окуу жайды 25 миңден ашуун улан-кыздар бүтүргөн. Алардын ичинде Ж Бөкөнбаев. Т.Үмөталиев, М. Абдышев, Т. Осмонбеков У. Абдукаимов, Ж. Мавлянов, Т.Ташиев, Т. Байзаков, С. Акбаров, К. Калилов, Н. Биримкулов, Т.Моминов, Х. Закиров, Н. Бекболотов. ж. б. көптөгөн бүтүрүүчүлөрү кыргыз тарыхынын коммунисттик доорунун ардактуу инсандары  болушкан. Бул окуу жайында Кыргыз эл сүрөтчүсү Г. Айтиев, профессор Х. Карасаев, академик А.Измаилов, Х. Измалиова. К. Сартбаевдер иштеп кетишкен.

Өзүнүн өтө кенен жана бай тарыхына, тарыхый музейине, жогорку окуу жайлардан кем калбаган дидактикалык, методикалык базаларына, кабинеттерине, физикалык, химиялык лабараторияларына ээ болгон, эң чоң китепканасы бар, союз масштабында  педагогикалык окуу жайлар ичинде үчүнчү орунду ээлеген, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин «Ардак Грамотпасы» менен сыйланган, түштүк Кыргызстандагы эң чон маданий, агартуу борбору жана интеллегенңиянын түштүк региондогу устаканасы болгон, 300 гө жакын кызматчылар эмгектенген, алп окуу жайы эле.

1980-85-жылдары бул окуу жайдын директору Б. Нышановдун айланасына өзүмчүл, эки жүздүү, ниети бузук ушакчы –кошоматчылар үйүлүп, чоңдордун оту менен кирип, күлү менен чыккан арам ой кишилер бийлеп алды. Коллектив «сүймөнчүктөр» жана «суук тумшуктар» тобуна бөлүндү. Мугалимдерди сыйлоо же категориясын жогорлотуу сулуулугуна же мамилесине (акчасына) карап чечилип калды. Директордун колтугуна кирип улам жаңы постторду ээлеген «кадрлар» анын  кээ бир чабалдыгынан пайдаланып, өз билгениндей башкарып алышты да тымызын өзүнө жакындарынан топ түзүп бийлик үчүн күрөш жүргүзө баштады.

1985-90-жылдары айкындуулук, демократия деген ураандарга жамынып жаңы топтор пайда болду. Биринчи топту директор жана анын жан жөкөрлөрү баштады. Экинчи топту директордун орун басары жана анын шериктеш шакирттери баштады. Үчүнчү топту-бөлүм башчылар  жана алардын муруттары баштады.

Өлкөдөгү саясий- экономикалык кырдаалдан пайдаланып бийлик үчүн ачыктан ачык күрөшкө чыгышты. Эл массасынын тагдыры, окуу-тарбия иштери унутулуп эле калды.

Жетекчилер алдым-жуттумга өтүп алышты. Алар биринин үстүнөн экинчиси арызданып облакимге, элге билим берүү министрлигине, министирлер кабинетине, Президентке чейин чыгышты. Текшерүү үстүнө текшерүү, баш көргөндү көз көрбөй негизги эл массасы тебеленип, кыскартуу үстүнө кыскартуу күч алды. 1989-90 окуу жылында Б. Нышановду эч кандай күнөөсүн далилдей албай туруп эле коркутуп, арызын жаздырып, кызматтан алышты.

Анын ордуна Ж. С. Бакиев дайындалды. Аны жанагы эле  желмогуздар мүмкүндүк бербей 1992 жылы кызматтан бошотушту. Ордуна Мамажанов Шайдулла дегени дайындалды.

Бөрк ал десе баш алган жергиликтүү жетекчилер, обл. акимдин билермандары, өзүнүн тууганына бийлик тийбеген ич күйдүлөр эптеп окуу жайды жок кылууга киришти.

Күндөрдүн биринде элге билим берүү министри Ч. Жакыпова мени Бишкекке чакыртты. Барып кирдим, жакшы сүйлөштүк, мен өзүм жазган тарыхый нерселерди, плакаттарды алып барып столунун үстүнө койдум. Ч.Жакыпова:

– Арстанбек аке, сиз көрүп турасыз, ушул абалдан кантип чыгабыз, ким директор боло алат?- деп сурады.

-Азыр коллективде директор боло ала турган эч ким жок- дедим.

-Кантип эле? – деп Чынара таң кала сурады.

– Директор боло турган атуулдардан экөө бар, бирок аларды чоңдор иштетпейт, ал эми чоңдордун туугандарын эл иштетпейт, ошондуктан башка жактан директор дайындоо керек- дедим.

Ушул күндөрү Жалал-Абад областтынын акими А. Тагаев жаңыдан шайланып, ал киши али эч нерсени көрүп түшүнө электе эле акимчиликтин белдүү билермандары директор, орун басарлардын макулдугу менен, мугалимдерден жашыруун бул окуу жайдын жойулгандыгы бекитилип, бул фокус 142 мугалимге дайын болгондо, алардын талабына  коркутуу,  үркүтүү менен жооп берилет. Мына жыйынтык.

1996-жылы өтүүчү өзүнүн 70 жылдык тоюна даярданып жаткан окуу жайы, 1993-жылы жөн эле үч төрт чиновниктин колу менен түп тамырынан жок кылынды. Бул жөнүндө тарых келечекте өз чечимин чыгараар.

Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаевдин «Жалал-Абад мамлекеттик Университетин ачуу» жөнүндөгү 02.04.1993-жыл №411-101 Указы чыкты. Анын артынан эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул Указды иш жүзүндө ашыруу боюнча 10.05.1993-ж №197 Токтомун жарыялады. Мамлекеттик Университет түзүлдү дегени менен эки жүзгө жакын мугалим, алардын бир тобу көп балалуу, бир тобу пенсияга жакын калгандар зордук менен кызматынан бошотулуп көчөдө калышты. Алардын тагдыры эч кимди ойлонткон жок, чиновниктердин мурдун балта кескен жок.

Бул педагогикалык окуу жайы 68-жылдын ичинде 25 миң башталгыч класстардын мугалимдерин, балдар бакчаларынын тарбиячыларын, дене тарбия мугалимдерин бүтүрүп чыгарды. Республикалык денгелдеги эң бай бзазасы бар оку устаканасы бир заматта жок болду. Акчалуу же артында жөлөмөлөрү бар мугалимдер университетке кайра жайгашып алды, 142 мугалим көчөдө калды. Азыркы учурда китепканадагы китептердин теңинен көбү, автобустар, трактор, жүк  машина, музыкалык аспаптар, жатаканадагы жумшак жана катуу мебелдер баардыгы сатылып же ээленип жок болду. Кыскасы 70 жылда чогулган байлык бир эле жылда жок болду.

1994-95-жылдары  мен, С.Абдыкаимов жана Мамбетаипов мамлекттик эмес, коммерциялык негиздеги педогогикалык окуу жайын ачуу, боюнча иш кагаздары иштеп чыктык. Бул демилгени шаардык мамлекеттик бийликтин акими К. Исманов кызуу колдоду жана ар тараптуу жардам берди. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги да каршы болгон жок. Өзүм баш болуп, К.Асанова, Ч.Ажибаевалар менен  күн-түн олтуруп окуу программасын, иш планын жана лиңензия алуу үчүн керек болгон бардык документтерди иштеп чыгып,  министерствого жибердик. Ал жерден комиссия келип текшерип, лицензия берүү жөнүндө чечим кабыл алышты, бирок имарат жок болгондуктан лицензия убактылуу токтоп калды. Иштин оорлошуп баратканын байкаган соң  мугалимдер жамааты шаардын акими А. Абдурехменовага кат менен кайрылып окуу жайына мени директорлукка дайындап берүүсүн өтүнүп кайрылышты. Шаардын акими алардын өтүнүчүн аткарып 12. 07. 96. мугалимдерин чогулушун өткөрүп, мени директорлукка  дайындап келүүнү орун басары А.Мамажановго дайындады. Бирок оюн ушул жерден башкача сценарийге ыктап кетти. Ал адамдардын кээ бирлери азыр көзү өттү, кыргызда маркумду жамандоо жок. Жыйынтыгында 39 жылдык педагогикалык стажы бар, эл агартуу отличниги, жогорку котегориядагы мугалим, бир канча грамоталардын, сыйлыктардын ээси четте кала берди. Бирок, 1996-жылы окуу жайы ачылды. 233 окуучу кабыл алынды.

АКЫЛ-НАСЫЯТ

Балдар, мен азыркы айрым жаштарга бир-эки сөз айтайын дедим эле. Кимге кандай сөз керек экенин билбей турамын. Ошондой эле да уул-кыздарыма, неберелериме билген уккан акыл-насыяттарымды жазып калтырууну туура деп таптым. Ушул насыяттан ар ким өзүнө керектүүсүн алып, ар ким өзүнө ылайыктуу жыйынтык чыгарып алат го деп ойлоймун.

Менин башымдан эң көп окуялар унутулгус күндөр өттү. Турмуштун эң оор сыноолорун, ачуу-таттуусун, оор-жеңилин, ысык-суугун көрдүм. Акыл айтар, жардам берээр эч ким жок көп азап чектим таяк жедим, ызаа болдум, үйүм бузулду, кордук көрдүм ак жерден күнөөлүү да болдум.

Адам кемчилигин  ата-эне, бир тууган эле кечирет экен, турмуш дегениң кечирмек тургай кайра жазалап өч алат экен. Турмуш мени көп нерсеге үйрөттү, тарбиялады. Көптөгөн чындык менен акыйкатсыздыктын күбөсү болдум, кетирген кемчиликтеримди каттуу кыйынчылык менен оңдодум, силер азыр бактылуу турмушта жашап жатасыңар кийинчерээк балдар үйлөнөт, кыздар турмушка чыгат, окуйсуңар, иштейсиңер. Ал кезде бул маселелер боюнча бет-маңдай келип сүйлөшүүгө мүмкүндүк  болбойт. Ошондуктан мен айткан нерселердин керектүүсүн алгыла, керексизине капа болбогула. Эс – акылдуулук менен иш кылгыла, кийин өкүнбөйсүңөр. Билемин жаштар чоңойгон кезде карыялардын сөзүнө анчейин маани бербей, «эскилер түшүнбөйт» артта калгандар деп коюшат. Элибиздин жана жалпы адамзаттын кылымдар бою чогултуп келген маданий, моралдык, юридикалык, этикалык, илимий жана турмуштук тажрыйбасынан баш тартып,  жаңыны жаратуу, өзгөртүү, мүмкүн эмес. Улуу жазуучу, акын, философ А. Навои «Эгерде адамды турмуш тарбиялай албаса, ал адамга эч кандай акылман окутуучунун кереги жок» деген. Турмуш дегениң универстет. Эгерде мүмкүнчүлүгүңөр болсо ата-энеңердин көөнүн оорутпай, зээнин кейитпей сыйлай жүргүлө, силер буга милдеттүүсүңөр,  силердин жашооңор ошолорго байланыштуу, ансыз деле алар силерге мейман.

Силер өз балдарыңардан сый-урмат үмүт кылсаңар, асыл затыңар ата-эне болсун. Кээ бирөөлөр үйлүү-жайлуу болгондо, диплом алып кызматка орношуп, өз тиричилигин өзү өткөрүүгө жөндөмдүү боло калса  эле ата-эненин өлүмүн күтүп  калат экен. Силер андайлардан болбогула, ансыз деле алар өлөт. Эч ким бул дүйнөдө түркүк боло албайт. Андан көрө алардын узак жашоосун тилеп, көмөк бергиле. Өзүңөр кедей болсоңор да акылга бай болгула. Акыл менен акча таса болот, ал эми акча менен акылды таба албайсыңар. Ата- энени табуу  такыр мүмкүн эмес. Ата-энесиз бала армандуу болот.

Эгерде мүмкүнчүлүгүңөр болсо көп китеп окугула, эмгектен качпагыла, өткөн өмүргө өкүнбөйсүңөр. Ансыз илим-билим алуу кыйын болот, «эл билбеген чолок, эби жок нонок болот» деген элдин бир асыл сөзү бар.

Жигиттик – өмүрдүн эң таттуу каймак мезгили. Ал кезде ыгы жоктук кылбагыла, бул жигит кишиге таандык мүнөз эмес. Жигит кезинде тыкан, сезгич, таза, дилгир, кичи пейил, жайдары, ачык мүнөз, талапчан, сылык жана маданияттуу, болуу зарыл нерсе. Мен жигитмин деп эле жалаң жаштар менен жүрө бербей анча-мынча карыялар менен да аңгеме кура жүргүлө, алар көптү билет. Эч качан бакыл, былык, жойпу, мыкыр, мыкаачы, эки жүздүү жана калпычы болбогула өмүргө да акыретке да зыян.

Бир жерде туруктуу жашап, иштеп үйрөнгүлө, абийирдүү болосуңар. Карыяларды көргөндө салам берип, сыйлап өткүлө «кары билгенде пари билбейт» – дейт силер да карыганда жаштардан сый урмат көрөсүңөр, карыяларга көп үйрөтпөй, көптү үйрөнгүлө.

Эгерде кор болбоюн десеңер билим, өнөр үйрөнгүлө. «Өнөрсүз акыл-жылаңач дене, акылсыз билим куураган жыгач». Демек акыл илим, өнөр ажырагыс нерселер, акыл билимдин булагы, ал эми билим болсо акылдын көркү. Акылсыз, билимсиз адам үй-бүлөгө, коомго, пайдасыз «ашка жүк, башка жүк» болот. Акыл, билим, өнөр-булар берметке тең нерселер, ушул жагыңарды карап, эл силерге жакшы же жаман деп ат койот.

Сөздү түшүнө да, түшүндүрө да билгиле, сөзгө бай, чукул ойчул, учкул сөздүү болушуңар керек. Уккан нерсени унутпай жүрүү жакшы сапат. Ар дайым жагымдуу, мазмундуу, керектүү сөздөрдү сүйлөй жүргүлө. Артык баш сөз өзүңөргө зыян. Бирөө силерге бир нерсени сураса канагаттандыра жооп бергиле, башка бирөөдөн сураса баш сугуп аралашпагыла уят болот.

Досу жок жигит элден чыгып калат, бирок досту да тандай билүү зарыл, себеби « наадан достон март душман, акылсыз достон акылдуу душман жакшы» деген сөз бар. Ошондуктан досту тандоодо адашпагыла. Элдин көзүнчө досуңарга акыл үйрөтпөгүлө, себеби досуңардын айыбы ачылып калат, мамилеңер бузулат. Досуңардын кемчилигин айткыңар келсе өзүңөрчө кенен- кесир ачык сүйлөшкүлө. Жакшылыкты билген, түшүнгөн кишиден мамиле үзбөгүлө, бирок кылган жакшылыгыңарды милдет кылбагыла, бул текебердиктен болот. Бул сапат кудайга да жакпайт. Ар дайым адилетүү болгула, өзүңөргө жакшы. Кайгыны да, кубанычты да түшүнө  билген кишиге айткыла. Өлүм алдында да жашоодон үмүт үзбөгүлө, үмүт деген бул адам үчүн өтө чоң күч.

Эгерде бирөө жамандык кылса, силер ага жооп издебегиле, ал адамга турмуш өзү эле жооп берип коет. Билбеген нерсени уялбай сура кийин арман болот, эгерде билип алсаң мактанба уят болот. Эгерде ак жериңден кара болуп айыпталсаңар сабырдуу болгула «Сабырдын түбү сары алтын», дейт. Сабырдуулук – ыймандан.

Акылдуу кишилер менен көбүрөөк сүйлөшкөнгө аракет кылгыла,  көп нерсени билүү эртеңки турмушуңар үчүн  керектүү жана пайдалуу.

Канчалык жогорку кызматта болсоңор да өзүңөрдү кичи пейил, адамкерчиликтүү кармагы. Жөнөкөй болуп, оолукпай жүргүлө. «Улук болсоң кичик бол» дейт элде. Окумуштуу болуу оңой, адам болуу өтө кыйын.

Ар кандай ишти «жети өлчөп бир кескиле», анны баштоодо кеңешип көргүлө, «кеңешип кескен бармак оорубайт». Өзүңөр билбеген, чече албаган талаш-тартыш маселеге аралашпагыла уят болот, жөн эле угуп, маанисин түшүнүп алгыла.

Сыр  жашырып үйрөнгүлө, аманаткөй болосуңар, эл аманатка кыянат кылгандарды жактырбайт.

Жетекчилер менен жетекчидей, дос менен достой, бала менен баладай, аксакал менен аксакалдай мамиле кылгыла.

Таза сулуу, жана катасыз жазганды үйрөнгүлө, керек болот.

Эгин эккенди, мал бакканды, дыйканчылык кылууну, соода кылууну, ат токуганды үйрөнгүлө. Үй-орозгерге, чарбачылыкка керектүү буюмдардын аттарын, бузулса оңдогонду билгиле. Техниканын бардык түрлөрүн билгиле.

Ууру, ичкич, селсаяк болсоңор  бул жашооңор да, акыретиңер да күйөт!!

«Чакырган жерден калбагыла, өзүңөр басып  барбагыла».

Дем алгыңар келсе узак уктабагыла, уйку жана мастык адамдын  өзгөртүп, ден соолугун бузат. Спортту билгиле, бул ден-соолуктун булагы. «Жигит кишиге жетимиш өнөр аздык кылат».

Ат минүүнү, мылтыкты, тапанчаны таамай атып үйрөнгүлө, ат минсеңер жорго тандап, жапырайып албай көрктүү мингиле.

Эч качан бирөөнү алдабагыла.

Мен дос маселесине кайра кайрылып койгум келди. Жигит киши досу болбосо жалгыз калат, башында жакшы, кубанычтуу күндөр, кайгылуу оор күндөр келет. Досуң канчалык көп болсо айыбың аз болот, душманың да айбыгат. Эгерде эки дос таарынып калса этият болгула, калыс туруп элдештирип койгула, «Талканбай достон» оолак болгула, досторуңар келбеттүү, сүрдүү акылдуу, билимдүү, сөзгө чебер, ар намыстуу, тыкан, кичи пейил жана адамкерчиликтүү болсун.

Ишиңер ар дайым жакшылар менен бүтө бербейт, жаманга да ишиңер түшөт. «Доско зар, душманга кор болбой» жашоону үйрөнгүлө. Дос жакшы болсо таштабайт. Байлык, бийлик менен дос болсоңор  ал түбөлүк эмес. Ыклас менен, көңүл менен дос болгула. Силерде материалдык байлыкка караганда рухий байлык күчтүү болушу керек. Бирөө менен эч качан касташпагыла, калп сүйлөбөгүлө, эки жүздүү жасакер, ушакчы болбогула тынч уктайсыңар.

Мен силерге бир топ нерсе айттым, бирок акыл эс жөнүндө эч нерсе айтканым жок, себеби мен силерди буйрук менен акыл эстүү кылалбаймын, бул  мүмкүн эмес. Акылдын  эки түрү болот –тубаса жана турмуштан, эмгектен тапкан акыл. Ошондуктан мен силерге акылды буюра албаймын, ал өзүңөргө байланыштуу болот. Акыл, өнөр, кесип булар сууга акпайт, чөкпөйт, отко күйбөйт, ууру да алалбай турган асыл нерселер. Акылсыз болсоңор азаптуу жашайсың. Тууган  урук жолунда сый жүргүлө.

Төмөнкү  макал-лакаптарды ар дайым эсиңерге ала жүргүлө:

«Калптын казаны кайнабайт».

«Жалкоо болбо- кем болбойсуң, ууру болбо-узак жашайсың».    «Сөзүңө туруктуу бол-ишиңде ийгилик болот».

«Колдо бар алтындын баркы жок, агын суунун кадыры жок».

«Элге жакпаган ишти кылба, билимсиз менен дос болбо, билимдүү менен кас болбо».

«Акыл жаштан, асыл таштан».

« Билеги жоон бирди жыгат, билими жоон миңди жыгат».  «Абийирдүү болгуң келсе- адилеттүү бол, уят болбоюн десең бирөөнү уят кылба».

«Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эр көгөрөт».

«Билимиң узун болсун десең- колуңду кыска кылып, паракор болбо».

«Көп жеймин деп- аз ырыскыңдан куру калба».

Ошондо гана «Сенин күзгүң эл болот, досуң бел болот, кемчилигиң кем болот».

«Кудай кошкон Кудаа болот, Пайгамбар кошкон дос болот».

«Ырыстууга жуучу келет,  Ырыссызга доочу келет»

Ата-мекенди коргоо ыйык милдет. Эне тилиңерди, улуттук маданятыңарды унутпагыла, сапатыңарды жоготосуңар. Дуйнөлүк башка элдердин тилин, маданиятын, үрп-адатын, каада-салтын сыйлай билгиле.

Үй-бүлөөлүү болгондо колдо бар дүйнөнү ата-энеңерден, аялыңардан, балдарыңардан аябагыла, жашырба, дүйнөкор болбогула. Себеби алар табуучунун  колун карайт.

Аялыңар  өз ишине, үй-тиричилигине тың болсо силер кор болбойсуңар. Жакшы аял эч качан силерге  кабак чытыбайт, сөзүңөрдү какпайт, жогуңарды эч кимге билдирбейт:

Жакшы катын белгиси,

Булгары кылат терини,

Мырза кылат эрини.

Жаман аял белгиси,

Калдырак кылат терини,

Карыздар кылат эрини.

Ошондуктан акыл эстүү, илимдүү колунда өнөрү бар кызга үйлөнгүлө. Аялыңарды кызганууңар керек, антпесе  абийириңер кетет. Турмуш тиричиликтин оорун көтөрүп, аялыңардын көөнүн оорутпасаңар, алар  силерди ар кандай нерседен жакшы көрөт, сыйлайт, урматтайт жана түшүнөт, жакшы жашайсыңар тетик жүрөсүңөр.

Эгер балалуу болсоңор жакшы ат койгула, аларды окутуп, жакшы тарбия бергиле, адептүү өстүргүлө. Эгер балаңарды мугалим урушса ортого түшпөгүлө, баланы бузуп аласыңар. Балаңар жакшы болуп рахмат алса да, жаман болуп насаат айтса да силерге тийет, себеби бул силердин  тарбияңардын натыйжасы.

Эгерде кыздуу болсоңор адептүү, акылдуу, илимдүү жигитке бергиле. Кудайдан бактысын тилегиле. Кызды тарбиялоо аялдын иши, бирок силер четте калбагыла, аталык милдетиңерди өз убагында аткаргыла. Балдарыңардын келечегине кайдыгер мамиле кылбагыла, азабын өзүңөр тартасыңар.

Силер ойлорсуңар: «атабыз бардык нерсени жазыптыр, бирок сүйүү жөнүндө эч нерсе дебептир» деп. Мен ал жөнүндө кенен кесир сүйлөшүүнү кийинки орунга койдум. Туура, сүйүүсүз турмуш болбойт, коом өнүкпөйт, бирок ал өтө татаал, көп кырлуу нерсе, ал отко, сууга, өлүмгө да алып баруучу ырайамсыз нерсе. Ошондуктан сүйүү жөнүндө билбей туруп, сөз кылуу туура эмес.

СҮЙҮҮ ЖӨНҮНДӨ

Эгерде силер жакшылап байкасаңар ар бир кишинин көңүлү назик, таза, тунук жана байкооч келет. Эгер андай болбосо сүйүү болмок эмес, себеби сүйүү ошол назик, таза сезимден, мамиледен пайда болот, Ошон үчүн сүйүү бул айтылбаган сезим. Сүйүү тунук, таза болсун үчүн эрктүү болуш керек, эрк болбосо ар качан сүйүү – кор курулай эле ырга, сүрөткө айланып калат, демек, ада м алгач өз эркин тарбиялоосу зарыл.

Сүйүүсүз бактылуу үй-бүлө  болбойт жана коом өнүкпөйт. Сүйүүдө табигый жана жасалма түрлөр бар. Сүйүүнүн баары эле таза чыныгы боло бербейт, аны акыл менен ажырата билүү зарыл.

Азыр кээ бир жаштар сүйүүнүн өзүн билбейт, анан ашыктык  торуна мурдараак чалынып алат экен да кыжаалат болуп, азап чегишет, бул акылсыз, эрксиз жигиттин иши. Эрксиздер ашык болгондо  сүйгөнүңө жетпей калса өмүр бою армандуу, азаптын уюгу, акылы кетип, көзү тунарып жашоосун  эрте карытат.Сүйүү -бул көп түйүндүү, көп кырлуу түркүн түрдүү да татаал да, ал өмүр, ал келечек.

Сүйүү чын ыклас менен, келечекте жар болооруна көзү жеткенде гана пайда болуусу зарыл. Антпесе жанагы ашыктыктын ооздугун тартуу кыйын болуп калат. Ошондуктан ары өткөндүн баарына көз сала бербеш керек. Адамдын акылы жүрөгүнө күчү жетпесе – итчилик.

Чындыгында мындай эскермелерди өмүрдүн толук нерселери менен жазуу керек эле. Бирок, мен көзүмдүн тирүүсундө балдарым окуп калуусун тиледим. Анткени бул жарык дүйнө алдамчы келет. Кайсыл күнү ким эмне болорун билбейт. Менин дидарлашуум, өмүр сырларым жана акыл насыятым бүттү, капа болбогула!

Бул ааламдын имараты,

Ойрон экенин билбедим.

Денемде жаным канча күн

Мейман экенин билбедим – деп ырдаптыр бир акылман!!!

КАТААЛ ЖЫЛДАР ЖАРКЫН ӨМҮРЛӨР

Ар кимдин киндик каны тамган туулган жери, ыйык кымбат жана кооз. Менин да туулган кыштагым -Бек-Абад-  ыйык. Бул кыштак Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы «Теңдик» колхозунун борбору. Мурда бул жерде Социализм, Куйбышев, Ленин, Кызыл- Багыш, Эркин, Молотов, Коганович, Жийде деген колхоздор бар эле. Кийинчерээк Ленин, Маленков, Эркин болуп, андан кийин баардыгы бир эле Эркин болуп бирикти. Кийинчерээк Теңдик, Эркин болуп дагы эки колхозго бөлүндү. Азыр Теңдик колхозу батыш жагынан Ханабад, чыгыштан Чангет-Сай,Түндүктөн Барпы колхозу менен чектеш. Илгери, союз гүлдөп турган учурда  кооз имараттар, мектеп, мончо, клуб, оорукана, чоң дүр дүйнө дүкөндөр, контора-мекемелер  көз талытат эле. Мына ушул айылдан кечээки апаттуу согушка 647 азамат аттанган. Алардан 444 согушта курман болуп, кайтпай калышты. Алар үчүн Бек-Абаддын чыгыш жагында колхоз конторасынын алдында чоң эстелик тургузулган.

Мен бул бөлүмдө силерге арнаган эстеликтин аягында убада кылгандай атам, чоң атам, абам жөнүндө атайын сөз кылмакчымын. Себеби бул кишилер беш жыл кан кечип, согушту Берлинде бүтүрүп кайтышты. Өмүрүнүн эң күрдөөлдүү мезгилин партиялык, советтик жана чарбалык иштерде өткөрүштү. Албетте атам апам экөө ажырашса бизде эмне күнөө , бизди көрүнгөнгө кор кылып, бирөөнүн эскилерин кийгизип, кешигин жедирбей эле багып, окутуп, үйлөп, үй салып берип койсо болмок. Жок дегенде туугандарым жардам колун созуп койсо эле эч кандай арман болмок эмес. Мейли өткөн ишке салават дейбиз да үч эр азамат жоокер, ишмер кишилер, Эрмат болуштун балдары жөнүндө сөз кылабыз.

Биздин чоң-энебиз Ажар Эрмат болуштан тогуз бала көрүптүр үч уул, алты кыз. Чоң атамдан улуулары беш кызы өлүп кетиптир, Мага белгилүү жана менин жашоо турмушум менен тикеден-тике байланышкан төртөөнү гана атамды, чоң атамды, эжемди, абамды гана билемин. Алардын эң улуусу Эрматов Назирбек андан кичүүсү Эрматов Батырбек, анан Курманжан эжем, анан Эрматов Ботобек абам. Курманжан эжем жөнүндө жогоруда көп эле айтылды, ошондуктан мен чоң атам, абам жана атам жөнүндө гана сөз кыламын.

Булардын басып өткөн жолу өзүнчө эле эпопея, тирүү тарых. Бул ортодо ушул үч бир тууганды билбеген эч ким жок.

ЭРМАТОВ НАЗИРБЕК

(1908-1990)

1908-жылы Эрмат болуштун үйүндө туулган. Граждандык согуштан кийин эл чарбасын калыбына келтирүүдө колхоз кыймылында, Совет бийлигин бекемдөө үчүн күрөштө активдүү катышкан. 1942-жылы Согушка кеткен, туура Подмосковьеге барып генерал В. И. Панфиловдун 8-аткычтар дивизиясында, кийинчерээк 316-гвардиялык аткычтар дивизиясына кызмат өтөгөн. Фашисттик баскынчылардан Волоколамск, Калинин шаарларын бошотууга катышкан. Катуу жарадар болуп, Митич шаарындагы № 545- госпиталда дарыланган. 1943-жылы январ айында экинчи жолу согушка кирет. 1943-жылы мартта Курск анан Орловский багытында согушка катышкан. 1943-жылы июль-август айларында фашисттерди Орелдон кууп чыгууга катышат. Орел багытындагы кандуу кагылышууда фашисттердин Орловскийдеги штабын ээлөө учурунда кулагынан оор жарадар болот. Калуга жана Свердловскийдеги согуштук госпиталда даарыланат. Андан кийин Колоранный госпиталында даарыланат. 1943-жылы отпускага келет, жарааты оор болуп кайра согушка – барбай калат.

1944-жылдан 1953-жылга чейин «Социализм» колхозунда башкарма 1954-1958-жылдары ушул эле колхоздо башкы бухгалтер, 1959-1962-жылдары мал чарбасы боюнча башкарманын орун басары, 1962-66-жылдары мал чарба бухгалтери, 1966-1970-жылдары ревкомдун төрагасы болуп иштейт. 1970-жылы пенсияга чыкты. Эки уул, эки кызы, ондон ашык неберелери бар. «Кызыл Жылдыз», «Ата-Мекендик согуш» ордендеринин жана жети күжүрмөн медалдардын кавалери, эмгектин жана согуштун ардагери. Чоң атам Назирбек Эрматов 1990-жылы дүйнөдөн кайтты.

Чоң атамдын уул-кыздыры:

Назирбеков Өсөралы (1940-ж.) кыргыз айыл чарбасына көп эмгеги сиңген, республикадагыбирден бир алмашкыс адистерден. Келинибиз Замиракан мүнөзү да тиричилиги да адам суктанаарлык жан.

Назирбеков Калмамат (1948-ж.) инженери, бул инимдин мүнөзү инженер, акылы тынымсыз талаш менен алек, келинчегин мен ушунча жыл биллем. бир да жолу инибизге үнүн көтөргөнүн же наалыганын уга элекмин.

Назирбекова Үлпөтай (1951-ж.) дарыгер, карындашым уруубуздун ден соолугу, күйөө балабыз Кубаныч кудайга шүгүр. эл сыйлаган уулдардан.

Назирбекова Урматай (1953-ж.) бухгалтер, жолдошу Акмат өзүбүздүн айылдагы урматтуу жигиттерден.

ЭРМАТОВ БАТЫРБЕК

(1910- 1993-ж. )

Эрматов Батырбек – атам 1910-жылы Бек-Абадда Эрмат болуштун үйүндө туулган. Атамдын өмүр жолу агасы Назирбектин өмүр жолунан башкача, татаал жана жооптуурак болгон экен.

1927-1930-жылдары Бек-Абадда басмачыларга каршы түзүлгөн партизандык отрядда кызмат кылат. Командирлери Ашыров Ысмайыл, Сыдыков Маматаалы дегендер болгон. 1931-33-жылдары кадровой армияда болот. 1933-1935-жылдары территориялык комсомол комитетинин катчысы. 1935-37-жылдары Жалал-Абад шаардык комсомол комитетинин катчысы, (1-секретары болуп Малабаев Жолдошбек иштеген), 1937-1941-жылдары НКВДнын Кара-Дарыя багытында участкасынын начальниги болуп иштейт. 1941-жылы 31-июлда согушка кетет. Ташкентте гвардиялык кавалеристтер 6-двизиясы түзүлөт. Ошол двизияныш өзүндө 25-өзгөчө полк түзүлүп, ал атайын тапшырма менен Иранга жөнөтүлүп, тапшырма ийгиликтүү аткарылып, кайтышат. 1942-жылы Алма-Атадан офицердик курсту бүтөт.

1942-жылы, декабрда Прибалтиканын эң балчыктуу сазына алып барды- деп эскерер эле атам- Андан тез эле үчүнчү Белорус фронтуна кошуп койду, фронттун командири, армиянын генералы И.Д.Чернявский, 6-двизиянын командири Брикин, 25-полктун командири Кравченко дегендер эле, мен ошол 6-двизиянын айрыкча бөлүмүндө кызмат өтөдүм. Белоруссиянын, Витебск, Смоленск, Орш, Борисов жана башка шаарларын бошотууга катыштым. 1944-жылы Батыш Белоруссияга, андан Польшага кирдик. Ал жерден генерал К.К.Роккосовский командалык кылган 2-Белорусь  фронтуна кошулдук. Согуш жылдары  Роккосовский, Чернявскийлер менен кол берип көрүшкөн элем, экөө тең келбеттүү, сындуу, сүрдүү, сулуу чыныгы баатырлар экен. 1944-жылы Польшаны бошотуп, 1945- жылы чыгыш Пруссияга-Кеннингсберг шаарына бардык. Кеннингсберг, Алленштейн, Галда, Найдебург шаарларын бошотууга катышып, атайын тапшырма менен Европанын борбор шаарларында болдум. Кеннингсберг шаарын бошотууда И. Д. Черняховский курман болуп, бүт фронт, армия катуу жоготууга дуушар болду. Маршалл К.Г. Жуковду мен 5 метрдей аралыктан көрдүм.

1945-жылы апрелде Берлинге 45 чакырым калганда катуу жарадар болуп, адегенде Польшада, анан Москвада дарыланып, андан Саранскидеги согуштук госпиталда жаттым. 1945-жылы сентябрда үйгө кайтып келдим-деп согуштагы күндөрүн эскерип калаар эле атам.

1945-46-жылдары НКВДда, 1946-51-жылдары Кызыл-Пахтачыда, 1951-52-жылдары кайра НКВДда, 1953-56-жылы кайра сельсоветтин төрагасы, 1956-58-жылы «Үлгүдө» сельсоветтин төрагасы, 1958-61- жылы облисполкомдо, анан ГОВДда иштеп, 1970 жылы пенсияга чыгат. Атам эки «Кызыл Жылдыз», эки «Ата-Мекендик согуш»,1-2-даражадагы «Күжүрмөн Даңк» ордендеринин, 14 медалдын кавалери, эмгектин жана согуштун ардагери. Өмүрүнүн 40 жылын ички иштер органдарында, калганын партиялык жана чарбалык кызматтарда өткөргөн.

Атамдын уул-кыздары:

Батырбеков Камал, Кызыл-Багыш, Интернационал, Ворошилов орто мектептеринде мугалим болуп иштеди. Агамды билгенимден бирөөдөн бир же бирөөгө бир сом пара бергенин көрбөдүм да укпадым. Өмүрү айлык менен жашап өттү, бирок эл ичинде кадыр-баркы тоодой эле. Кантсе да эл ак эмгекти баалайт. Жеңем Токтошкан дүкөндө соодагер болуп иштеди. Байкуш анын да бирөөдөн бир тыйын жегенин укпадым. Соода кылган дүкөнү айылдык болгонуна карабай ай сайын ревизия келе  берээр эле. Бирок бир да расстрата болгонун укпадым. Чогуу төрт уул тарбиялашты, неберелер көрүштү. Кыздуу болушпады. Агам да анын жубайы да ичээр суусу түгөнүп, о дүйнө аттанышкан.

Атамдын башка аялдарынан көп уулдары- кыздары бар деп угабыз, бирок эмнегедир алар менен анчейин деле катташа бербедик.

Атам 1993- жылы дүйнөдөн кайтты. Ал кишинин өмүр жолу, элге сиңген эмгеги, жаркын элеси баары бир менде ыйык сакталат. Мен атам менен сыймыктана аламын…

ЭРМАТОВ БОТОБЕК

(1917- 1992 ж).

Эрматов Ботобек 1917-жылы Бек-Абадда Эрмат болуштун үйүндө туулган. 1950-жылы Жалал-Абаддагы Педагогикалык окуу жайынын бир жылдык курсун бүтүргөн.

«Ал убакта директор Жамгырчиев, завуч Т. Байчиев, орус тили мугалими Буркво, география мугалими Галимов, Шерязданов, Малабаевдер эле. Ал убакта ачарчылык, окуу куралдары жок, кийим, жатакана жок эле,- деп эскерет абам- 1936-жылы зав. районо

Измаиловдун буйругунун негизинде Жийде мектебинде мугалим болуп иштедим. 1939-жылы армияга кеттим. 1941-жылы согуш башталып кетип  100 – танковый бригадада кызмат өтөдүм. Командир полковник Иванов, началник штаб Пименев. Булар Москваны коргоого жана Москваны, Можайскини, Малокаменскини бошотууга катышкандардан. 1943-жылы Курск-Орел согушуна катыштым. Июлдун орто ченинде адам баласынын түшүнө да кирбей турган, акыл туура келбеген кандуу кагылышуу болду, адамдан танка көп, кулак дүлөй, көз сокур болуп, оозу-мурдуң уу жыттанат, өң-түстү таанып болбойт, чыныгы эле аапат, кыямат болду.  Танковый армиянын командири генерал- лейтенант Попов, мен шоферу жана почточу элем, ошондой эле өтө жашыруун маалыматтарды ташуучумун. 1944-жылы Польшаны, Львовду, Ужгородду бошотуп Германияга жөнөгөнүбүздө бизди жолдон эле Прагага жөнөтүп Чехословакияны бошотуу менен согушумду бүтүрдүм».

Абам Польшада, Румынияда, Венгрияда, Германияда атайын тапшырмалар менен жүрүп, 1946-жылы үйүнө келет. Ал согуштагы куралдаш жоокер досторун эскерип, алар менен катташууну, көрүүнү көп эңсөөчү. Айрыкча Смоленскийлик Романовскийди, майор Боганды, капитан Курочкинди, полевая почта 41166да иштеген Москвалык Нина Мокроусованы, Нина Ганкинаны көп эстеп жүрдү, бирок ушулардын адресин жоготуп койгонун айтып кейип калчу.

Нина Макроусованы жактырып калган экен. Небереси Майсалбектин тоюнда ошолорго арнаган ырын ырдап туруп ыйлап жиберген эле. Кийин мен тамашага салып, күлүп жүрдүм.

Абам 1946-50-жылдары Бек-Абадтагы С.М.Киров атындагы мектепте иштейт. 1950-1977-жылдары башка кызматтарда иштейт. Абам да 10дон ашык орден жана медалдардын кавалери, эмгектин жана согуштун ардагери. Үч уулу, эки кызы, ондогон неберелери бар.

Абамдын уул-кыздары:

Чоң уулу Зулпукар-шофер, кичиги Шабданбек – соодагер, кызы Көпайсин-дүкөнчү, уулу Мадаминбек -механик, кызы Гулчехра – колхозчу.

Абам тирүү кезинде  өзү окуган Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын тарых музейине эң көп тарыхый мааниге ээ болгон материалдарды өткөрүп берген. Алардын ичинде Европа мамлекеттеринин акчалары, грамоталар, күбөлүктөр, мөөр, жашыруун чатын таллондору жана башкалар бар эле.

Абам 1992- жылы дүйнөдөн кайтты.

1995- жылы 7-май күнү Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңиштин 50-жылдыгында апам Саламат, 3ууракан, Салмакан, жеңемдер жана Курманжан эжем «Юбилей медалы» менен сыйланышты.

ЫРЛАР

Мен ушул күлкү келээрлик ыр саптарын жазбай эле койсом да болмок, бирок 30 жылдан ашуун мени менен бирге жүрүп саргарып бараткан тарых барактарын, ошол убактагы окуялардын күбөсү болгон балалык менен коштошуу, жигиттик мезгилдин башталышы болгон мезгил учкунун таштаганга көзүм кыйбай жазып койдум. Бул иш менимче айып болбосо керек.

иринчи колум бармагым,

Ыр жазып сага арнадым.

Бир өзүңө жете албай,

Ырбады менин арманым.

 

Экинчи колум сөөмөйүм,

Ушундай беле өнөрүң.

Эреркеп чанып сен кеттиң,

Эрчтип кимди жөнөйүн?
Үчүнчү колум ортончум,

Опосуз менин чолпонум,

Сен кеткен соң башкага,

Шалдайды менин оң колум.

 

Төртүнчү колум аты жок,

Даректелген катың жок.

Болбосо керек дүйнөдө,

Чиркин жүрөк дарты жок,

 

Бешинчи колум чыпалак,

Ишенип жүрдүм чын санап,

Начарлап менин жүрөгүм,

Саргайып барам күн санап,

 

Андан кийин алакан,

Алладан сени тиледим.

Армандуу болдуң сен дагы,

Алыста жүрүп билелик.

 

Кол буруму чыканак,

Жол карадым күн санап.

Болбос эле эч арман,

Колуңду койсом ушалап.

 

Кол аштоосу акырек,

Көргөндө көзүм жалт этет.

Кайран сүйүү соолубас,

Сөөктө кетет акырет.

2. 02. 1961-ж.

 

ТӨКМӨ АКЫН БАРПЫНЫ ТУУРАП ЖАЗГАН ТЕРМЕ:

 

Ырдабасам болбоду,

Ышкың мени койбоду.

Жаңшабасам болбоду,

Жамалың мени койбоду.

Аввал баар көктөмдө,

Жер чымырап көпкөндө,

Сейдана деген ыр чыкты.

Сейдананын дартынан.

Далай эле чыр чыкты.

Ак дөбөөнү карайсың,

Адамың барбы Сейдана?

Көк дөбөнү карайсың,

Көрөрүң барбы Сейдана?

Сейдана кошкон ашыңан,

Серпип койгон кашыңан.

Калемпир кошкон ашыңан,

Калпып койгон кашыңан.

Чаңгеттин суусу кириптир,

Көпүрөдөн ашыптыр.

Сейдана сенин дартыңан,

Түшүп кеттим улууга.

Мурдараак ашык болбопмун,

Сейдана сендей сулууга.

Сулууну сулуу дейт экен,

Сулуусу менен курусун,

Суктантып жанды жейт экен.

Жакшыны жакшы дейт экен,

Жакшысы менен курусун,

Жаңшантып жанды жейт экен.

Ак кагаздан пул кылып,

Сапар күнүм бар бекен?

Алкымыңдан бир жыттап,

Көк кагазды пул кылып,

Крр күнүм бар бекен?

Көз астынан бир жыттап,

Калар күнүм бар бекен?

Тал-талдан чачың өрүлөт,

Тамагың айдай көрүнөт.

Ак тамактан бир өпсөм,

Алты айга дартым бөлүнөт.

Беш-бештен чачың өрүлөт,

Бетиң айдай көрүнөт.

Кызыл беттен бир өпсөм,

Беш айга дартым бөлүнөт.

Кара тай минип чаппадым,

Калкыман сендей таппадым.

Эгиз тай минип чаппадым,

Элимен сендей таппадым.

Кара козу телдейим,

Калкымда жоктур сендейим.

Сен дебейин сиз дейин,

Сизди кайдан издейин?

Кашыңан дедим мен сени,

Кар болгур дедиң сен мени.

Мен кар болгур сен таза,

Кар болгурда бар маза.

Койкоюп барып булактан,

Суу аласың Сейдана.

Колтугуңан кармасам,

Уяласың Сейдана.

Эңилип барып булактан,

Суу аласың Сейдана.

Эңкейиште кармасам,

Уяласың Сейдана.

Ашыкпай жүр Сейдана,

Ак билерик салаармын,

Армансыз кылып алаармын.

Кош билерик салаармын,

Колукту кылып алаармын.

Жез билерик салаармын,

Жетелеп жүрүп алаармын.

23. 04. 1960-ж

***

1990-жылдан баштап заман жана жашоонун ыгы, мазмуну чукул өзгөрдү, мына ушундан улам кээ бир сөздөрдү жана төмөнкү ыр саптарын жазып коюуну туура деп таптым.

1990-жылдан баштап, мамлекеттик тартип  башкаруу нугу, укук коргоо иштери бузулуп, адамдардан ыйман качып, эки жүздүү болуп калды. Кыянатчылык ого бетер күчөп, заман акыры болуп, адамдардын үрөйүн учурганга туш келип калдык. Бирок адамдар келечектен үмүт үзбөй, жашоо үчүн күрөшүн улантып, чын пейилден эмгектенип, бирок өтө кыйналып жашап жатат. Ушул жашоо жөнүндө бир эки ооз ыр жаздым айып көрбөгүлө.

 

Y M Y T

 

Тагдыр деген шум экенго калчаган,

Буйрукка баш ийди го канча адам.

Кыйындарды тебеледи мыкчылап,

Адилет, туура сөзү жакпаган.

 

Не бир туркүн акылмандар союлду,

Не бир туркүн билермандар көмүлдү.

Дүнүйөнү титиреткен бул тагдыр,

Беш жылда жексен болуп жоюлду.

 

Кайран эл айла таппай онтоду,

Түн караңгы, түнт токойдо токтоду.

Кара нандын каткандарын жалмалап,

Бул жашоодон үмүт үзбөйт окшоду.

28. 10. 1993-ж.

 

ЗАМАНА

Чарт жарылып, терс бурулуп замана,

Ошол кыйын өтүп жатат караса.

Жараткан өзү да каршы чыгып,

Татаал турмуш өктөмдөнөт эл журтка.

 

Жашоодо ой бар, мүдөө бар,

Бирок жетүү кыйын замана тар.

Ачарчылык, кандуу согуш, кымбатчылык,

Келишүүдө кезектешип катар-катар.

 

Жалдырабайм акчалууга, амалдууга жаш төгүп,

Жалбарбаймын кол куушуруп тизе бүгүп.

Же угуп, же карап койбойт алар мага,

Адам деп санабайт көңүл коюп.

 

Чайкоочунун чырагына май тамып

Алп урушат кара жанды чамынып.

Шылуундарга жол ачылып, кол келди,

Тойгончо жеп, өлөрүнчө карганып.

20. 10. 1993-ж.

 

АТА ЖУРТКА КЫЗМАТ ЭТ

Терең батып баратасың cap-санаага,

Убакыт жок, кылчайбадың тамашага.

Бул дүйнөнүн оош-кыйыш жолдорунан,

Баш айланып, көз тунарат алчылана.

 

Өмүрүмдө көптү көрдүм, көптү билдим,

Кара жанды карчылап өмүр сүрдүм.

Капырай, кандай шумдук болсо да,

Ак эмгексиз, адал жашоо болбойт, билгин.

 

Мен жашоого өкүнбөймүн өмүр өттү,

Балдарыма өмүр тилеп карайм көктү.

Кудайым ырыскы ыйман бере көрсүн,

Муундарга бир айталы накыл кепти.

 

Бул дүйнө уч кыры жок чексиз келет,

Турмуштун чыйыры көп, усулу көп керемет.

Тууган жер, эне сүтүң ыраазы болот,

Өмүр бою Ата журтка кызмат эт.

22. 11. 1993-ж.

АЙЛАНАЙЫН ЭНЕДЕН

 

Тогуз ай бою көтөргөн,

Толготуп мени төрөгөн.

Ак сүтүн берип эмизген,

Айланайын энеден.

 

Канаттууга кактырбай,

Тумшуктууга чоктурбай.

Өмүрүн толук арнаган,

Айланайын энеден.

 

Чонойтуп мени үйлөгөн,

Билим берип сүйрөгөн.

Кечиксем түнү уктабайт,

Айланайын энеден.

 

С У Л У У

 

Эмне сулуу? Ким сулуу?

Кыш чилдеде кар сулуу,

Ыргала бышкан дан сулуу,

Эл ырысы – нан сулуу.

 

Эмне сулуу? Ким сулуу?

Гүлдөп өскөн бак сулуу,

Булбул үндүү ыр сулуу,

Ышкындуу жайлоо, жаз сулуу.

 

Эмне сулуу? Ким сулуу?

нөрлүү кыргыз эл сулуу,

Алтын чыккан кен сулуу,

Аргымак минген эр сулуу.

 

Эмне сулуу? Ким сулуу?

Тунук аккан суу сулуу,

Шуру таккан кыз сулуу,

Кызыктуу өткөн түн сулуу.

 

Эмне сулуу? Ким сулуу?

Түнкү жылдыз, ай сулуу,

Сырдашып аткан таң сулуу,

Сен артылган нар сулуу.

 

Эмне сулуу? Ким сулуу?

Эл коргогон күч сулуу,

Береке жер, мол сулуу,

Күч атасы – шер сулуу,

 

Эмне сулуу? Ким сулуу?

Намыска бек жар улуу,

Ыр-күүгө толгон шаң сулуу,

Кымыз, боорсок, май сулуу.

25. 02. 1996ж

АЙЛАНАЙЫН ЖУБАЙЫМ

 

Балдарымдын энеси,

Жүрөгүмдүн жебеси,

Турмушумдун кемеси,

Айланайын жубайым.

 

Бир сүйүүнун падышасы,

Сансыз гүлдүн ханышасы.

Назик кыял мукам үн,

Айланайын жубайым.

 

Назданса сонун күлкүсү,

Сырдашым менин түнкүсү.

Өмүрүмдүн жылдызы,

Айланайын жубайым.

 

Колумдагы кызыл гүл,

Жүзүмдөгү кызыл нур.

Сагынсам менин кунарым,

Тарабайт сенсиз кумарым,

Айланайын жубайым.

07. 03. 1996-ж.

КИМ КӨРДҮ?

Кимди, кимди ким көрдү?

Куласыны кул көрдү.

Түндүксүз үйдү тул көрдү,

Чайкоочуну пул көрдү.

 

Кимди, кимди ким көрдү?

Чоң муштумду кул көрдү.

Аким, датка, бий, болуш,

Доорон көрбөгөн күң көрдү.

 

Кимди, кимди ким көрдү?

Күн көрбөгөн эрте өлдү.

Жарты турмуш, жарты нан,

Кедей, жетим бир көрдү.

КЕРЕГИ НЕ?

Жашоонун кереги не?

Жандашаарың болбосо.

Тамашанын кереги не?

Тартышаарың болбосо.

 

Түндүн кереги не?

Кадыр түнү болбосо,

Күндүн кереги не?

Ырааты болбосо.

 

Ийилүүнүн кереги не?

Ийменериң болбосо.

Жүрөктүн кереги не?

Сүйгөнүң сезип, билбесе.

 

Тамырдын кереги не?

Тамырлашың болбосо.

Кадырдын кереги не?

Кадырлашың болбосо.

 

Үмүттүн кереги не?

Үмүткөрүң болбосо.

Эриндин кереги не?

Өбүшөрүң болбосо.

 

Көпүрөнүн кереги не?

Карманаарың болбосо.

Чиренүүнүн кереги не?

Аркалаарың болбосо.

 

Аял заттын кереги не?

Аялдыгы болбосо.

Перзенттин кереги не?

Белге медер болбосо.

Залкарлыктын кереги не?

Заманаң оң болбосо.

03.06.95-ж.

 

 

 

 

11 thoughts on “Атамдын эскерүүлөрү

  1. RE:Атамдын эскер??л?р? | МЫКТЫБЕК АРСТАНБЕК НПП Валок опорные валки непрерывных широкополосных станов горячей прокатки матрицы производства комбикорма

  2. http://auto-skup24.com.pl/gdzie-zamowic-mape-scienna
    Purchasing a new or used car might be a hard process if you do not know what you will be carrying out. By educating yourself about vehicle purchasing before you head to the dealership, you can make things easier for yourself. The following advice can help your next buying journey be a little more pleasant.

    Usually deliver a mechanic coupled when looking for a brand new motor vehicle. Vehicle merchants are well known for offering lemons and you may not need to be their up coming sufferer. Provided you can not get yourself a auto mechanic to look at vehicles along with you, no less than make sure that you have him evaluate your final choice before you purchase it.

    Know your limitations. Before you start shopping for your next vehicle or pickup truck, decide what you can afford to pay out, and stay with it. Don’t forget about to feature desire for your computations. You can expect to pay out around 20 percent as an advance payment too, so be well prepared.

    Just before going to a car dealership, know what type of vehicle you want. Research most of you options before store shopping to help you decide what works for your financial budget and household requires. Do your research to determine simply how much you must be paying for a prospective auto.

    Before signing any deal spend some time to study each and every collection, such as the small print. When there is nearly anything shown that you simply do not understand, will not signal up until you purchase an respond to that you understand. Unsavory salesmen are able to use a contract to put in many charges which were not reviewed.

    In the event you keep the previous suggestions in mind when which you go buying a car, you will certainly be prone to get a good package. Investing in a car does not have to become headaches. Use the tips using this report and you will have the car you want in a excellent value.

  3. Отзывы о гадалке Стелла, Колдунья Стелла, Обряд на бизнес и удачу, Привязка чувств, Гадание на зеркальце, Нумеролог Стелла, Снятие депрессии, Возврат любимой, Отзывы о нумерологе Стелла, Предсказательница Стелла, Снятие депрессии

  4. From a missed call? Demand to skilled in whose company is this? Mi Dialer is the newest, fastest, SNEAKIEST disencumber accident phone tons lookup on the web. It works with apartment phones, landlines and email addresses. Measured non-published numbers! Specimen our copy retreat from apartment phone lookup explicitly voicemail into a cyclopean cavity include search!
    We show someone the door publicly not far-off information, sensual media and user-contributed talk to books to produce names and photos as a employ to unidentified or mistrustful phone numbers and email addresses. This is effects you would not in any lengths suit sensible of in a phone book — or .com directory websites based on phone books, hoary pages or yellow pages!
    At length, there’s a 100% totally emancipated Caller id lookup number lookup at no charge that UNUSUALLY is a free phone search. This is control superiors than Caller ID or cell phone trackers or contrary phone detective or consistent to Google a phone tons! Get a minimal of 10 free phone number lookups a day — no membership required!

  5. Ребята только что сделали вебсайт мне, находится по ссылке:
    этим
    Расскажите, пожалуйста, свои замечания. Сябки)

Leave a Reply to ОООВалок_Кирей Cancel reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *