Ыйман тууралу
«Ыйман келтиргендер жана жакшылыктарды жасагандар – бейиш тургундары, алар анда түбөлүк калышат» [Кураан, 2-сүрөө, «Бакара», 82]
- Аллах зыян кылганды кечирген, жамандык каалаганга жакшылык каалаган жана үзүлгөн тууганчылыкты улаган мусулмандын даражасын көтөрөт.
- Аллахты сүйгөн Анын жараткандарын да сүйөт.
- Аллахты тапкан эмнени жоготту? Аллахты жоготкон эмнени тапты?
- Бейиштин ачкысы –таухид, жеңиштин ачкычы-сабыр, намаздын ачкычы- даарат, молчулуктун ачкычы- чынчылдык, берекенин ачкычы – шүгүр, жооптун ачкычы-дуба, билимдин ачкычы- кунт коюу жана туура суроо берүү.
- Тилиңди Аллахты зикр кылуудан токтомоюнча, периштелер бейиште сенин сарайыңды куруудан токтобойт.
- Кедейликтин сулуулугу –сабырдуулук, байлыктын сулуулугу – шүгүрчүлүк.
- Исламдан жогору сыймык жок, такыбалыктан жогору жакшылык жок, тообадан жогору коргонуч жок, ийгиликтен кооз кийим жок.
- Күмөндөн акыйкат жоголбойт.
- Эгер сенин эсиң бекем болуп, эстегениң арман болсо-демек сен эң бактысыз адамсың.
Билим тууралу
«Аллах силерден ыймандууларды жана билим берилгендерди ар кандай даражаларга көтөрөт»
[Кураан, 58-сүрөө, «Кайым айтышуу», 11]
- Колуңдан келсе окумуштуу бол, келбесе –окуучу бол. Ал да келбесе –экөөн тең жакшы көр. Ал да болбосо-аларды жаман көрбө.
- Аз билгендин баасы да аз.
- Биринчи билим –унчукпоо, экинчиси –кунт, үчүнчүсү –жаттоо, төртүнчүсү- аткаруу жана бешинчиси-жайылтуу.
- Билбегениңди сүйлөбө, билгениң тууралуу кепке калбайсың.
- Адам билсе гана сулуу, бирок ал билгенин аткарбаса-эч качан билбейт.
- Даанышман өзүнөн көптү билгенден үйрөнгөндөй эле, азды билгенден деле үйрөнө алат.
- Билим –дарыя. Даанышмандык-деңиз. Окумуштуулар –деңиз жээгин жоортушат. Даанышмандар ал деңизге чүмкүп ойношот. Ал эми билгендер – куткаруучу кеме менен сүзүшөт.
- Азды билип, билгени менен элди агарткысы келген, көптү билип, билимин кызгангандан артыгыраак.
- Окумуштуу болуп төрөлбөйт жана билимди албай койуу-акмактык.
- Акыл-белек, билим-эмгек сиңирүү.
- Жакшылыктын ондон тогузу- унчукпоодо жана бирөө келесоолор менен талашпоодо.
- Таланттар бойго жетип төрөлбөйт.
- Душманыңдан үйрөнгүн.
Адеп тууралу
«… акыйкатта сен улуу адеп ээсисиң»
[Кураан, 68-сүрөө, «Калем сап», 4]
- Адептүүлүк –кедейликтин кооздугу, шүгүрчүлүк –сыноонун кооздугу, жупунулук –сүйүүнүн кооздугу, чечендик –сөздүн кооздугу, такыбалык- ибадаттын кооздугу, жөнөкөйлүк –илимдүүлүктүн кооздугу
- Көрө албастык – көрө албастын жүрөгүн өрттөп күл кылат
- Адилеттүүлүк –эзилгендин бейиши, эзгендин тозогу
- Эң чоң кемчилик- бирөөнүн кемчилигине кызыгуу
- Жокту издебе -барды жоготосуң
- Чындыктын бир, калптын миң жүзү бар
- Адепсиздин баркы жок
- Сырыңды шамалга айткан болсоң, анын теректерге жеткенине таарынба
- Адамдын асылдыгы- тилинин бекемдигинде
- Бирөөнү тыйып, өзү тыйылбаганга наалат
- Каталык уят эмес, катаны тан албоо уят
- Колу ачыктын кемчилиги – ысырапкорлук, билимдин кемчилиги-текеберлик, ойдун кемчилиги- кумар
- Өзүн күчтүү көрсөтүү текебердик эмес. Текебердик алсызга адилетсиздик кылуу
- Ким эки жүзү менен жашаса- ал жүзү жок өлөт
- Ким ачуусун баса алса гана – алдуу
- Алтын намысты кордогон жалтырак темир
- Тамашадан кач, ал күнөөгө түртүп, жек көрүндү кылат
- Тамаша урматтан четтетчү келесоолук
- Коркок этиятмын дейт. Сараң үнөмчүлмүн дейт
- Эң сонун жакшылык-балээге кабылганга жардам берүү
- Сенин имаратың башкалардан бийик болуусу үчүн: сен кошуна имараттардын баарын бузасың же алардан бийик кылып саласың
Тагдыр тууралу
«Ыймандуу эркек менен ыймандуу аялдын пайгамбар чечкенден башкага ыйтыяры жок»
[Кураан, 33-сүрөө, «Көпчүлүк», 36]
- Ар бир көз жаштан соң жылмайуу бар. Ар жылмайуудан соң көз жаш келет. Жашоодо да ушундай.
- Шамал кемеге жакпаган жактан согот
- Кабатырлык бейкапар тараптан келет
- Башкаларга кантсең, сага ошентишет
- Жамандыкты таштасаң, ал да сени таштайт
- Адам ыраазылыгы –кол жеткис
- Жакшылыкты жоготмоюнча баасын билбейсиң
- Эң жакшы иш –жакшылыкты таратуу, эң жаман иш жамандыкты тоспоо. Ал жамандыктан да жаман
- Кеме тарапка сүзгөндөр бар жана аны күтүп отура бергендер да бар
Кедейлик, байлык жана азга шүгүрчүлүк тууралу
«Эй, ыйман келтиргендер! Адилеттүүлүктө бекем тургула…кедей же бай болгонуна карабай – Аллах экөөнө тең жакын»
[Кураан, 4-сүрөө, «Аялдар», 135]
- Эң кедейлер- байлыгынан башка эч нерсеси жоктор
- Адамдын баасы-жеткенинде
- Эң сонун байлык- каниеттүүлүк, ал эми жакшы байлык- пайда апкелген мүлк
- Акча адамды татыктуу кыла албайт, бирок татыктуу адам акча кыла алат. Эгер кааласа
- Адам эч качан жашоого, байлыкка жана берекеге тойбойт
- Баарын каалаган – баарын жоготот
- Байлык жакшы кызматчы, жаман кожоюн
- Үмүтсүздөн өткөн кедей жок
- Жакшы байлык адал менен, жаман байлык күнөө менен табылат
- Сараң –мураскорлорунун кароолчусу
Эстүүлүк тууралу
«…кепке келип жакшыны ээрчигендер. Алар – Аллах жетелегендер жана алар акыл ээлери»
[Кураан, 39-сүрөө, «Тайпалар», 18]
- Кылым баасын аныктай алган гана акылдуу
- Акылдуунун тили жүрөгүнүн артында болсо, келсоонун жүрөгү акылынын артында болот
- Сени жерге ыргыткан атка караганда, көтөрүп жүргөн эшек жакшы
- Билбесең – сура, адашсаң – кайт, өкүнсөң – жасаба
- Ачуу – акыл отун өчүргөн шамал
- Досуңа эч ким жокто насыйкат кылсаң –оңдогонуң, эл көзүнчө айтсаң – кордогонуң
- Сураганга бергениң – сулуулугуң, бирок анын кажетин билип, суратпай бергениң андан да сулуулугуң
- Мактасаң уялып, тилдесең унчукпагандар- адамдардын асылы
- Акыл толгон сайын, сөз азая берет
- Сөздүн төрөсү – кыскасы жана нускасы
- Улуулук-унчукпоо
- Адамдын сөзү- акылынын өзү
- Акылсыз достон акылдуу душман абзел
- Тарбия көбөйгөн сайын баасы жогорулай берет
- Бир ташка эки жолу чалынуу уят
- Өзүң менен сүйлөшкөнү акыл, өзгө менен сүйлөшкөнү жүрөк жетиштүү
- Куралдуу акмакка ишенбе
Сонун сөздөр тууралу
«Жана Менин пенделериме жакшыны гана сүйлөөсүн айт; чындыгында шайтан араларына бүлгүн салат, чындыгында шайтан адамга – анык душман!» [Кураан, 17-сүрөө, «Түнкү саякат», 53]
- Жумшак сөз ачууну кайтарат».
- Насыйкат кыска сөз менен жакшы. Анткени узун сөз унутулат».
- Жакшылыкты онго бөлсө, анын тогузу унчукпоо, бирөө акмактардын чогулушунан кетип калуу
- Адамдын жакшылыгы –сакталган тили менен аныкталат
- Асыл сөздөр далилге муктаж эмес
- Сөздүн ширеси – маанисинде
- Жакшы сөз жүрөккө тилди тилбей жакшы из калтырат
- Акылдууга билгенин сүйлөй берүү жарашпайт. Бирок сүйлөп жатканын билүү зарыл
- Эң жакшы белек- суранычтан мурда берилгени
Достук тууралу
«Достор ал күнү бири-бирине душман, кудайдан корккондордон башкасы» [Кураан, 43-сүрөө, «Кооздуктар», 67]
- Кемтиксиз дос издеген – жалгыз өтөт
- Ар бир гүл соолуйт, ар тамчы агып бүтөт. Достук калат
- Досу жок, согушка куралсыз чыккан жоокердей
- Дос үчүн курмандык кылуу кыйын эмес. Бирок курмандыкка ылайык дос табуу кыйын
- Душмандын соккону денени гана жараласа, достун урганы жүрөктү канжалатат
- Сага бирөөнүн сырын ачканга ишенбе, ал сеникин да бирөөгө ачат
- Сени бирөө сатса – анын катасы. Бирок, ал сени эки жолу сатса бул сенин катаң
- Достордун эң начары сага керек учурда далысын салганы
- Жек көргөн жүрөктөн сүйүү издеген – эшек
Үмүт тууралу
«…Аллахтын сооротуусунда үмүтсүз болбоңуздар. Чындыгында Аллахтын сооротуусунда ыймансыздар гана үмүтсүз болушат» [Кураан, 12-сүрөө, «Юсуф», 87]
- Үмүт болсо баары болот
- Үмүтсүз адам –суусуз өсүмдүк сымал
- Илимсиз умтулуу –нурсуз жарыктай
- Үмүтсүз жашоо болбогондой эле жашоосуз үмүт болбойт
- Келечек өтмүш менен билинет
- Үмүтсүз жашоо караңгы, билимсиз үмүт сокур, аракетсиз пайда жок, Аллахка сүйүүсүз ар бир аракет жоготуу
- Экөө терезени карап турат: бирине жылдыздар, экинчисине ылай көрүнөт
- Кулаган уят эмес, турбай коюу уят
- Дарыялар тамчыдан башталат
Ийгилик тууралу
«Ооба, Аллахтын партиясы -бактылуулар» [Кураан, 58-сүрөө, «Кайым айтышуу», 22]
- Максатка умтулуу гана жеткирет
- Өзүнө ишенүү –ийгиликке чыйыр
- Ийгилик колду чөнтөккө салып көтөрүлчү шаты эмес
- Ийгиликтин мөмөсү – бакыт
- Жол менен баскан – жетет
- Максатка түз жол тез жеткирет
- Жашоодогу таштарга чалына бербей, аларды чогултуп ийгилик пайдубалын куюу керек
- Ийгилик –жакшылык менен келет
- Оор жол – туура жол
- Ийликке жетүү үчүн көктүктү – дос, тажрыйбаны –кеңешчи, этияттыкты – ага, үмүттү –кароолчу кылып алуу керек
- Ийгилик кокусунан болбойт
- Ийгиликке караганда аны каалоо кымбатка турат
- Ийгиликтин сөздүгүндө: эгер, бирок деген сөздөр жок экен
- Адамды ыраазы кылуу –ийгиликтен тайуу
- Ийгилик –даярдык менен учурдун жолугуушусу
- Ар бир ийгиликке качандыр мүмкүн эмес деген мөөр басылган
Жылмаюу тууралу
Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Бирадарыңа жылмайганың – садагаң» -деген.
[Тирмизий]
- Жылмайбаган жүз –дараксыз бактай
- Жылмайуу жүрөктүн эң күчтүүдарысы
- Жүздөгү жылмайуу –жүрөккө кубаныч
- Жылмайуу арзан, бирок мөмөсү кымбат
- Жүрөккө эң жакын жолдун аты –жылмайуу
- Жылмайуу – которууга муктаж болбогон жалгыз тил
- Жылмайуусуз адам – жыпарсыз гүл
- Көп күлгөн көп урматтан калат
Жан тууралу
«…ар бир жан жана аны орноткон, жана ага бузукулук менен коркунучту салган менен! Аны тазалаган киреше алды, аны булгаган –чыгашага кабылды»
[Кураан, 91-сүрөө, «Күн», 7-10]
- Эркиндигин убактылуу коопсуздукка алмашкан, эркиндигин да коопсуздугун да жоготот
- Атагын соодага койгон дайым чыгашада
- Сүйүүсүз жан күйгөн дарактай
- Ар бир жандын баасы өнүгүүсү менен өлчөнөт
- Бул жашоодо бактысыз жан Акыретте да бактысыз
- Жаныңды аныкта. Ал ким менен?
- Жандын баары бирдей. Анда эмнеге бири башкасына суктанат?
Ден-соолук тууралу
«…жана раббысына: «Мага балээ келди,а сен ырайымдуулардын Ырайымдуусусуң»-деп кайрылган Аййубту…» [Кураан, 21-сүрөө, «Пайгамбарлар», 83]
- Дарылоого кеткен миң сомдон алдын алууга сарпталган бир сом артык
- Адам жашоо, ден-соолук жана жыргалга тойбойт
Бакыт тууралу
«Бакытка жеткендер – бейиште түбөлүккө калгандар…» [Кураан, 11-сүрөө, «Худ», 1087]
- Бактылуу болом десең: жүрөгүңдү жек көрүүдөн, акылыңды кабатырлыктан тазала, көптү берип, азды күткөн жупуну жашоону танда жана аны сүйүү менен ырайымга толтур, башкаларга кам көр
- Коомдун бактысы үй-бүлөөнүн бактысынан турат. Үй-бүлөөнүн бактысы анын ээсинин бактысынан көз каранды
- Сараңдык менен бакыт чогуу отурбайт. Кантип таанышып калды дейм да
- Бакыттын баасын эл билет
- Жашоо гүлдөгөн бак же тикендүү талаа
- Адамдар ортосунда махабат кооздуктун төрөсү
Мен билдим…
- Кечээки кеткенин, эртеңки али жоктугун жана азыркы гана канимет экенин мен эми билдим
- Жасаганың менен эмес, жасай ала турганың менен бааланарың мен эми билдим
- Сырыңды билген досуң душманга айланган учур эң коркунучтуу экенин мен эми билдим
- Кылганына күйгөнгө караганда, кыла элегине күйпөлөктөгөн оордугун мен эми билдим
- Күтүлбөгөн арзыбас белек, күттүргөн баалу белектен артыгын мен эми билдим
- Аракет кылбаган адашпасын жана адашпаган үйрөнбөсүн мен эми билдим
- Жакшылык шүгүрдөн башталаарын мен эми билдим
- Жеңилүү жеңишти үйрөтөөрүн мен эми билдим
- Мугалимдер көп, устаздар аз болоорун мен эми билдим
- Эң кооз сезим бүт дүнүйө каршы турса да туура кадам таштоодо экенин мен эми билдим
- Адамдын эң күчтүү куралы анын сабыры жана убактысы экенин мен эми билдим
- Каерде турганың эмес, каякка бараарың маанилүү экенин мен эми билдим
- Ката жолдогу күлүк атка мингенден көрө, туура жолдогу кашаң эшекке миңген абзелдигин мен эми билдим
- Насыйкатты көбү эле угаарын, бирок азы эле пайдаланаарын мен эми билдим
- Адам асмандагы жылдызды самаганы туура, бирок буту жерделигин мен эми билдим
Комментарий кошуу